Москва шаарындагы борбордук Чистые Пруды метро бекетинин алдында 10 чакты киши турат. Колдорунда «Экзамен бүттү, кемчиликтер кала берди» деген көрнөктөр.
Бирдиктүү Стандартташтырылган Мамлекеттик Экзамен бирок бул жерде тургандардан башкаларды да ынандыра алган жок. Бул системаны сотко берип, оң жооп ала албаган көз карандысыз Билим берүү корунун жетекчиси Сергей Комков өз пикирин мындайча баяндады:
– Тестирлөө - билим деңгээлин текшерүүнүн өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкмасы. Ал билимдин толуктугун, тереңдигин аныктай албайт. Минтип отурсак, 10 жылдан кийин бизде мектеп деген аты эле калат.
Ал эми университеттин окутуучулары окуучунун талант-шыгын билиш үчүн компьютердик тест жетишсиз экенин, бул үчүн ооз эки жүзүндө экзамен керектигин айтып жатышат.
Тесттерди суроолору чалды-кыйду жазылган деп да сындалууда. Анна Флоринская - москвалык бүтүрүүчү. Анын айтымында, тестирлөөгө даярдануу үчүн окуу курал болгон эмес. Ошондой эле:
- Ойлонулбаган суроолор да кездешет. Мисалы "Лев Толстойдун романында башкы каарман Анна Каренинанын көзүнүн түсү кандай эле?" деген суроо бар экен. Менин адабияттан мугалимим романды атайлап кайра окуп чыкты. Анда Каренинанын көзүнүн өңү кандай экени айтылган эмес.
Тестирлөө Орусияда эл аралык Болон келишиминин негизинде киргизилүүдө. Анын башкы максаттарынын бири - билим берүү тармагындагы коррупциянын тамырын кыркуу. ЮНЕСКОнун ушул айдагы маалыматы боюнча, орусиялык университеттерде берилген паралардын көлөмү 150 миллион долларга жетет. Ал эми айрым эксперттер студенттердин тең жарымы бааны сатып аларын белгилешет.
Бирок тестирлөө системасы да алдамчылыктан арылта албаган шекилдүү. Мисалы москвалык мугалимдер окуучуларга класста чөнтөк телефонун пайдаланууга уруксат беришкен. "Панорама" изилдөө борборунун жетекчиси, өзүнүн балдары да быйыл тестирлөөгө катышкан Владимир Прибыловский бүтүрүүчү экзамендин убагында балдар дааратканага деп чыгып, ал жактан телефон аркылуу же смс менен тесттердин жообун алышканын айтат.
Мындан тышкары бир катар интернет сайттарда тесттердин жообу жарыяланып кетти. Билим берүү кызматкерлери алар жасалма экендигин айтышууда.
Өзүн Иля деп тааныштырган, бүгүнкү нааразылык акциясын уюштурган тарых мугалими Бирдиктүү Стандартташтырылган Мамлекеттик Экзамен азыртадан эле окутуунун сапатына кедергисин тийгизе баштаганын мындайча белгиледи:
- Бүтүрүүчү класста ар бир мектеп баары бир гана ушул экзамен менен алек. 11-класста билим деле берилбей калды. Бардык студенттер бул экзаменден өтүүнүн айласында болсо, мугалимдер мектеп канткенде жогорку көрсөткүчкө жетишет дегенден башканы ойлобойт.
Беш жылдан берки даярдыктан кийин киргизилип жаткан тестирлөө Орусиядагы билим берүү системасын кайра куруудагы алгачкы гана кадам. Бирок чү дегенде эле ага нааразылар көп болуп жатышына караганда, же мамлекет жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес, же чындыгында эле программа жетиштүү ойлонулган эмес.
Орусияда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу Бирдиктүү Стандартташтырылган Мамлекеттик Экзаменден өтүштү. «Ооба» же «жок» деген жөнөкөй жоопко негизделген компьютердик мындай система Кыргызстанда эбактан белгилүү. Орусияда ал окуучулар арасында да, ата-энелер, агартуучулар арасында да көп нааразылыкты пайда кылды.