Клинтон бир апталык сапарын Тбилисиде аяктады

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиларри Клинтон менен Грузиянын президенти Михаил Саакашвили сүйлөшүүлөрдөн соң маалымат жыйынын өткөргөнү келатышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Чыгыш Европадагы сапарын аяктап жатып, Грузияда болду. Кыска сапар маалында Тбилисиде ырасмий жетекчилер, оппозициянын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушканга үлгүрдү. Грузияга Клинтон Армениядан келген эле.
Еревандан Тбилисиге жөнөп жатып, Хиллари Клинтон "ортодогу айрым пикир келишпестиктерге карабай АКШ менен Россия биргелешип иштөөнү улантат жана кызматташат" деп айткан эле. Москва менен тил табыша албаган маселелердин арасында ал Грузияны, Абхазия менен Түштүк Осетияда орус аскерлеринин турганын атаган.

Бул пикирин ал Тбилисиде да кайталады. "Ушул сапардын жүрүшүндө айтканымдай, биз оккупацияга каршыбыз, Женева механизмин пайдаланууну жактайбыз, аны жандантып, активдештирүү керек деп эсептейбиз. Бирок бул жерде туруп, мунун оңой болорун айта албайм, анткени маселе жеңил эмес", - деп билдирди Клинтон.

Байкоочулар менен эксперттер да мамлекеттик катчынын визитин АКШнын Түштүк Кавказдагы кызыкчылыгын ырастаган иш катары баалап, ошол эле учурда Тбилисини бул сапардан чоң кадамдарды күтпөшү керек деп эскертишкен.

Клинтон сапарынын соңунда президент Михаил Саакашвили менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жабык мүнөздө өткөн жолугушууда кагдай темалар талкууланганы белгисиз, маалымат жыйынында Клинтон Грузиянын Ооганстанда бейпилдик орнотууу озуйпасына активдүү катышып жатканын алымсынуу менен белгиледи.

Саакашвили өз кезегинде АКШ менен Грузия өздөрүнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрө берерин, өлкө үчүн принциптүү мүнөздөгү жана маанилүү бардык маселелерде Вашингтон Тбилисиге колдоо көрсөтүп жатканын ырастады.

Сүйлөшүүлөрдө, сыягы, Россиянын Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселеси да сөз болгон шекилденет. Бул үчүн Москвага уюмдун бардык мүчөлөрүнөн, анын ичинде Грузиядан да макулдук алуу керек.

Тбилиси Москвага бир катар шарттарды койгон. Грузин премьер-министринин өкүлү мындан бир нече күн мурда өкмөттүн позициясы кенедей да өзгөрбөгөндүгүн, Москва менен Тбилисинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө коюлган талаптардын баары мурдагыдай эле күн тартибинде турганын бышыктаган.

Жергиликтүү айрым аналитиктер Клинтон Тбилисиде ушул маселеде грузин жетекчилигин мунасага көндүрүү үчүн аракет кыларын айтышкан эле.

Клинтон коомдук активист аялдар менен жолугушкан кезде өлкөдөгү эркиндиктин абалына токтолуп, демократиянын аймактагы маягы болгонго өлкөнүн көрөңгөсүн жогору баалады жана Грузияда саясий турмушта соңку жылдарда көп өзгөрүүлөр болуп өткөнүн кошумчалады.

Грузин оппозициясы болсо өлкөдө демократия эмей эле, "Саакашвилинин авторитардык жеке бийлиги чыңдалып жатат", буга "эркин өлкөлөрдүн лидери аталган АКШ, жалпы эле демократиялык дүйнө көз жумуп карап отурат" деп эсептейт. Клинтон Тбилисиде оппозициянын өкүлдөрү менен да жолукту.

АКШнын мамлекеттик катчысы буга чейин Украинада, Полшада, Азербайжанда жана Арменияда болгон эле. Тбилисиде анын беш күнгө созулган сапары соңуна чыкты.