Орусия калкынын курагы, улуту, дини өзгөрүүдө

Омск шаарында Биримдик күнү оюн-зоок менен белгиленди. 4-ноябрь, 2009-ж.

Орусияда эмдиги жылы кезектеги эл каттоо өтөрү жарыяланды. Буга чейин жалпы улуттук сурамжылоо 3-4 жыл кийинкиге жылдырылат деген маалыматтар айтылган эле.
Эксперттер демографиялык жагдай ыкчам өзгөрүп бараткандыктан, Орусиядагы чыныгы абалды чагылдырчу эл каттоону тезинен өткөрүүгө үндөшкөн.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин профессору Мюррей Фешбэк Москванын соңку чечими кубаттаарлык жаңылык болду деп куштарланат. “ Ар кандай саясий себептерден улам кийинкиге жылат деген кабарлар тараган эле, өкмөт өлкөдөгү кырдаалга көзү жетип, кийинки өнүгүүнү пландаштырыш үчүн жалпы улуттук маалымат аба менен суудай зарыл деп айткандардын пикири жеңди окшойт”, - дейт профессор.

Орусияда эл каттоону уюштуруу тарыхы өзүнчө изилдөөгө татыйт. 1937-жылы мурдагы Советтер Союзунда андай жалпы улуттук иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы ал кездеги жетекчи Иосиф Сталинге сунушталат. Ал көргөн көзүнө ишенбей, чогултулган маалыматка жинденип, эл каттоону уюштуруп-башкарган далай жетекчинин көзүн тазалаткан.

Анткени эл катоодон улам ал жылдары советтик аймакты каптаган ачарчылык, саясий куугунтуктун кесепетинен миллиондогон киши кырылганы айгине болуп чыга келген. Сталиндин өкмөтү эл каттоонун жыйынтыктарын акыры 1939-жылы жарыялаган, бирок андагы көрсөткүчтөр оңдолуп-түзөлүп, кыйла жогорулатылган эле. Бардык маалымат болгону 10 бетти ээлеген.

Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзунда өткөрүлгөн 1959-жылкы эл каттоонун жыйынтыктары бир нече миң баракка араң баткан, 2002-жылы Орусияда өткөн соңку сурамжылоонун маалыматтары 40 миң бетти ээледи.

Андагы маалыматтар, айрыкча калктын улуттук курамы тууралуу сандар күмөн санатаарын Москвалык этнограф, демографтар белгилеп келатышат. Маселен, жакында Москванын башкы муфтийи шаарда 2 миллиондой мусулман жашайт, мечиттер саналуу, жаңы мечит куруу керек деген билдирүү таратты. 7 жыл мурунку эл каттоодо Москвада мусулмандар саны муфтий айткандан 3 эсе аз көрсөтүлгөн.

Андан башка жалпы Орусия калкынын саны 142 миллион адам деп эсептелгени менен, иш жүзүндө 137 миллиондун тегерегинде деген маалыматтар жарыяланды. Адистер ушу тапта Орусия калкы жаш курагы, улуттук, диний жана башка көрсөткүчтөр жагынан ыкчам өзгөрүп баратканын, жумушка жарамдуу адамдар саны жыл сайын 1 миллиондой кишиге кыскарып, эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, орто эсеп менен ушу тапта 16га чыккан жаш уландардын жарымы 60ка чыкпай өмүрүнөн ажыраарын айтышат.

Эл аралык миграция уюмунун баамында, Орусия алдыдагы 10-20 жыл ичинде 20-25 миллиондой чет элдик мигрантты кабыл алып, иш орундарын толтурууга аргасыз болот. Жоржтаун университетинин профессору жакын арада эл каттоо жүргүзүлбөсө, орус өкмөтү алдыдагы саясатын кантип аныктайт? – деген жүйөлүү суроо узатат.

- Бул демографиялык өнүгүү-өзгөрүүнүн баары саясатта эске алынышы керек. Беш жылдан кийин мектепке канча бала барат? Калктын саны азайып баратканы өкмөттүн экономикалык саясатына кандай таасир этиши керек? Ушуга окшогон суроо толтура. Саясатты четке коюп, эл каттоодо калыс маалымат топтоп, ошого жараша иш жүргүзүлүшү кажет.