Түркия: Оңго барсаң Иран, солго бассаң Израиль

НАТОнун ноябрда Лиссабондо өтө турган саммитин утурлай, Анкара менен Вашингтондун ортосундагы талкуулар күч алды.
Ракетадан коргонуу системасын Түркиянын аймагында жайгаштыруу тууралуу АКШнын планын Анкара өз кызыкчылыктарынын өңүтүнөн электен өткөрүп жатат.

НАТОнун саммити 19-20-ноябрь күндөрү Лиссабон калаасында өтөт. Анда уюмдун жаңы коргонуу концепциясын калыптандыруу планынын чегинде Иран өңдүү өлкөлөрдөн келиши ыктымал ракеталык чабуулдарга каршы ракетадан коргонуу системасы кайсы өлкөгө жайгаштырылары башкы тема болору күтүлүүдө.

Түркиянын коргоо министри Вежди Гөнүл жана АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс.

АКШнын мурдагы президенти Роналд Рейгандын доорунда иштелип чыккан “Жылдыздар согушу” аттуу программанын өнүктүрүлгөн версиясы саналган бул ракетадан коргонуу системасы үчүнчү өлкөлөр тарабынан келиши ыктымал коркунучтарга каршы Түндүк Америка, Европа жана Израилди коргоо максатында болгону маалымдалууда.

Системаны орнотуу планы Польша жана Чехияда ишке ашпай, эми Түркиянын аймагында жайгаштырылуусу сунушталып жатканы түрк өкмөтүн ойлондуруп, ал системанын түздөн түз Ирандын атын атап пландаштырылып жатканына бийлик нааразы. Анткени Түркия акыркы жылдары кошунасы Иран менен экономикалык байланыштарын кыйла өнүктүрүп алды. Ошондуктан Иран менен Батыштын ортосундагы кризисте Батышты жактаган өлкө болгусу келбей жатат.

Талап көп, коомчулук каршы

Анкара чындыгында бул система НАТО өлкөлөрүн эмес, иш жүзүндө Израилди коргоо максатын көздөгөнүн билдирип, айрым талаптарды ортого коюп келүүдө. Анкара бул система аркылуу өндүрүлө турган чалгын маалыматтардын НАТОго мүчө эмес өлкөлөр, эң оболу Израилге бербөөнү, мындай маалыматтарга Түркиянын түздөн-түз көзөмөлү болушун жана алардын жыйынтыгында бекитиле турган ар кандай токтомго да катышууну талап кылууда.

Түрк өкмөтү Вашингтондун ракетадан коргонуу системасы тууралуу планга көнгөнү менен, коомчулукту ийге келтирүү өтө кыйын маселе болууда. Өзгөчө жардам кемелерине чабуул коюуга байланыштуу өлкөдө Израилге каршы пикирлер терс болуп турган маалда бул системанын НАТОнун коргоого арналганын коомчулукка түшүндүрүү оңой эмес. Генерал Тунжер Кылынч буларды айтат:

Түрк коомчулугунда ракетадан коргонуу системасы тууралуу планды колдобогондор өтө көп.

- Биздин тарыхтын түпкүрүнөн бери Иран менен эч кандай чатагыбыз жок. Бүгүнкү күндө Иран менен тирешүүгө даяр болуп турган бирден бир өлкө - Израил. Ошондуктан НАТОнун коргонуусу, Европанын коргонуусу делинген шылтоолорду бетке кармоонун кажети жок.

Экинчи жагынан алганда, Түркиянын НАТОнун мүчөсү катары бул системадан толугу менен баш тартуусу көп деле мүмкүн эмес. Ансыз да Иран резолюциясына вето салганы, Израил менен тирешип келгени Анкара-Вашингтон мамилелеринде жарака пайда кылышы ажеп эмес. Ошондуктан Анкара өкмөтү бул абалдан чыгуу үчүн бир чети НАТОнун алдына жогорудагы талаптарды коюу менен коомчулукту көндүрүүгө, ошол эле учурда АКШ менен соодалашып, колдон келишинче системаны өз кызыкчылыгына шайкеш келтирүүгө аракеттенип жатат.

Саясий серепчилердин пикиринде, коргоо министри Вежди Гөнүлдүн жакында эле “НАТОнун коргонуу концепциясынын чеги ичинде пландалган абалда биз бул сунушту ойлоп чыгабыз” маселени ачык калтыруусунан алып караганда, система тууралуу пландын текстин кылдат текшерип жазган абалда Анкара Лиссабондогу саммитте системага макул болуусу ыктымалдан алыс эмес.