General Motors банкрот болду, бирок жоюлган жок

Дүйнөлүк автомобил өнөр жайындагы эңгезер компаниялардын бири General Motors дүйшөмбү күнү кредиторлордун доомат-догунан коргоону сурап, сотко кайрылды. Муну менен ишкана өзүнүн банкрот болгонун жарыялады. Президент Барак Обама бул кадамды колдоду.
GM өзүн банкрот кылып жарыялаган соң көп аялдабай эле президент Барак Обама атайын билдирүү жасады. "Бул план ишке киргенде GM өз автомобилдеринин көп бөлүгүн ушу жерде, өз үйүндө жасап чыгара баштайт", -деп айтты Обама.

Эгер бардык иш планга ылайык жүрсө, компания кайра тикеленип, кирешелүү ишканага айланат. АКШда жаңы үлгүдөгү автомобилдердин сатылышы соңку отуз ичинде кескин өсөт.

"Бүгүн мен жарыялап отурган чаралар эски GMдин заманы бүткөнүн жана жаңы GMдин тарыхы башталганын билдирет. Жаңы GM жогорку сапаттагы, коопсуз,майга үнөмдүү, эртеңки күндүн автомобилдерин чыгарат, бу болсо түбү барып Американын келечектеги энергетикалык көз карандысыздыгына алып келет жана анын ооматынын дагы бир символу болуп калат",-деп айтты Обама.

Администрациянын планы боюнча жаңы GMдеги жарнактардын 60 проценти өкмөткө өтөт, өз кезегинде компанияга мамлекеттик колдоо катары казынадан 30 миллиард доллар каражат бөлүнөт.

Финансылык кризистин салакаларына каршы турганы компания буга чейин бюджеттен 20 миллиард доллар карыз алган эле. Жалпы бул суммадан GM келечекте казынага болгону тогуз миллиард доллар гана акча төлөйт, калганын өкмөт концерндин акцияларын сатуу аркылуу өзүнө кайтарып алат.

Өкмөттөн тышкары компаниянын 12 процент акциясын Канада 9,5 миллиард долларга сатып алганга даяр экенин билдирди. АКШнын автоөнөржай кызматкерлеринин бириккен профсоюзу (UAW) жаңы General Motorsтун 17,5 процент акциясын алат.

Компанияны кайра куруу иши эки-үч айга созулат, андан чыкканда GMтун мурдагы каркыны калбайт: болжолдуу эсептерде 20 миңдей киши жумуштан бошотулат. Мындан тышкары GM, президент Обама ырастагандай, "эски" жана "жаңы" компания болуп экиге бөлүнгөнү жатат. "Эскилерге" чыгашалуу жана жабылып жаткан заводдор кирет, "жаңысына" аздыр-көптүр кирешелүү активдер топтоштурулат.

General Motors мындан жүз жыл мурда негизделген. Автомобил жасоо жагынан дүйнөдө япониялык Тойотадан кийинки экинчи ишкана болчу. Компаниянын Cadillac,Buick өңдүү автомобилдери АКШнын улуттук сыймыгына айланган.

Бирок соңку жылдары компания чыгарган машиналарын кардалдар баштагыдай сатып албай калышты, натыйжада ишкананын карызы болжол менен 170 миллиард долларга жетти, бул концерндин өзүнүн базар баасынан эки эсе көптүк кылат.

Автомобил өнөр жайы тармагындагы өз өкмөтүнүн кадамдарын жактап, Обама алардын жоюлушуна жол бергенде өлкөнүн экономикасына өлчөөсүз сокку урулмак деп түшүндүрдү.