23-июлда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу орусиялык адис, тарых илимдеринин доктору Артем Улунян “Азаттык” менен ой бөлүштү.
“Азаттык”: Айрым серепчилер бул жолку президенттик шайлоо эч кандай кармашсыз өткөнүн, себеби коомчулук саясаттан тажап, бардыгына макул болгондой маанайда экенин айтышууда. Ошол эле учурда Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу саясий система өтө деле жабык эмес деген да пикирлер айтылууда. Сиз мындай ой-толгоолор менен макул боло аласызбы?
Артем Улунян: Кыргызстанда азыр болуп жаткан окуялар – биз көптөн бери күбө болгон КМШдагы өзгөрүүлөрдүн уландысы. Тагыраак айтканда булар - партиялык саясый түзүлүштү калыпка салууда коом менен бийлик алакасындагы маселелер, эң башкысы - туугандарына таянып авторитардык, же тоталитардык үлгүнү бул же тигил түзүлүш чегинде орнотуу.
“Азаттык”: Адистердин айрымдары Курманбек Бакиев АКШдан база үчүн акчаны көбөйтүп, Орусиядан да насыя алганы үчүн өзүнө саясий упай топтой алганын белгилешет. Сиздин оюңузча, булар шайлоого таасирин тийгиздиби?
Артем Улунян: Менимче, Бакиевдин “Кошмо Штаттары жана НАТО менен да, ошондой эле Орусия менен да кызматташууга даярмын” деген сөзүн шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү катары кароо туура эмес.
“Азаттык”: Бул жолу шайлоонун жүрүшүнө 40 өлкөдөн 280 байкоочу катышты. 12-июнда Иранда өткөн шайлоо менен 23-июлда Кыргызстанда болгон шайлоонун ортосунда кандай айырма бар?
Артем Улунян: Көпчүлүк учурда шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо - кандайдыр бир саясый өзгөрүүгө алып келет. Кыргызстанда андай жагдай өнүккөнү эч ким үчүн жашыруун сыр эмес. Мен бул же тиги жагдайда Кыргызстанда да Ирандагыдай кырдаал түзүлүп, шайлоо жыйынтыгы таанылбай калат деп ойлобойм.
Албетте бардыгы болуп кетиши мүмкүн. Ошого карабай, менимче, кыргыз бийлиги шайлоо таза өткөнүн далилдөө үчүн, адегенде Батыш коомчулугуна демократиялык стандарттар сакталганын көрсөтүү үчүн байкоочулардын шайлоого көз салуусуна кызыкдар.
Кыргызстанда азыркы шартта кайрадан “жоогазын ыңкылабы” болбойт. Бул мүмкүн эмес. Өткөн жылдары Кулов-Бакиев тандеми түзүлгөндө президент бийлигин бекемдеп алганы жашыруу эмес.
Кыргызстанда бийликтин авторитардык системасы орношу мүмкүн эмес. Кыргызстанда орносо да ал иштей албайт. КМШда пайда болгон режимдерге окшошпойт.