Орус президенти «Кремний өрөөнүн» курат

Президенттер Б.Обама жана Д.Медведев

20-июнда Орусия президенти Д.Медведев АКШга келди. Сапардын максаты Орусиянын экономикалык өнүгүүсүн көтөрүү, эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Орусиянын өлкө жетекчиси Калифорния штатынын Силикон өрөөнүндөгү АКШнын жогорку технологиялар боюнча эң алдыңкы компанияларын көрүп чыгат. Д.Медведевдин үч күндүк иш сапары 24-июнда Ак үйдө америкалык кесиптеши Барак Обама менен жолугушкандан кийин аяктайт.

Орусия президенти Дмитрий Медведевдин АКШга болгон сапарынын негизги көздөгөнү 21-кылымдагы жогорку технологиялар жаатында сап алдында турган америкалык ишкерлерди Орусияга кызыктырып, инвесторлорду тартуу экендиги маалымдалды. Орус президенти өз сапарын Калифорния штатындагы Кремний (АКШдагы дагы бир аталышы Силикон) өрөөнүндө - глобалдык жогорку технологиялар боюнча компаниялар менен таанышуудан баштайт.

Күнөстүү Калифорния аймагында Д.Медведев компьютердик өндүрүштүн алдыңкыларынын бири «Сиско Системс» (Cisco Systems, Inc) ишканасынын өкүлдөрү менен жолугат. Аталган ишкана акыркы кезде Орусияга каражат салууну кескин күчөтүп жатканы белгилүү. Ошондой эле президент Д.Медведев дүйнөлүк атагы чыккан "Google" жана "Майкрософт" компанияларынын өкүлдөрү менен кезигип, баарлашат. Орусия жетекчилиги Москванын сыртындагы Сколково шаарчасында орусиялык «Кремний өрөөнүнүн» куруу долбоорун пландаштырууда.

«Интел» ишканасынын өкүлү Грейг Бареттин айтымында, президент Медведевдин Калифорниядагы өз көзү менен көргөндөрү отун-энергетика ресурстарына байланган Орусиянын экономикасын башка тармактар менен кандайча айкалыштырууга жана өнүктүрүүгө боло тургандыгына ынандырат деген пикирин айтат.

Өткөн жумада Санкт Петербург шаарында болгон экономикалык форумда президент Медеведев Орусия чет элдик инвестицияга эшигин кенен ачаарын жарыялаган:

«Инвесторлор үчүн жагымдуу шартты түзүү азыркы учурдагы эң маанилүү тапшырма. Биз мурда бул багытта бир топ кадамдарды жасаганбыз, бирок андан көп майнап чыгара алган эмеспиз. Бирок бүгүн бул максатта болгон аракеттерди көрөбүз», деген орус президенти мамлекет ээлик кылган ишканаларды жана чет элдик инвесторлорду кызыктырбаган коммпанияларды кыскартууга, полициядагы коррпуцияны жоюу тууралуу планын жарыялаган.

Д.Медведев Калифорниядагы Стэнфорд университетинде сөз сүйлөп, штаттын губернатору Арнольд Шварценеггер менен жолугушат. Орус президенти Вашингтонго кайтып келээрден мурун учак чыгарган «Боинг» компаниясы менен үч миллиард долларлык келишимге кол коюшу күтүлүүдө.

Антсе да Д.Медведев америкалык инвесторлор Орусиянын бизнес чөйрөсүнө дагы деле болсо ишеним артпай турганын байкашы толук мүмкүн. «Глобалдык иш билгиликтин» баяндамасында Орусия 137-орундан 63-орунга түшүп калган. Ал эми «Трансперенси интернэшнл» уюмунун көрсөткүчүндө Орусия коррупция жогору делген өлкөлөрдүн катарына илинген.

Карнеги уюмунун Орусия жана Евразия программасынын аткаруучу директору Мэтью Рожански Орусия америкалык инвесторлорду тартуудан мурун өз саясатын өзгөртүүсү керектигин баса белгилейт:

- Орусияны модернизациялоо зарылдыгы тууралуу Медведевдин жазган макаларын көрүп, сүйлөгөн сөздөрүн угуп жатасыздар. Бирок Москванын четиндеги Сколково шаарчасында Силикон өрөөнүн куруу тууралуу бир-эки ачык идеясынан башка, чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чыныгы саясий кадамдар көрүнбөйт. Мындай иштерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык болгон саясий жана экономикалык капиталды жумшоо керек. Бирок чын эле Орусиянын экономикасын же экономиканы жөндөп турган өлкөнүн саясий системасын түп-тамырынан бери реформалоого болгон аракеттер жетишсиз.

Кандай болсо да Д.Медведев Вашингтондо АКШ президенти тарабынан өтө жылуу маанайда кабыл алынышы күтүлүүдө. Эки өлкө ортосундагы алакалар Барак Обама мамлекет башына келгенден бери оң жагына өзгөрүп, ал тургай «кайра жанданууга» старт берилгени белгилүү.