АКШнын аброю жогорулап баратат

Президент Барак Обаманын рейтинги АКШнын өзүндө биртке төмөндөп кетти, бирок ал дүйнөдө дале эң популярдуу бойдон калды.

Мусулман өлкөлөрүндө Вашингтондун тышкы саясатына кооптонгон жана айыптаган маанайга карабастан дүйнөдө АКШнын бедели баштагдай эле жогору бойдон калды, атүгүл өйдөлөй баштады. Муну жакында глобалдык алакаларды иликтеген ("Global Attitudes Project") уюмдун иликтөөсү көрсөттү.
"Глобалдык мамилелер долбоору" ошол эле АКШда жайгашкан Pew Research Center менен биргеликте 22 өлкөдө 25 миңден ашуун кишинин пикирин сурамжылап, анын жыйынтыктарын жалпылап жарыялады. Pew Center президенти Эндрю Когут Вашингтондо изилдөөнүн натыйжалары менен журналисттерди тааныштырды.

Когут ырастагандай, өткөн жылы мусулман коомчулугу арасында президент Барак Обамага сын айткан жана АКШга каршыга караган маанай Түркия менен Пакистанда жалпысынан уланып жатканы байкалды. Бул эки өлкөдө калктын 17 проценттейи гана АКШга позитивдүү позициядан карайт. Египетте да ушундай көрсөткүч аныкталды.

Изилдөө өткөрүлгөн мусулман өлкөлөрүнүн ичинен Индонезияда гана Обамага ылым санагандар саны кыйла жогору. Обаманы Германияда сурамжыга катышкандардын – 90, Нигерияда – 84, Японияда – 76 процентти колдошкон.

Ошол эле учурда АКШнын Ооганстандагы, Ирактагы саясатын мусулман дүйнөсүндө тургай башка өлкөлөрдө да көпчүлүк кубаттабайт жана америкалыктар бул эки өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетиши керек деп эсептешет.

Когуттун айтымында, президент Обаманын рейтинги АКШнын өзүндө бир топ төмөндөп кеткенине карабастан дүйнөнүн көп аймактарында ал өтө популярдуу бойдон калууда. Экс- президент Буштун тушундагыга салыштырганда Обаманы оң баалагандар улам арбып баратат.

Мындай маанай Россияда да байкалды, бул жерде калктын 57 проценти АКШга жылуу медилин салып карай баштады. Орус коомундагы он кишинин жетиси АКШнын терроризмге каршы күрөштөгү аракеттерин колдогон. Орустардын 70 процентке жакыны Иранга каршы экономикалык катаң чаралардын көрүлүшү керектигин да жакташкан.

"Дээрлик ар бир өлкөдө, анын ичинде мусулман өлкөлөрүндө да калктын көпчүлүгү Ирандын атом куралына ээ болушуна каршы экенин айтышты", - деп билдирди Когут. Болгону Пакистанда сурамжыга катышкандардын - 58, Ливанда – 91 проценти ирандыктар ушундай курал жасаса болот деп айтышкан.

Изилдөөдө дүйнөлүк коомчулук арасында АКШ эмес, Кытай экономикалык жактан кубаттуу өлкө катары санала баштаганы айкындалды. Мындан тышкары сурамжылоо өткөрүлгөн Евросоюздун бардык беш өлкөсүндө орус президенти Дмитрий Медведевге да ишеним жогорулап баратканы байкалды. Германияда аны калктын теңинен көбү чечкиндүү колдошкон, алардын саны Полшада эки эсеге өскөн.

Изилдөө учурунда Нигерияда калктын тең жарымы "Ал-Каидага" жакшы ыкыласын билдиришкен, бирок жалпы мусулман дүйнөсүндө терроризмди жактагандардын саны өтө эле чектелүү болуп чыккан.