Пакистандын түндүк-батыш аймагындагы Пешевар шаарында октябрдан бери эле үч жүздөй адамдын өмүрү кыйылды. Калаанын тургундары эки оттун ортосунда калганын айтышууда.
Пакистан армиясы Ооганстанга чектеш тоолуу Түштүк Вазиристан аймагында масштабдуу операцияларды баштагандан тартып Пешевар козголоңчулар менен террорчулардын башкы бутасына айланды. 28-октябрда шаардагы кичи базарда дүрмөттөлгөн машина жарылып, жүздөн ашуун киши опот болду. Октябрдын башында коңшулаш Хайбердеги базарда жарылган бомбадан элүү киши жер жазданды. Андан бери шаардагы мечиттерде, аскерий жайларда бир нече ирет ушундай кыянаттар болду.
Жанкечтилер менен террорчуларга кошумча болуп шаарда кылмышкерлер, ууру-кескилер күч алды. Колунда бар адамдардын балдарын, туугандарын уурдап кетип, аларга кун талап кылган барымтачылар көбөйдү. "Ошонун айынан байгер бизнесмендер шаардан көчүп кетип жатышат",- дейт адвокат Камран Ариф.
Кооптуу абал шаардагы турмуштун жолоюн да өзгөртө баштады. "Удаама-удаа жарылган бомбалар калктын үшүн үркүтүп койгондой болду. Көптөрү балдарын мектепке жөнөтпөй, коомдук жайларга, базар-учарга, кинотеатрларга, жадагалса мечиттерге да кем каттап калышты", - дейт Ариф.
Шаарда дарыкана кармаган бизнесмен Камар Фарук кардалдардын агымы кан буугандай тыйылып калганын айтып, өзү да үч баласын үйүнөн бир карыш алыс чыгарбай, кайтарып отурганын ырастады. "Баарын үйдө камап отурабыз, мектепке кетишсе, дүрбөп калабыз. Иши кылып, баары башаламан түшүп калды",-дейт ал.
Пешевардын атактуу кан базарында азык-түлүк сатып, соода кылган дүкөнчү Фарзанд Али да шаарда коопсуздук шарты айласыз начар экенин, башка жактарга турсун ооруканаларга да кишилер бут баспай калганын бышыктады.
Такси айдаган шаарлык кирекечтердин бири Риаз жанын оозуна тиштеп оокат кылып жатканын моюнга алды. "Бала-бакырамдын түйшүгү мойнумда турганда коркуп үйдө отуруп алмак белем? Корксом да аларды бакканы ушинтип иштеп жатам",-дейт ал.
Пешеварды "балакет тооруп" калганын жергиликтүү калк ар кайсыга жоруп киришти, атүгүл муну коңшулаш Индиядан көргөндөр бар. Исламабадда чыгуучу басылмалар болсо өлкөдөгү кырдаалды атайылап курчутууну көздөп жаткан "көрүнбөс колдордун" тизмесин түзүп, ага АКШ менен Ооганстанды кошту.
Бул учурда Пешеварда бейшемби күнү дагы бир бомба жарылды. Айтымда, аны полициянын машинасына коюп кетишкен экен. Үч киши жарадар болгону айтылды.