АКШ үчүн "кооптуу" өлкөлөр аталды

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Дэннис Блэр Вашингтондогу маалымат жыйынында.

АКШнын чалгындоо кызматтары өлкөнүн кызыкчылыктарына кооп туудурган өлкөлөрдү аныктады. Тизменин сап башында Иран,Түндүк Корея,Кытай жана Россия аталды.
АКШнын атайын кызматтары ар бир төрт жылда өздөрүнүн стратегиясын жаңылап,чалгындоо тармагындагы он алты мекеменин келерки төрт жылдагы иш багыттарын аныктап турушат. Алардын ичинде улуттук кызыкчылыктар үчүн кооптуу делинген өлкөлөр да аталат.

Ошондой өлкөлөрдүн тизмесинде бу жолу Иран менен Түндүк Кореядан тышкары Кытай жана Россия сап башына чыгышты. АКШнын улуттук чалгындоо кызматынын (NI) директору Дэннис Блэр Вашингтондо атайын өткөргөн маалымат жыйынында Кытай айрыкча "кибероперациялар чөйрөсүндө агрессивдүү болуп баратканын" белгилеп, Россиянын да ушундай мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Докладда терроризмге жана массалык кыргын куралдарын жайылтууга каршы күрөш жакынкы келечекте АКШнын чалгындоо мекемелери,жалпы эле өкмөт үчүн башкы милдет бойдон калары көрсөтүлөт.Ушул жана башка бир катар демилгелерде Россия АКШнын иркектеши боло алат, бирок Москва өз таасирин күчөтүүгө умутулуп, Вашингтондун бир катар кызыкчылыктарын кыйындатып коюшу да ыктымал. Ал эми Кытай стратегиялык ресурстар жагынан АКШга башкы атаандаш болуп,куралдуу күчтөрүн ыкчам өркүндөтүп жатат.

Документтеги тыянактарга чалгындоо иштери боюнча белгилүү эксперт Энтони Кордесман да кошулду. Кытай, маселен, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланган сайын өтө таңкыс табигый кендерге,энергетика жана башка материалдарга муктаждыгы өсүп баратат. Бул жаңы проблемаларды жаратат. Бирок бу Кытайды америкалыктарга душман кылат деген кеп эмес. Кытай - чоң күч, ушундан улам аны көз кырында кармап туруу керек болот.

Кордесман АКШ үчүн Россиянын да ушундай жактары бар деп эсептейт. Россия ядролук, аскерий күчү жагынан дүйнөдөгү экинчи держава бойдон калды. Курал-жарактар,энергетика чөйрөсүндөгү ири экспортчу, орто жана чыгыш Европада,Борбор Азияда активдеше баштады. Эл аралык иштерде чоң таасири бар, андыктан Россиядагы иштерди байкап-бакпай койгон да туура эмес болор эле.

Кордесман ошол эле учурда Кытайдай эле Россияны да АКШнын душманы катары караганга эч кандай себеп жок деп эсептейт.

Документте козголгон бардык чөйрөлөрдө АКШ үчүн Иран баарынан көп кооп санаткан өлкө экенин Кордесман да ырастады. Анын үстүнө Иран өзү качан болсун АКШга жана анын союздаштарына душман катары карай турганын айтып келатат.

Докладда "Ал-Каида" жана анын таасириндеги террорчул топтор кыйла алсызданганы, аларга каршы күрөштүн усулун АКШнын атайын кызматтары жакшы өздөштүрүп алганы айтылат. Ошол эле учурда террорчулар апааттуу куралдарга ээ болууга умтулууда.Ушул өңүттө Иран АКШны өзгөчө кооптондурат.

Эмдиги айда Тегерандын атом программасына байланышкан сүйлөшүүлөр пландалып жатат. Ага Коопсуздук Кеңешинин туруктуу төрт мүчөсү – Британия,Кытай,Россия,Франция, ошондой эле Германия менен бирге АКШнын өкүлү да катышат деп жатышат.