АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн алакалары жана Израиль-Палестина жаңжалы

Палестиналык аял Израилдин тосмолоруна каршы демонстрация учурунда, Иордан дарыясынын батыш жээги, 29-май, 2009-жыл

АКШ президенти 4-июнда Каирде мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасаган кезде көптөрү Барак Обаманын Израиль-Палестина жаңжалын жөнгө салуу боюнча ойлору менен бөлүшөт деп күтүшөөрү калетсиз. АКШ менен мусулман дүйнөсү ортосундагы мамилелерде Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынын ролу канчалык?
Перулук мурдагы дипломат, Улуттар уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча бир кездеги координатору Алваро де Сото Израиль-Палестина чатагынын жөндөлүшү Вашингтондун мусулман өлкөлөрү менен мамилесин оңдоо үчүн өтө маанилүү деген ойдо.

- Дүйнөнүн чар тарабындагы мусулмандарда Израиль менен Палестина ортосундагы жаңжалга келгенде, Батыш көп нерселерди түшүнбөйт жана күч колдонуу менен арабдарга каршы бир жактуу саясат жүргүзүүдө деген ой үстөмдүк кылат.

Мындай талаштуу маселеде, албетте, пикирлер да абдан айырмаланат. Америкадагы Араб институтунун директору, саясат изилдөөчү Жэймс Зогби палестин маселеси маанилүү болгону менен, АКШ менен Ислам дүйнөсү ортосундагы оңой эмес мамиледе бир эле проблеманы негизги катары бөлүп көргөзүү туура эмес деген көз карашта:

- Христиандар дүйнөсү сыңары эле, мусулман дүйнөсү жөнүндө кеп кылуу кыйын. Мусулман дүйнөсүнүн айрым жерлеринде орток тил, орток дин өкүм сүргөнү менен, ар башка аймакта жашаган 1 миллиарддай мусулманды түрдүү, бири-биринен айырмаланган проблемалар түйшөлтөт. Демек, жалгыз бир маселе, алалы араб, пакистандык же бангладештик, индонезиялык мусулман үчүн эң башкы деп айтууга болбойт.

Дүйнөдөгү ар бир алтынчы мусулман – араб. Индонезиядан Мароккого чейинки мейкиндикте орун алган 50дөн ашуун мамлекетте мусулман калкы үстөмдүк кылат. Алардын саясий системасынан баштап, маданияты, тилдери айырмаланат.

Зогби Обаманын Египет баш калаасындагы сөзү союздаш араб өлкөлөрүндөгү калктын колдоосуна ээ болуу аракеттерине салым кошо алат, бирок Чеченстан, Борбор Азия же Филиппенде жашаган адамдарды камтама кылган проблемаларды чечүүгө анча жардам бербейт деген пикирде.

Ошол эле маалда Катардагы Brookings институту 6 мусулман өлкөсүндө жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны көпчүлүк үчүн негизги маселелердин бирин түзөт:

- Израиль-Палестина жаңжалын арабдардын 38 проценти аларды түйшөлткөн жападан жалгыз негизги маселе катары сыпатташууда. 76 проценти аны өз өлкөлөрүндөгү билим берүү, саламаттыкты сактоо же салык саясаты менен кошо маанилүү 3 проблеманын катарына киргизген, - дейт институттун директору жана АКШ менен Ислам дүйнөсүнүн алакалары боюнча эксперт Хади Амр.

Бир катар талдоочулар болсо кээ бир араб мамлекеттеринин бийликтери Израиль-Палестина чатагын өздөрүнүн ички кызыкчылыктарында саясатташтырып жатышат деген пикирди карманышат. Маселен, Берлинде жашаган палестиналык аналитик Акрам Бакер бул көрүнүштү мындайча чечмелейт:

- Тилекке каршы, көптөрү Палестина маселесин өз максаттарына жетүү үчүн пайдаланып келишет. Авторитардык режимдер өз элин, саясий жана социалдык эркиндиктерди басмырлоо үчүн колдонсо, исламчыл террористтер репрессияларын жана зордукчул аракеттерин актоо үчүн Палестинага жамынышууда. Радикалдуу исламчыл террористтердин колунан негизинен мусулмандар жапа чегишүүдө.

Хади Амр болсо президент Обама Израиль-Палестина маселесинен тышкары Ирак, Ооганстан жана Пакистандагы кырдаалга көңүл бурууга тийиш деген кеңешин берет.