Орусияда оппозициянын “Тилектештик” кыймылы уюшулат

"Тилектештикти" уюштуруп аткандардын бири Гарри Каспаров.

Москвада жекшемби күнү болгон демократиялык күчтөр конференциясында 13-декабрда өткөнү жаткан «Тилектештик» аталыштагы оппозициялык кыймылдын курултайына 50 кишиден турган делеттарды шайлоо болду.

«Тилектештикти» уюштуруп аткандар арасында – Гарри Каспаров, Борис Немцов, Никита Белых, Илья Яшин сыяктуу таанымал саясатчылар бар.

Москвада 23-ноябрда өткөн конференцияны талдоочулар Владимир Путин менен Дмитрий Медведев жүргүзүп аткан саясатка таптакыр каршы көз караштагы жыйын болгонун аташат. Конференцияда 130 киши жарышка салынып арасынан 50 киши делегат болуп шайланышкан.

«Алардын бири Игорь Чубайс болду жана анын жакасында польшалык «Тилектештик» кыймылынын значогу тагылуу жүрдү» - деп жазат «Русский обозреватель».

Кызык жери, мурдараакта өткөн кремлдик бийлик менен тил табышып уюшулган «Оң иш» партиясына Игордун иниси Анатолий Чубайс кошулган эле.

Канткен менен демократтардын оппоненттик күчү биринчи жолу биригүү аракетин жасап атышкан жери жок, бирок азыркы режимге кыр көрсөтө алгыдай жаат болуп уюша элек. Бул жолу «Тилектештик» кыймылга либералдык «Яблоко» партиясы, Михаил Касьянов уюштурган Орусиялык элдик-демократиялык союз жана сот өкүмү менен жоюлган Владимир Рыжковдун Республикалык партиясы кошулуудан баш тартышкан.

Конференцияда айтылуу саясатчы Борис Немцов азыркы абалды: «Кремлдик топ бийликти 12 жыл энчисине басып алганы турган шартта, Баш мыйзамга кандай гана өзгөртүү киргизилбесин – ал өлкөнү түркмөндөштүрүү аракет деп түшүнүү керек» - деген.

Ошону менен бирге ал өлкөдө көз карандысыз профсоюздук кыймыл уюштурууга кез келди, аны колго алуу керек деген чакырык таштаган.

Жыйындын катышуучусу экономист Владимир Милов айтканга караганда, «Биздин кыймыл Лех Валенса түзгөн «Тилектештик» профсоюздук кыймылды эске салат. Ал кыймыл күч пайдаланбай польшалык коммунисттик режимге кысым көргөзө алышы менен эсте калган. Ошол жол менен биз өз режимибизге таасир эткибиз келет».

«Новые известия» гезити «Яблоко» партиясынын аткаруу катчысы Галина Михалеванын «алардын келечеги жакшы болбойт» - деген баасын мисал келтирген.

Көчөдө жолуккан келин айтканга караганда, «Бирдиктүү Орусия» бийлик партиясы турганда аларга жол тийбейт:

«Оңчулдар, солчулдар, дегинкиси, алар керек, бирок алар биздин шартта байыр таба алышпайт».

Буга дейре да орусиялык демократиялык жаат биригүү аракеттин бир нече жолу жасаган. «2008 комитети» пайда болгон. Андан соң Гарри Каспаровдун (ОГФ) Бириккен атуулдар фронту, андан соң «Башка Орусия» кыймылы, андан соң «Бүткүлорусиялык жарандар конгресси» уюшулган. Ар жолу тең бийлик койгон тузакты жарып өтөр кубаттуу күчкө айлана алышкан эмес.

Москвалык демократтар «Измайлово» конок үйүндө эч кимге билгизбей олтурум өткөрүү аракетин жасашкан. Бирок аларды таап келишкен кремлдик жаштар кыймылынын активисттери конференция ачылар алдында, ал жерде кыйла чаң салышкан. Алар олтурумдун катышуучуларына “Айдагы көрүстөндө орун бар, өзүңөр ошол жакка барып демократияны кургула” деп айтышкан.