Генералдар Барак Обамага жардамга келишти

Президент Барак Обама АКШнын мыйзамдары негизинде өлкөнүн коопсуздугу жана жарандардын эркиндигин коргоо мүмкүн деп санайт. Ал эми Гуантанамо түрмөсү, террорчу деп шектелген туткундарды кыйноо, тескерисинче, коопсуздукка коркунуч жаратат.

Барак Обама АКШнын коопсуздугун кандай гана катаал кырдаалда болбосун Конституциялык баалуулуктардын негизинде гана камсыздоо мүмкүн деп санайт. Президент Обама жума күнү АКШнын деңиз аскер академиясынын бүтүрүүчүлөрү алдында сүйлөп, “Күнкорсуздуктун декларациясы” жана АКШнын Конституциясы “биздин эркиндиктин жана коопсуздугубуздун негизин түзөт” деди:

Президент Обама Конгресстин эки палатасы Гуантанамодогу түрмөнү жабууга акча берүүгө каршы чыкса да, өз планын ишке ашырарын 21-майда кайра кайталады.

- Америкалыктар биздин баалуулуктарды карманбаганда, алар мыйзам эрежелерин бузганга катар союздаштарыбызды бизден качырышат. Бул душмандарыбызды кубаттандырып, өлкөбүздүн коопсуздугуна жана аскерлерибиздин өмүрүнө коркунуч жаратат. Ошон үчүн, биз америкалыктар коопсуздугубуз жана идеалдарыбыз ортосундагы натуура тандалган чарлардан баш тартабыз. Биз коопсуздугубузду жана идеалдарыбызды коргой алабыз, коргоого тийишпиз жана коргойбуз.

Бул Барак Обаманын мурдакы вице-президент Дик Чейнинин айыптоосуна берген жообу болду. Бейшемби күнү Дик Чейни Обаманын администрациясын президент Буш доорунда өлкө коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлгөн чараларды, анын ичинде террорчу деп шектелген адамдарды ырайымсыз ыкмалар менен суракка алууну токтотту деп сындаган. Гуантанамо туткундарын АКШдагы түрмөлөргө которуу планына Конгресстин кээ бир мүчөлөрү, анын ичинде көпчүлүк демократтар тынчсыздануусун билдиришкен. Бирок АКШлык таасирлүү аскер башчылар Обаманын демилгесин колдоп чыгышты. Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы АКШлык күчтөрдүн командачысы Дэвид Петреус жекшемби күнү “Азаттык” радиосуна берген интервьюда түрмөнү жаап, туткундарды кыйноонун катаал ыкмаларынан баш тартуу Ирактагы жана Ооганстандагы аскерлерге милдеттерин ийгиликтүү аткарууга көмөктөшөт деп билдирди:

- Менимче, аны (Гуантанамону) тийиштүү чара көрүп жапсак, бул чара - Кошмо Штаттар тутукндарга мамиле кылуу боюнча Женева конвенциясын аткарууга милдеттенгендей эле - дүйнөгө маанилүү сигнал болот.

Жекшемби күнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Майк Мюллин да АВС телеканалына Гуантанамо түрмөсүн жабууну колдоорун билдирип, аскерий жетекчилик абак жайды президент Обама айткан мөөнөттө жабуу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат деди. Мюллин туткундардын арасында “айрым өтө осол адамдар бар” экенин да белгилей кетти.