Мындан жетимиш жыл илгери 1-сентябрда дүйнөлүк экинчи согуш башталган. Румындардын мурдагы падышасы Михаил ушул датага байланыштуу "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берген.
Падыша Михаилдин көлөмдүү интервьюсунда кеп оролу негизинен дүйнөлүк экинчи согуш маалындагы Румыниядагы окуялар жайында болду.
1941-жылы нацисттерге кошулуп Румыниянын СССРге кол салганын Михай I бир жагынан ал кезде өлкө толугу менен Гитлердин көзөмөлүндө болгону, экинчи жактан нацисттердин төбөлү маршал Ион Антонеску кыска мөөнөт ичинде Бессарабия менен Түндүк Буковинаны советтерден кайта тартып алса болот деп ойлогону менен түшүндүрдү.
Румыния 1944-жылдын 23-августунда гана антигитлердик коалицияга кошулган. Бул окуяда падыша Михай I башкы ролду ойногон. Ошол күнү Бухарестте тутанган козголоңду пайдаланып, падыша өз сарайына маршал Антонескуну чакыртып,аны каматкан. Кечке жуук радио аркылуу калкка кайрылып, жаңы өкмөт түзүлгөнүн жарыялаган.
Муну уккан Гитлер жаалданып, "чыккынчы падышаны камакка алып,козголоңду басканга" буйрук берген. Нацисттер менен урушта августтан октябрга чейин эле 60 миңдей румын набыт болгон.
Бухаресттеги козголоң румын фронтундагы стратегиялык кырдаалды түп орду менен өзгөртүп, совет армиясына Балканга,андан ары Борбордук Европага киргенге жол ачкан.
Ушул окуялардагы активдүү ролу үчүн падыша Михай I Советтер Союзундагы эң сейрек сыйлыкка - "Победа" орденине арзыган. Бирок ошол эле советтер орноткон коммунисттик режимдин талабы боюнча 1947-жылы падышалык тактан баш тартып,эмиграцияга кеткен. Ошондон тартып өмүрүн Швейцарияда өткөрүп келатат.
Падыша Михай 1938-жылы атасы менен Лондонго барганын,румын падышасы ошо кездеги британ өкмөтүнөн колдоо турсун түшүнүү таппай койгонун эскерет. Анын ырастоосуна караганда, Франция менен Британия Европанын чыгыштагы бөлүгүнө а кезде дегеле кызыккан эмес.
"Батыштагы өлкөлөрдүн көбү Европанын биз жактагы бөлүгүндө болгон иштерди жакшы биле беришпейт, - деп айтты ал. – Кокус биз өз алдынчалыгыбызды жоготуп алсак эмне болот эле деген маселе аларды анчейин деле түйшөлтө бербейт".
1948-жылы Михай АКШда президент Гарри Трумэн, британ премьери Уинстон Черчилль менен жолугушкан. "Черчилль өтө сылык киши эле,бирок ал мага биздин өлкө тууралуу жакшы билбей тургандай таасир калтырды",-деп эскерет Михай I.
Румындар үчүн Советтер Союзунун азары да өлчөөсүз болгонун белгилеп, падыша Михаил Россия ушу кезге чейин Молотов-Риббентроп пактысын айыптай электигин эске салды.
"Бу маселеде Россиянын кыйла ачык жана чынчыл болушун, бул келишим тууралуу бир жаңсыл пикирин айтышын каалайт элем. Мындай кадам туура чечим болмок",-дейт Михай I.
Молотов-Риббентроп пактысынын бир салакасы деп румындар азыркы Молдованы эсептешет. Бул өлкөнүн келечегине,атап айтканда, Европага кошулуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроого жооп кайтарып, падыша Михай маселени өтө татаал деп сыпаттады.
"Бу маселеде румындар көп нерсе жасай алышпайт. Болгону алар менен жакшы мамиледе болуу керек. Мунун баарын бессарабдыктар өздөрү гана чечиши керек. Биз азырынча кийлигише албайбыз".-дейт падыша Михаил.
Ошентсе да Михай I Бессарабия келечекте Европага кошуларына ишенет. "Анткени ал Европанын бир бөлүгү жана ошо бойдон калат",- дейт падыша Михаил.