13-февралда Иркутск шаарында эки миңге чукул киши Байкал целлюлоза-кагаз комбинатын жабуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышты. Алардын сунушу боюнча Байкальск шаарынын тургундарын башка иш менен камсыз кылуу керек.
Ушул эле күнү дагы бир митинг өтүп, анын катышуучулары комбинаттын ачылышын кубаттап чыгышкан. 1960-жылдары курулган комбинат көлдү булгаганга байланыштуу экологдордун талабы менен 2008-жылы жабылган эле.
Байкальск шаарында 17 миң киши жашайт. Бул шаарда кезегинде олигарх Олег Дерипасканын колуна өткөн кагаз чыгаруучу комбинат экологдордун талабы менен 2008-жылы жабылып, анда иштеген 15 миң жумушчу бошотулган. Орусияда бир ишканага тагдыры байланган 26 шаар бар.
Өкмөт башчы Владимир Путин өткөн жылы январь айында Байкальск шаарындагы целлюлоза-кагаз өндүрүүчү комбинатты кайра иштетүү токтомуна кол койгон. Бул жолу ушундай талап менен митингге эки миң киши катышты. Байкальск шаарынын башчысы Валерий Пинтаев буларды айтты:
- Иркутск облусунун бийлиги менен бирге биз Байкальск шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын колдойбуз.
Ушул эле күнү дагы бир нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары Иркутск, Ангарск, Шелехово, Улан-Удэ шаарларынан келишкен. Алар «БЦБК жабылсын!», «Байкальск тургундарына башка иш берилсин» деген талаптарды айтып турушту.
«Байкал толкуну» кыймылынын теңтөрайымы Марина Рихванова буларды белгилейт:
- Байкальск шаарынын келечеги кең экенине менин күмөнүм жок. Ал үчүн бул жерде туризм, таза суу чыгарып сатуу, таза тамак-аш өндүрүү - сыймыгыбыз болуп каларына ишенмин.
“Тилектештик” кыймылын уюштургандардын бири Владимир Милов бийлик Байкал көлүнө дагы бир жолу кол салды деген пикири менен бөлүштү. Муну менен бийлик ыйык көл жээгинде жашагандардын камын жебей тургандыгын билдирди, дейт Милов:
- Бийлик комбинатта иштеген 1500 кишини ойлогон жок, ал олигарх Дерипасканын байлыгын арттыруу үчүн гана аракет жасоодо.
Байкал - дүйнөдөгү эң терең көл. Жер жүзүндө ичүүгө жарачу таза суунун 20 пайызы - Байкалда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.