М. Медведев А. Меркелди Урал тоосунан тосуп алды

Екатеринбургда Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Германия канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Олтурум учурунда Европадагы коопсуздук, Орусия менен НАТОнун жана Евробиримдиктин кызматташтыгы, ошондой эле орусиялык-германиялык соода-экономикадагы байланыш кепке алынууда.
Бул жолу Орол тоолорунун этегинде болуп аткан эки лидердин жолугушуусу жылда болуп туруучу салтка айланып калды. Улам биринин жеринде өтүп жүрүүчү андай жыйын ушуну менен он экинчи жолу өтүп жатат. Канцлер менен президентке чукул жүргөн адамдар айткан кепте алакаларды чыңдоо көч башындагы маселе.

Андан сырткары 2008-жылы июнда ушул эле А.Меркел менен жолугуп олтуруп, Д.Медведев ооз көптүргөн Европанын коопсуздугу боюнча келишим талкууга алынмакчы. Ал демилгени Берлин колдой турганын билдирген. Эки жыл мурда Медведев бир да өлкө, бир да уюм коопсуздугун башка бирөөнүн калканчы менен коргобошу керек деген.

Бирок Орусия жетекчисинин ал демилгесин Батыш капарына албай койгон. А бул жолу Маскөөнү жеринен чукул көргөн Берлин ошол демилгени колдоого алууну туура көргөнсүйт. НАТО кеңейет деп, ага Грузия менен Украина алынат деп атканда да Маскөө чырылдап, каршы болгондо Кремл башчы көтөргөн демилгени колдоп чыккан Германия болгон.

В.Путиндин тушунда «Түндүк агым» куурун салуу талашка түшүп атканда, европалыктар арасынан Германия биринчи болуп Кремль кожоюнунун демилгесин колдоого алган.

Саммитке карай алыс жолго аттанар алдында федералдык канцлер Ангела Меркел: Германия үчүн Орусия эң кадырлуу экономикалык өнөктөш, өтө маанилүү энергия кубатын өндүрүүчү өнөктөш болуп саналат, - деген.

Эки күн мурда Д.Медведев чет элде иштечү дипломаттары менен сүйлөшүп олтуруп, азыркы тушта Орусия үчүн барыдан мурда Германия, Франция жана Италия, Евробиримдик толугу менен, Америка Кошмо Штаттары маанилүү экенин айткан.

Ошондон улам талдоочулар Кремлдин тышкы саясаты кескин бурулуш жасап атат деп айтып чыгышты. Кызык жери, мурда ырасмий түрдө Орусия үчүн кадыры боюнча алдыңкы катардагы өлкөлөр болуп келаткан Шериктештикке кирген мамлекеттер бул жолу Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдөн соң гана оозго алынууда.

Уинстон Черчиллдин союздаштар дос болбойт, утурумдук гана бири менен биринин кызыкчылыгы дал келген учурлары болот деген накыл сөзүн эске салгансып, бул жүздөшүү туурасында немис саясий талдоочусу Игорь Райхлин мындай деп белгилейт:

- Германия, ошондой эле Франция жана Италия учурдагы орусиялык кызыкчылык менен өздөрүнүн кызыкчылыктар дал келишин ар кыл шаани менен чечмелейт. А чындыгында Орусиянын Европада досу жок.

Экономикадагы либерализм менен саясаттагы консерватизм кооштугу болуп атканда, бардык маанайды эске алган жакшы дейт серепчи Дмитрий Бабич:

- Калктын калың катмарындагы кандайдыр бир ылым саноону саясий байлыкка айлантып, аны барктай билүүгө Орусия үйрөнүшү керек.

Орусия өлкө башчысынын жардамчысы Сергей Приходьконун маалымдашынча тараптар ортосундагы талкууда Тоолу Карабак жана Кыргызстандагы кырдаал тууралуу кеп болушу ыктымал.