Украинадагы шайлоо ургаалы

Талапкерлердин бакыйган сүрөттөрү бардык жерлерге илине баштады.

Алдыдагы жылдын биринчи айында Украинада президенттик шайлоо болот. Мамлекет башчысы болгонго он сегиз киши өз дамасын билдирди. Бирок шайлоочулардын көбү алардын арасынан татыктуу деп тандап алгыдай талапкер жок дешет.
Президент болгусу келгендер тизмесине баягы эле "баялынын балдары" киришти. Атап айтканда, азыркы премьер-министр Юлия Тимошенко, региондор партиясынын лидери Виктор Янукович,бийликтеги президент Виктор Ющенко, социалисттер менен коммунисттердин лидерлери, аты белгилүү жана белгисиз дагы бир топ саясатчы бар.

Research & Branding Group өткөргөн жакындагы иликтөө мамлекет башчысынын мандатына Янукович менен Тимошенко үмүт кыла аларын көрсөттү. Региончулардын лидерин колдогондор шайлоочулар арасында ушу тапта 30 проценттен ашат, ал эми өкмөт башчысына добуш бергиси келгендер 19 процентке жетет. Калган талапкерлердин жактоочулары беш проценттен төмөн. Ющенко үчүн добуш бергиси келгендер, мисалы, 3 проценттен араң ашат.

Бирок калктын оомалыгын жакшы билген байкоочулар алдыдагы эки айга чукул аралыкта шайлоочулардын маанайы бир топ өзгөрөт деп ырасташат. Талапкерлердин программасын үңүлө түшүп окуп, жакшы-жаманын ажыратканга элдин азгантай гана бөлүгү жарабаса,көбү адатта сырткы таасирге карап тон бычышат. Ошол себептен жогорку бу кызматка үмүт арткандар дароо эле бар күчүн үгүт көрнөктөрүнө үрөп киришти.

Шаардагы имараттар, коомдук жайлар, көчөлөр, жол бойлору кызыл-тазыл ураан-чакырыктарга, жарыя-жарнактарга шыкалып калды. Бардык жерде талапкерлердин бакыйта тартылган сүрөттөрү илинди. Партиялар өз талапкерлерин шайлоочуларга алда канча сүйкүмдүү, ажарлуу жана ырайлуу кылып көрсөтүү үчүн биринен бири өтүп, атаандашып жатышат.

Бирок алардын "чырайын чылап ичмек белек" деген маанай да жогору. Саясий анализдер борборунун директору Владимир Фесенко калк арасындагы ушул кыяпты баяндап, ырасмий ураандар менен учкул чакырыктар бир кеп да, тигил же бул талапкер тууралуу эл кандай ойдо – бу башка кеп деп эскертти. "Алардын ортосунда чоң айрыма бар, алар дайыма эле төп келе бербейт. Адатта талапкер өзүн көркөмдөлгөн сүрөт аркылуу көрсөткүсү келет, ал эми анын элдин аң-сезиминде тартылып калган бешене-бейнеси андан таптакыр башка болот",-дейт Фесенко.

Соңку кездери көчөдөгү үгүт көрнөктөрүн акырындап телеканалдардагы кыскача ташбыйкат тасмалар алмаштыра баштады. Өкмөт башчынын үгүт тасмалары,мисалы, "Баары ага бут тосууда, бирок ал иштеп жатат", "Тимошенко утат, Тимошенко - Украина" деген түшүндүрмөлөр менен коштолууда. Анын айрым атаандаштары муну дароо "Мен жеңсем, Тимошенко иштебей калат", "Мен утсам, Тимошенко акыры эс алат" деген бурма үгүткө айлантып салышты.

Айрым талапкерлер болсо саясий технологиянын күчүнө бөркүндөй ишенип, Россиядан атайын "технологдорду" жалдап алышты. Шайлоочулар комитетинин директору Александр Черненко "саясий технологиялар" Украинада алдыңкы планга чыкканын айтып, алар идеяларды, программаларды, стратегияларды туюнтуу каражаты боло аларын белгиледи. Бирок Черненко саясий технологияларга ашкере көз каранды болуп алган саясатчынын ооматы өйдөлөп кеткенин азырынча көрө электигин да моюнга алды.

Украинада шайлоо келерки жылдын 17-январына белгиленген.