АКШ: Эски дипломат жаңы командада

АКШ -- Тажрыйбалуу дипломат Денис Росс мамлекеттик катчынын жардамчысы болуп дайындалды.

Америкалык тажрыйбалуу дипломат Денис Росс мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун жардамчылыгына дайындалды. Росс Билл Клинтон менен Жорж Буштун администрациясында Жакынкы Чыгыштагы арачылык иштерге катышкан.
Денис Росско мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонго негизинен АКШнын Перси булуңу менен түштүк-батыш Азиядагы саясаты боюнча жардамдашып, ага кеп-кеңеш берүү милдети жүктөлдү.

Вашингтон ушу тушта аталган эки аймакта эки урушка катышып, террорчулуктун жайылуу коркунучу дал ушул региондо өзгөчө күчтүү деп эсептейт.

Мурдагы эки администрациянын тушунда Росс АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири болгон. Мамлекеттик департаментте жаңы кызматта Росс дипломатиялык ушул бай тажрыйбасын пайдалана алат деп ишенишет.

Президент Барак Обама Жакынкы Чыгышка –Жорж Митчеллди, Ооганстанга - Ричард Холбрукту атайын өкүл кылып дайындаган. Росс жалпысынан дипломаттардын ушул командасында иштемекчи.

Айрым байкоочулар жаңы кеңешчиге эң кыйын-кычыктуу маселе - иран проблемасы жүктөлөрүн болжол кылышат. Шаржадагы Америка университетинин профессору Нил Патрик таанымал жана абройлуу дипломаттын регион боюнча кеңешчиликке дайындалганы АКШ менен Ирандын али ишке аша элек кызматташтыгынан сабыркай баштаган Израилдин камсаначылыгын кандайдыр бир деңгээлде басат болуу керек деп эсептейт.

IRNA маалымат агенттиги бул кабарды комментариялап, Денис Россту “сионисттик режимдин айныбас тарапкери” катары сыпаттады. Тегерандык аналитик Хасан Фатхи IRNAнын бул мүнөздөмөсүнөн Ирандын ырасмий мамилесин байкады. Эң башкысы – АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келет. Бул озуйпа Росспу, башкабы, айтор ким бирөөгө жүктөлүшү керек. Тилекке каршы, Иранда адегенде эле ар кандай арачыга “сионист” деп жарлык иле салганды жакшы көрүшөт.

Тегерандын ырасмий өкүлдөрү Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө алиге чейин бир беткей ыкыласын билдирише элек. Жогорку лидер аятолла Али Хаманеи бул маселеде дегеле үн каткан жок.

Фатхи бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан Росс Иранды сүйлөшүү процессине тарта аларына күмөнсүнөт. “Эмнеге дегенде Иранда буга азырынча ыкылас жок сыяктанат”,-дейт ал.