Москвада борборазиялык мигранттарды улутчул жаштар сабап кетишти

Орусияда иштеп жаткан тажик жарандары

Москвада 20-апрелде курулуш жүрүп аткан жайда массалуу түрдө мушташ чыккан. Анын айынан ооруканага жети киши түшкөн. ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда, Тажикстан менен Өзбекстандан келген жумушчулар түнөп жүрчү тамдын тамдын эшигин бузуп ичке кирген беш улан ичтеги 20дай мигранттарды токмоктоп туруп качып кетишкен. Жарадар болгондорду ташууга кийин 12 «Тез жардам» автоунаа чакырылган.
Дүйшөмбү күнү курулуш аянтында орун алган кагылышты ИТАР-ТАСС милиция өкүлү айткан маалыматка шилтеме берип, башкачараак чагылтты. Ал жерде Тажикстан менен Өзбекстандан келген эмгек мигранттар жатак кылган жайга белгисиз беш киши эшигин сындырып кирип барышкан.

Капилеттен чыккан кармаштан бир киши бычак жеп, беш киши желим ок жеп жарадар болушкан. Кол салгандар качып кетишкен. Кылмыш иши козголуп, иликтөө иши башталган. Кай бир анализчилер муну ашынган улутчул жаштар - такырбаштар жасашты, анын өзгөчө себеби болгон деп каңкуулашат.

Москва шаардык милиция башкармасынын жетекчиси Владимир Пронин жыл 21- январь күнү журналистер алдында улутчул жаштарды ооздуктоо багытында жасап аткан аракет кыйла экенин билдирген. 2008-жыл ичи улутчул маанай астында кол салып, 28 кишинин канын төккөн такырбаштар тобунан бешөө колго түшүрүлгөн. Андан аркы кебинде Пронин былтыр улуттук касташуу беренеси менен 58 кылмыш ишин козголуп, анын ичинен 52 иш сотко жеткенин билдирген.

Алдыңкы аптада улутчул жаштар Гитлердин туулган күнүн белгилеп, 20-апрелде бийликтен уруксаты жок көчөгө чыгып, өңү-түсү бурууларга кол салууларды уюштура тургандыгын жарыялашкан. Ал эми 19-апрель күнү ИИМ андай жорукка жол бербейбиз деп ырасмий жооп айткан.

А бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусиянын» жаштар канаты «Наши» кыймылы 20- апрелде экстремисттик улутчул жаштарды ооздуктоо боюнча милицияга жардам беребиз деп билдирген. Москвалык милиция дүйшөмбү күн үчүн өзгөчө кам жеп атканын билдирген. Алар тынбай көз сала турган жайлар: чет элдик жарандар турчу, келип-кетчү, окуган, иштеген жерлер, улуттук борборлор, мечиттер, синагогдор болорун айтышкан.

Улутчул көз карашты карманган «Славяндар союзу» уюмунун жетекчиси Дмитрий Демушкин айтканга Караганда, такырбаштар мигранттар менен чет элдиктерге кол салганы атышканынан кабары бар. Бирок алар түсү бурууларга кол салуу коюуну бизге кеңешпей өз алдынча уюштурат деген.

Белгилүү адам укугун коргоочу Светлан Ганушкина ИИМ эмне себептен ашынган улутчулдар уюштурганы жаткан акцияны күн мурунтан тыйып кое албайт деп маселе коюуда. Айтылуу адам укугун коргоочу Сергей Ковалевдун баамында улутчул жаат менен бийликтин таламдаш болуп кетиши ушундай абалды жаратууда. Ошондуктан коомчулук талапты катуу коюуга милдеттүү дейт Ковалев мырза:

«Мындай кылмышты ким жазабасын – бийлик күнөөлүү. Жарандык коом бийликтин колунан иш келбей аткандыгы үчүн шектенүүгө милдеттүү».


Серепчилер байкамында улутчул жаштар аймак-аймак болуп: Москва, Санкт-Петербург, Ярославль, Рязан, Псков, Воронеждик топ болуп тармактык күчтөргө айлана баштаган.