Ооганстандагы контингенттин колбашчысы алмашты

Генерал Стэнли Маккристал Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн колбашчылыгынан бошотулду.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы эл аралык контингенттин колбашчысы генерал Стэнли Маккристалды кызматтан бошотту. Анын ордуна АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Дэвид Петреус дайындалды.
Ооганстандагы эл аралык контингенттин кол башчысын алмаштырганга Rolling Stone журналында жарыяланган макала себеп болду. Анда генерал Стэнли Маккристал өзү жана анын штабындагылар Ак үйдөгү ырасмий адамдардын, алардын ичинде вице-президент Жозеф Байдендин, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жеймс Жонстун, АКШнын Ооганстандагы элчиси Карл Эйкенберринин жана башкалардын атына бир катар мазак сөздөрдү айтышкан. Айрымдарын "клоун", экинчилерин "жараланган жырткыч" деп аташкан.

Муну укканда президент Обама абдан ачууланып, генерал Маккристалды түшүндүрмө берүү үчүн Ооганстандан токтоосуз Ак үйгө чакырткан эле. Шаршемби күнү генералды кабыл алып, жарым сааттай сүйлөштү. Андан көп өтпөй өзүнүн чечимин жарыялады.

"Генерал Стэнли Маккристалдын Ооганстандагы коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөрдүн командачылык кызматынан бошонум сураган арызын кабыл алдым,- деп айтты Обама. – Мен муну өтө чоң өкүнүч, ошол эле учурда бул чечим биздин Ооганстандагы озуйпабызды аткаруу, биздин аскерлер,биздин өлкө үчүн туура болоруна ишенүү менен жасадым".

Журналдагы макалада айтылган позицияны Обама "аскербашчынын жүрүм-турум стандарттарына төп келбес" жосун катары баалады жана андай "позиция куралдуу күчтөрдүн ишине жарандык контрол принцибин бүлүнтө" турганын белгиледи. Сөз болгон принцип АКШдагы демократиялык системанын толтосун түзөрүн эске салып, анын бузулушу Ооганстанда белгиленген максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон ишенимди бүлүнтөрүн да көрсөттү.

Обама "өз командасындагы талкуу-таңаштарга каршы эместигин", бирок "ойкелдиликке жол койбой турганын" эскертти.

Обама генерал Маккристалдын ордуна куралдуу күчтөрдүн Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Дэвид Петреусту дайындады. "Командачылык өзгөрдү, бирок стратегия өзгөргөн жок. Петреустун дайындалышы болгону кадр чөйрөсүндөгү гана маселе", - деп ишендирди Обама америкалыктар менен АКШнын союздаштарын.

Петреус учурунда Ирактагы эл аралык коалициянын күчтөрүнө командачылык кылган. Ал ошондой эле АКШнын Ооганстандагы стратегиясын түптөгөн архитекторордун бири, эң белгилүү аскер башчы.

Обаманын чечимин көпчүлүк басылмалар "кыйын, бирок туура кадам" катары баалашты. Айрым баяндамачылар Маккристалдын кызматтан алынганынан бийликтин жогорку катмарындагылардын ич ара мамилелериндеги кризисти эмес, Ооганстанда согуш жүргүзүү стратегиясындагы кризисти көрүштү. Маккристал Вашингтондон америкалык контингентти кескин көбөйтүүнү талап кылган эле, бирок ал азырынча ийгиликке алып келген жок.

Ошентсе да генералды бир катар сенаторлор менен конгрессмендер, эксперттер жамааты дурус апазда сыпатташты.

"НАТОго кылган кызматы жана эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы озуйпасын аткаруу маалында жумшаган чоң күч-аракети үчүн генерал Маккристалга ыраазылык билдирем", - деп айтты алянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен.

Баш катчы да НАТОлук контингенттин колбашчысы алмашканы менен анын башкы озуйпасы өзгөргөн жок деп ырастады.