Коопсуздук Кеңеши палестин мамлекетин түзүүгө чакырды

АКШ - Россиянын элчиси Виталий Чуркин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны башталар алдында.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши эки мамлекеттин – Израилдин жана Палестинанын – жанаша жашоо принцибин бышыктады, ошондой эле тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантууга чакырды. Министрлер деңгээлиндеги талкуулардан кийин кабыл алынган билдирүүнү Кеңештин бардык он беш мүчөсү колдоду.
Төраганын атынан таркатылган билдирүүдө көз карандысыз палестин мамлекетин түзүү реалдуу болуп калганы жана буга байланыштуу ыкчам чараларды көрүү зарылдыгы көрсөтүлөт.Билдирүү Кеңешке төрагалык кылып жаткан Россиянын демилгеси менен даярдалды.

Кеңештин дүйшөмбү күнкү атайын жыйынына Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Британиянын, Франциянын,Түркиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, АКШдан элчи Сюзан Райс катышты.

Райс билдирүүнү колдоп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун издөө иши менен президент Обама өзү арпалышып жатканын жана АКШ палестин мамлекетин түзүү идеясынан айныбай турганын ырастады. "Биз узакка созулган процесске эмес, конкреттүү натыйжаларга кызыкдарбыз",-деп айтты Райс.

Ал ошондой эле Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгинде салынып жаткан кенттердин курулушун токтотууга, бул жерде тургузулган бардык күзөт-кайгоол жайларын бузууга чакырды. Мындан тышкары жарым кылым илгери оккупацияланган палестин жерлеринен Израил кетсе, аны менен мамилесин жакшыртууну сунуш кылган арап мамлекеттеринин демилгесине да президент Обаманын өкмөтүнүн атынан колдоо билдирди.

Сөз болгон демилгени жалпы Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуунун бирден-бир усулу кылып алууну Кеңештин бардык мүчөлөрү макул көргөнүн жыйынга төрагалык кылган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров күтүүсүз, бирок "жагымдуу жаңылык" катары кабыл алды.

"Коопсуздук Кеңеши билдирүүдө тынчтыкка жетишүүдө эки тараптын аракетине мындан ары да колдоо көрсөткөнгө чечкиндүү экенин тастыктады. Өз ара кызматташуу,билдирүүдө кең-кесири баяндалган укуктук базаларды бекем сактоо шартында гана ийгиликке жетишкенге болору айдан ачык. Ошондуктан Кеңеш тараптарды сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырат",-деп айтты орус министри.

Жыйынга катышкандар Жакынкы Чыгыш проблемасы боюнча быйыл Москвада конференция өткөрүү идеясын да колдошту. "Мындай колдоо форумдун мөөнөтүн жана анын күн тартибин макулдашуу боюнча иштерди улантканга Россияга сөзсүз көмөктөшөт",-деп белгиледи Лавров.

Бирок конференция качан болорун ал так айта алган жок. Бул көп жагынан Израил өзүнүн позициясын качан аныктап,тактап бүтөт,ошого жараша болмокчу.

Израилдин Улуттар Уюмундагы өкүлү Габриэла Шалев Кеңештин жыйынын сынга алып, бул үчүн азыр оңтойсуз маал экенин,анткени өкмөт сүйлөшүүлөргө байланыштуу өз позициясын жаңыдан гана түзө баштаганын эске салды.

Өкмөт башчылыгына быйыл Бинямин Нетаняху келген соң Израил жетекчилиги палестин мамлекетин түзүү принцибинен баш тартарын,буга кошо мурдагы позицияларын да кайра карап чыгарын айтышкан. Нетаняху өзүнүн жаңы программасын ушул айдын этегинде Вашингтондо президент Обама менен жолугушкан учурда сунуш кылганы жатат.

Баш катчы Пан Ги Мун буга байланыштуу Израил үчүн эки мамлекеттин жанаша жашоо принцибин моюнга алып,аны биротоло бекемдей турган маал келди деп билдирди.