А.Жекшенкуловдун соту соңуна чыкканы калды

Оппозициянын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго тагылган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр соңуна чыгып баратат. Эми кийинки сот процессинде тараптар териштирүү иштеринин соңуна чыкканына байланыштуу соңку сөздөрүн айтса, сот чечим чыгарышы мүмкүн.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун ишин карап аткан Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судьясы Азизбек Турдалиев - бүгүнкү сот процессинде соттук териштирүү соңуна чыгып калганын, эми 20-февралда тараптар жыйынтыктоочу сөздөрүн айтарын жарыялады:

- Иштин уландысын жыйырмасында өткөрөлү. Ишемби күн – иш күнү деп жарыяланган. Келгиле анда ишембиде...

Аликбек Жекшекуловго эки айып боюнча кылмыш иши козголгон эле. Биринчиси, өкмөттөн белекке алган тапанчасынан Талас облусунда Сервет Четин аттуу түрк ишкеринин өлтүрүлүшү. Экинчиси, ал тышкы иштер министри болуп турганда кызмат ордунан пайдаланган деген айып тагылган.

А.Жекшенкулов өзү тагылган айыптардын экөөнү тең четке кагууда. Бириккен оппозиция өкүлдөрү да муну саясий буюртма катары баалап келишет.

А.Жекшенкулов өткөн жылдын 9-мартында түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча камакка алынып, 12-августка чейин темир тор аркасында кармалып турган. 2009-жылдын 12-августунда ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ошондон бери А.Жекшенкулов үй камагына чыгарылар алдында тил кат жазып бергенин айтып, журналисттердин суроолоруна жооп бербей келет.
Ал эми анын жактоочусу Нина Зотованын айтымында, айыптоочу тарап ушул убакка чейин айыптоочуну темир торго сала тургандай олуттуу далилдерди таба алышкан жок. Андыктан кийинки сот процессинде тараптар жыйынтыктоочу сөзүн айткан соң, жактоочу судядан А.Жекшенкуловду актоону суранмакчы:

- Мен соттон актаган чечим чыгарышын суранам. Менин позициям ушундай. Ал эми азырынча Башкы прокуратуранын позициясын биле албайбыз. Ал - прокурор соңку сөзүн айтканда билинет. Бирок алардын маанайына караганда, айыпталуучуну күнөөлү деп табууну сурашат окшойт.

Азырынча айыптоочу тарап А.Жекшенкуловго кандай жаза сурай турганы белгисиз. Бул – тараптар жыйынтыктоочу сөздөрүн айткан маалда билинет. Адатта жыйынтыктоочу сөздөр айтылган соң сот өз чечимин чыгаруусу керек. Бирок мыйзам боюнча тараптардын бирөөсү соттук териштирүүнү жаңыртуу керектигин негиздеп берсе жана ага сот макул болсо, анда иш дагы да созулуп кетиши ыктымал.