Түркия-Армения: Келишимге кол коюлду, бирок...

Армения менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу келишимдерге кол коюусу - Тоолуу Карабак маселесин чечүү жараянында жаңы бир учурду пайда кылды. Бирок алдыда али далай кыйынчылыктар турганында шек жок.
10-октябрда Швейцарияда Түркия менен Армениянын ортосунда кол коюлган тарыхый келишим, Түштүк Кавказ аймагында туруктуулукту, бейпилдикти жана экономикалык өнүгүүнү калыбына салуунун жолун ачты.

Бирок 15 жылдан бери уланып келе жаткан Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүнүн иши бул жараянды дагы бир топко кечеңдетип, а түгүл артка чегинүүсүнүн ыктымалы да кыйла чоң экенин, келишимдерге кол коюлуп бүткөндөн соң чыккан ой-толгоолордон байкаса болот.

Маселенин өзөгүндө Армения 1990-жылдардын башында басып алган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагында 15 жылдан бери “де-факто” эгемендүүлүктө жашап келе жаткан көпчүлүктөгү армяндардын тагдыры эмне болот деген суроо, анын менен бирге бул аймактын мыйзам жагынан алганда Азербайжанга таандык болушу турат.

Маселенин канчалык чийеленишкенин Тоолуу Карабактын армян тургуну Александр Осипов мындайча айтат:

- Карабактын эли чечкиндүү түрдө эркин болууну чечти. Эгерде биз Азербайжандын бир бөлөгү болуп калсак, эч качан эркин жашай албайбыз. Биз өзүбүздүн жумуруятыбызда жашагыбыз келет. Биз армянбыз жана армяндар менен жашагыбыз келет.

Бул татаал маселе 10-октябрда Цюрих шаарында Азербайжандын өнөктөшү Түркия менен Армения ортосунда кол коюлган келишимден кийин дагы бир жолу күн тартибине чыкты.

Кол коюлган келишимдерде Тоолуу Карабак маселеси жөнүндө эч бир сөз камтылбаган менен Анкара Армения менен чек аралар ачылардан алдында Тоолуу Карабак маселеси чечилүүсү керек экенин ар дайым билдирип келген.

Өкмөтүнүн турумун кайталап, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган буларды айтты:

- Эгерде азери жерлеринен армяндар чыгып кетпесе, Түркиянын бул маселеге карата мамилеси эч качан оң болбойт.

“Азаттыкка” курган маегинде Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Элхан Полухов Армения-Түркия келишими өлкөсүнүн таламдарына каршы келерин айтат:

- Азербайжан саясий азгырыктарга алдырбайт. Ал куурчак бир өлкө эмес. Биз аймактагы ири күчтөрдүн бирибиз. Биз көптөгөн дөө-шаа өлкөлөрдүн катышы болгон, көптөгөн эл аралык долбоорлордун ажырагыс шеригибиз.

Элхан Полухов бул сөздөрү менен Баку-Тбилиси-Жейхан, “Набукко” өңдүү, Каспий жана Борбор Азиянын мунай жана газын Батышка алып чыгуучу долбоорлорго шилтем жасады. Кыскасы, Түркия менен Армения өткөн аптада тарыхый мааниге ээ протоколдорго кол коюшканы менен, бул келишимдердин ишке ашуусу анча деле оңой олтоң иштерден болбой турганы байкалууда.