4-июнда Польшадагы ыңкылапка жыйырма жыл толду. 1989-жылдын ушул күнүндөгү унутулгус шайлоонун натыйжасында “Солидарность” кыймылынын бийликке келүүсү жалгыз эле Польша эмес, Чыгыш Европанын ал кездеги коммунисттик өлкөлөрүнүн баары үчүн бурулуш алып келген окуя катары эсептелинет. Ал чөлкөмдө коммунизмдин кыйроосунун башталышы болгон эле.
Азыр “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматында иштеген кесиптешибиз Ян Максимук Беларуска коңшу Польшадагы мындан жыйырма жыл мурдагы окуяларды мындайча эскерет:
- 1989-жылдын 4- июнунда поляктар жарым -жартылай демократиялуу парламенттик шайлоодо добуш берип, жеңишти “Солидарность” профсоюз кыймылы тарабынан чыгарылган оппозициячыл талапкерлерге ыйгарышты. Коммунисттер жеңилгенине моюн сунуп, “Солидарность” өкмөттү куруусуна жол ачышты”.
Анткен менен Польшадагы кырдаалдан жакшы кабардар кесиптешибиз Ян Максимук кошумчалагандай, бүгүн ошол окуялардан жыйырма жыл өткөн шартта, саясий элита менен катар карапайым поляктар өлкөдө 1989-жылы жана андан кийин орун алган жараяндарга баа берүүгө келгенде, эки тайпага ажырап кетишет.
“Солидарность” бийликке жеткен шайлоо
1989-жылдын 4- июнундагы шайлоо бийликтеги коммунисттер менен “Солидарность” кыймылы ортосунда “тегерек стол” деп аталган талкуулардын аркасында жетишилген макулдашуунун натыйжасында мүмкүн болгон эле.
Польшаны ошол жылдары каптаган экономикалык көйгөйлөрдөн улам башында жумушчулардын укугун коргоо максатында уюшулган “Солидарность” кыймылы иш таштоолорду, демонстрацияларды өткөрүп, коммунисттик өкмөткө чакырык таштап турган. Натыйжада өлкөнүн ал кездеги жол башчысы, генерал Войцех Ярузельский “Солидарность” кыймылынын айрым таанымал лидерлерин өлкөдөгү саясий системаны олуттуу өзгөртпөстөн туруп эле өкмөткө кошууну чечкен.
Бирок кыймылдын ал кезде кеме куруучу заводдун жумушчусу болуп иштеген Лех Валенса баштаган лидери мындан көпкө жетише алышты. Коммунисттер 1981-жылкы аскерий абалдан кийин тыю салынган “Солидарность” кыймылын мыйзамдаштырууга гана макул болбостон, эки палаталуу парламентке жана президенттин кызматын киргизүүгө көнүшкөн.
Мындан да маанилүүсү алар өлкөдө ага чейин болуп көрбөгөн шайлоо тартибине макул болушуп, парламенттин төмөнкү палатасындагы орундардын 35%ы, жогорку палатадагы орундардын баары эркин талашка түшкөн.
Шайлоонун жыйынтыгы болсо коммунисттер менен катар “Солидарность” кыймылындагылардын өзүн да айран таң калтырды. Кыймыл парламенттин төмөнкү палатасы – 460 орундуу Сеймдин эркин шайлоого коюлган 161 мандатын түгөл, ал эми жогорку палата – Сенаттагы 100 орундун 99ун утуп алды. Натыйжада Польшанын коммунист эмес туңгуч премьер-министри Тадеуш Мазовецки баштаган өкмөтү 1989-жылдын сентябрында ишке киришти. Муну менен өкмөт үчүн “Солидарность” кыймылы жоопкер болуп калды. Президенттике болсо 1989-жылдын августунда парламент генерал Войцех Ярузельски шайланып, бирок бул кызматта ал кыска эле убакыт турду. Анткени коммунизмдин кыйраары анык болуп калган эле.
Өткөнгө өкүнгөндөр да, өкүнбөгөндөр да бар
Польшанын саясий элитасы 1989-жылы “Солидарность” шайлоо аркылуу ишке ашырган ыңкылаптын мурастары боюнча эмне үчүн экиге ажырап кеткенине токтолсок, бул биринчи кезекте кыймыл баштаган өкмөт мурдагы коммунистик башкаруучуларга кандай мамиле кылган деген маселеге байланыштуу. Алсак, “Солидарность” кыймылынын азыркы президент Лех Качиньский сыяктуу мурдагы ардагерлери кыймыл 1989-жылы бийликке келген соң коммунисттерди саясий жана экономикалык турмуштан сүрүп салбай, чоң катачылык кетирген деп эсептешет экен.
Бул топтогулардын көз карашында, жогорку кызматтарды ээлеген мурдагы коммунисттер кайра эле Польшанын посткоммунисттик доорундагы өзгөрүүлөрдүн пайдасын көргөндөр болуп чыккан. Коммунисттер мурдагы кылмыштары үчүн жазаланмак тургай, кийинчерээк социал-демократтардын чапанына жамынып, бийликке кайтып келе алышты. Алар ошондой эле мурдагы саясий байланыштарын, рычагдарын, байлыгын пайдаланып, Польшада 1990-жылы башталган менчиктештирүү жараянынын убайын биринчи кезекте көрүштү. Башкача айтканда, мурдагы коммунисттер көп кыйналбастан эле капиталист болуп чыга келишти. Ошол эле учурда “Солидарность” кыймылынын жактоочулары коммунизмдин кыйроосу менен бирге жакырчылыктын чеңгелине түшүштү.
Айтор мына ушуга окшогон аргументтерди Польшада акыркы он жылдан бери утур-утур өткөрүлүп келе жаткан коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары да ырастап тургандай.
Коомдук пикир
Өлкөдө 1989-2009-жылдары орун алган өзгөрүүлөргө байланыштуу СBOS деп аталган кадыр-барктуу институт быйыл февралда өткөргөн сурамжылоого тартылгандардын көбү коммунисттик доор менен салыштыра келгендиги эң жаман өзгөрүүлөр катары жумушсуздукту, жашоонун кымбаттыгын, саламаттыкты сактоонун начардыгын, айлык акынын аздыгын, жакырчылыктын кеңири жайылганын, коррупцияны, социалдык, экономикалык теңсиздикти аташкан.
Ал эми оң өзгөрүүлөр катары сурамжылоого тартылгандар адатта, дүкөндөр тамак-ашка толуп тургандыгын, жашоо стандарттары жалпысынан оңолгонун, чек аралар ачылып, саякатоо, ой-пикир билдирүү эркиндиги орногонун, өлкө Европага интеграцияланып, НАТОго жана Евробиримдикке кошулганын айтышат.
Саясий элитадан мындан жыйырма жыл мурдагы багытты туура деп эсептегендердин көз карашы тууралуу “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Ян Максимук мындай дейт:
-1989-жылы алынган багытты жактагандар арасында мурдагы президент Лех Валенса, азыркы премьер-министр Доналд Туск да бар. Алардын ырастоосунда,1989-жылы коммунисттер менен жетишилген макулдашуу “Солидарность” кыймылынын коммунисттерден саясий өч алуусун иш жүзүндө четтетүү менен Польша тоталитаризмден демократияга тынч өтүүсүнө жол ачты жана калган коммунисттик өлкөлөр үчүн үлгү катары кызмат кылды.
“Солидарность” жасаган ыңкылаптын 20 жылдыгына арналган иш-чаралар 4-июнда Польшанын аталган кыймылдын бешиги катары эсептелген, Кара деңиз жээгиндеги Гданьск шаарында өтүүдө.