Украинада Орусияга аскердик жабдык сатылган

Украинада аскердик техниканын жабдуулары Орусияга тымызын сатылып келгени ачыкка чыкты.

"Наши Гроши" сайты Запорожьедеги "Мотор Сич" ишканасы тыюуга карабай орус тик учактарын кыймылдаткыч менен камсыздап жүргөнүн иликтеп чыкты.

Аталган ишкана элдик депутат Вячеслав Богуслаевге таандык. Ал иликтөө тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын башында Украинадан Орусияга аскер тетиктери тымызын жөнөтүлүп келгени, ага ошол кездеги президент Петро Порошенконун таасирлүү санаалаштары аралашканы ачыкка чыккан.

"Наши Гроши" сайтынын атайын иликтөөсүнө ылайык, "Мотор Сич" Орусиядагы аскердик тик учактарды тымызын тейлейт. Аталган сайттын редактору Юрий Сидоров бул ишке аталган ишкана эле эмес, ага караштуу фирма да аралашканын айтып жатат:

"Мотор Сич Орусия" деп аталган учуу отрядынан тик учактардын кыймылдаткычтарын тейлөө боюнча буюртмаларды алган. Муну өзү эле эмес, ага караштуу "Борисфен" фирмасы да аткарган. "Борисфен" да Богуслаевге таандык".

"Орусия" атайын отряды мамлекет жетекчилеринин, президент Владимир Путиндин, атайын кызматтардын учагын, тик учактарын тейлейт.

"Наши Грошинин" иликтөөсүнө ылайык, "Мотор Сич" орус чекисттери менен кызматташат. Ишкананын "ТВ3-117" үлгүсүндөгү кыймылдаткычы кеңири тараган. Орусиядагы аскердик тик учактардын көбү ушул кыймылдаткыч менен жүрөт.

Донбасстагы жаңжалдарга чейин "Мотор Сичке" буюртмалардын басымдуу бөлүгү Орусиядан түшчү. 2014-жылы ошол кездеги украин президенти Петро Порошенко Москва менен аскердик-техникалык жаатта кызматташууга таптакыр тыюу салган.

Депутат Вячеслав Богуслаев ишканасына байланыштуу иликтөө тууралуу азырынча үн ката элек. Ал ушул тушта келерки парламенттик шайлоого катышууга даярданып жүрөт.

Бир жылдай мурда "Мотор Сич "Надежда" деп аталган тик учагын коомчулукка көрсөткөн. Богуслаев тик учак баштан-аяк Украинада жасалганын, эми кандай гана буюртма болсо дагы ишке ашыра аларын айтып мактанган.

"Кыялыбыз ишке ашты. Мен муну менен сыймыктанам жана өзүмдүн президентиме, өкмөтүмө биз бүгүн элдик чарбага, Украинанын атайын кызматтарынын каалаган буйрутмасын аткара алабыз" деп айта алам", - деген Богуслаев.

Адистердин айтымында, Орусия Украинада жасалган аскердик техникаларга, жабдууларга өтө муктаж.

Украинадагы коопсуздук маселесин иликтөө институтунун өкүлү Валентин Бадрактын пикиринде, мындан улам Москва Советтер союзунун тушунан бери эле Украинада даярдалган өздөрүнө зарыл аскердик жабдууларды ар кандай жолдор менен, акчанын көзүнө карабай алганга аракет кылат:

"Бул жерде Украинанын коопсуздук кызматтары көзөмөлдөөчү, чалгындоочу орган катары өз сөзүн айтышы керек. Алар орус армиясынын украиналык ишканалардын эсебинен техникасын жаңылоого тоскоолдук кылышы зарыл".

Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Киев Москва менен аскердик-техникалык жаатта кызматташууну токтоткон беш жыл ичинде аскердик техника, жабдууларды мыйзамсыз сатуу фактылары ачыкка чыккан, бирок бир дагы иш сотко жетип, кимдир бирөө жоопко тартылган эмес.

Ушул жылдын башында Украинадагы Bihus.Info сайты ошол кездеги президент Петр Порошенконун жакын санаалашы, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин биринчи орун басарынын Олег Гладковскийдин уулу Игорь аскердик техниканын тетиктерин Орусияга мыйзамсыз ташып жүргөнүн иликтеп чыккан.

Мындан тышкары мамлекеттик коргоо объектилери Игорь Гладковский жана анын шериктерине таандык менчик компаниялардан аткезчилик менен келген тетиктерди өтө кымбат баада сатып алганы белгилүү болгон.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Порошенко Гладковскийди кызматтан алган жана материалдагы айыптоолор боюнча иликтөө башталганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.