АКШ-Иран: Жылымтыктын жышааны

Давос- Иран тышкы иштер министри Манучер Моттаки АКШ Жакынкы Чыгыштагы саясатын өзгөртсө,Тегеран Вашингтон менен кызматташканга даяр деп билдирди. 29-январь 2009-жыл.

Президент Барак Обама Иран сыяктуу өлкөлөр “муштум кесегенин” коюшса, Вашингтон аларга кол сунганга даяр деп билдирген эле. Жаңы администрациянын бул ыкыласын мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да бышыктады.Ирандык укук коргоочулар муну кеңири кубаттап жатышат.
Президент Обаманын соңунан мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон иран бийликтерине эл аралык коомчулук менен кызматташканга айкын мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын билдирди.

АКШнын жаңы администрациясы Иранга байланыштуу саясатын кеңири жана ар тараптан талдап, таразалап чыгууну чечти. Британдык “Гардиан” гезити атүгүл мамдепартаментте ирандыктарга арналып, атайын ачык кат даярдалганын кабарлады.

Ирандагы укук коргоочу активисттер Вашингтондон чыгып жаткан мындай апаздарды жылымтыктын жышаанына жорушуп,кызуу кубатташты. Алардын арасында аялдардын укуктарын басмырлаган мыйзамдарга каршы күрөшкөн уюмдун юристи Нашрин Сотудех айым да бар. Бул уюмдун бир нече мүчөсү сотко чакыртылып,а йрымдары түрмөгө кесилди, калгандары куугунтукка алынды.

“Эки өлкө такай согуш абалында турганда Иранда демократиялык жылыш болору кыйын, - дейт Нашрин. - Эгер Тегеран менен Вашингтон ортосундагы идеологиялык кармаштын мизи мокосо, анда адам укуктары чөйрөсүндөгү иштерди алга жылдырганга, айрым маселелерди ачык көтөрүп, кабыргасынан койгонго биртке болсо да мүмкүндүк түзүлмөк”.

Мурда Ирандын маданият министрлигинде кызматта туруп, азыр эркин журналист катары иштеп жаткан Исса Сакаркиз Вашингтондун Тегеранга жасаган кысымын жергиликтүү бийликтер оппозицияга,адам укуктары үчүн күрөшкөн активисттерге каршы пайдаланып жатканын белгилеп, Обаманы мурдагы президент Буштун саясатынан баш тартууга чакырды.

Сакаркиз дегеле АКШ өкмөтү отуз жылдан бери Ирандагы режимди алмаштырууну көздөп келаткан ниеттен кайтса, буга кошо ички саясий активисттерге финансылык колдоо көрсөтүү практикасын токтотсо дурус болмок деп ойлойт. Анткени мунун баарын, айрыкча америкалыктардын финансылык жардамын Тегеран режими демократиялык активисттерди тыңчы, эл душманы деп жазалоонун айныгыс аргументине айлантып алды.

Белгилүү юрист жана адам укуктары боюнча борборду уюштурган активисттердин бири Мохаммад Али Дадхах Вашингтон Иранга байланышкан саясатын жалаң гана атомдук проблемага байлап алганын натуура деп эсептейт. Мунун ордуна адам укуктарынын проблемасын Вашингтон алдыңкы орунга чыгарышы керек. Эгер Иранда демократия проблемасы чечилсе, калган чалкеш иштердин, алардын ичинде ядролук проблеманын чечилишине да жол ачылмак.

Вашингтондун жаңы ыкыласын кубатташканы менен көпчүлүк активисттер Тегеран бийликтери сүйлөшүүлөргө барарынан күмөн санашат.

”Ирандын азыркы лидерлери АКШ менен кадимкидей алака күткөнгө кызыкдар эмес,тескерисинче,аны душман кылып кармап турганды каалашат, антпесе алар өздөрү элдин колдоосунан ажырап калышат”,-деп билдирди атын атабоону өтүнгөн студент-активисттердин бири.