АКШдагы шайлоо алатоолук жаштардын көз кырында

Американын эли тарыхый маанилүү чечим кабыл алып жатат

АКШда президент шайлоо боюнча добуш берүү кызып турган учур. Бул жараянга кыргыз коомчулугу, анын ичинде жаштар дагы ким президент болоорун болжоп, өздөрү жактаган талапкердин жеңишин күтүп жатышат.


Батырбек, студент
: Барак Обама өтүшү мүмкүн. Анткени ал демократ, элдин 80 пайызы аны колдошу мүмкүн. Ал Ирактан аскерлерди алып чыгып, Афганистанга кошумча аскер жиберүү керек деп жатат. Мындай позициясы мага жакты.


Тимур, студент
: Мен Маккейн утат деп ойлойм. Путин Медведевди даярдагандай, бул Буштун улантуучусу болуш керек. Алардын максаты дүйнөдөгү үстөмдүктү күчөтүү да.

Эльвира, студент: Эгер Барак Обама өтсө, Америкада биринчи жолку кара түстөгү адам президент болот. Маккейн деле оңой инсан эмес, ал мурунку аскер кишиси. Мага эки талапкер тең жагат.


Мына ушинтип, Кыргызстандагы студенттер да Америкадагы шайлоо жараяндары туурасында өз ой-пикирлерин ортого салып, анчалык ачык, так болбосо да уккан, билгенин таразалап, жаңы президенттин ким болооруна саресеп салып турган учуру. Бирок бул саясий окуядан көп өзгөрүүнү күтпөгөндөр деле бар. Алардын бири жаш лидер Талант Өмүралиев:


-АКШнын Кыргызстан менен болгон байланышы азыр абдан жакшы денгээлде. Ким президент болсо да бул мамиле өзгөрбөйт.Президент өз билгенин жасай бербейт да. Анын көп кенешчилери болот. Менимче, алар болочок президентке тышкы саясатты алпарууда жакшы шарттарды түзүп берет болуш керек.


Саясатчы Бакыт Бешимовдун пикиринде, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жаңы президенттин келишинен мурун Кыргыз өкмөтүнүн саясий көрөгөчтүгүнө, ийкемдүүлүгүнө жараша болот. Ошондуктан ал өзүнүн тышкы саясатын мындай орчундуу мамлекеттер менен келечектуу, салмактуу түзүүсү керек. Ал эми АКШдагы жаңы президенттин келиши өз кезегинде Кыргызстан гана эмес, Борбордук Азияга өлкөлөрүнө катуу таасир тийгизет.


-Жалпысынан эл аралык мамилелерде, геосаясатта бир топ өзгөрүүлөр болду. Жер байлыгына байланыштуу жана өзүнүн стратегиялык ээлеген ордуна жараша Борбордук Азия да акырындап дүйнөлүк саясатта алдыңкы планга чыгууда. Кытай, Россия, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш, албетте ал жерде жалпы адамзатка кызыктуу процесстер жүрүүдө. Биз болсо ортодо турбайбызбы.


Бул сыяктуу маселелердин көпчүлүгү бир жарым жыл бою созулган талапкерлердин дебаттарында талкууланды . Мунун өзү Кыргызстандын жаштарына абдан пайдалуу болду. Эки лидер ачык дебатта көп маселелерди козгоп, өздөрүн көрсөтө алды деп эсептейт Бакыт Бешимов.


-Мисалы, Маккейндин юмору, катуулугу укмуш, Обаманын ийкемдүү ойлонгону, татаал нерсени өтө жөнөкөй түшүндүруп бергени жаштарга үлгү. Биздин саясий аренада мыкты саясатчылардын көп болушу үчүн ушундай ачык дебаттар болсо жакшы болмок. Болбосо, бийликте эки ойдун башын кошо албагандар көлөкөдө олтурбайбы.


Саясатчы Бакыт Бешимов көпчүлүк жаштар менен бирге, Барак Обаманын талапкерлигин колдоорун белгиледи. Анын айтуусунда, Барак Обаманын программасында Маккейндикине салыштырмалуу күчтүү идеялар бар.


-Эң мени кызыктырганы, анын Американы жалпы дүйнөнү жаңы багытка чакырганы жакты. Тирешүүлөрдү, талашууларды токтотуп, шериктеүүго өтсөк туура болот эле.


Американын эли кимди тандап алса дагы бул жолу тарыхый маанилүү чечим кабыл алмакчы. Кыргызстандагы көпчүлүк саясатчылардын баамында, бүгүнкү шайлоого эл көп катышып, ал демократиялык нукта өтүшү мүмкүн. Анткени шайлоо өнөктүгүнө америкалыктар өздөрү бир жарым жылдан бери активдүү катышып келе жатат.