Ө.Текебаев: Элди өз укугун коргоого чакырабыз

Ө.Текебаев "Азаттыктын" Вашингтондогу кеңсесинде, 2008 декабрь

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларды жеке колго сатуу чечимин айыптоодо.
Кыргызстандагы эки жылдан бери созулган энергетикалык кризистен чыгуунун жолун кыргыз өкмөтү энергетикалык компанияларды сатыкка коюп, жеке колго өткөрүү керек деп чечти. Бул тармакты жаңыча башкарууга өткөрмөйүн энергетикалык туңгуюктан чыгууга мүмкүн эместигин өлкө жетекчилиги калкка түшүндүрүү аркетинде.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө байлыгы башка бир тараптардын колуна өтүп кетүү коркунучунда экенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

«Азаттык»: -
Өмүрбек мырза, буга чейин өлкөдөгү солчул күчтөрдү бириктирип конфедерация түзүү максатыбыз бар дедиңиз эле. Бул ишке ашуудабы?

Ө. Текебаев: -
Бул багытта иштер жүрүп жатат. Социал-демократиялык партия жана солчул багыттагы уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Менин оюмча өкмөттүн тариф саясатына каршылык акцияларын жүргүзүүдө келечектеги конфедерациясынын формасы жана катышуучулары аныкталып калышы мүмкүн.

«Азаттык»: -
Коомдук парламент чакырылып энергетикалык абал талкууланат деп да айттыңыз эле. Бул сөз тейден эле калдыбы?

Ө. Текебаев: -
Жок. Бул маселе айтылгандан кийин жакынкы күндөрү бул жыйналышты уюштурабыз.

«Азаттык»: -
Демек, Коомдук парламент жакынкы күндөрү өлкө боюнча чакырылат?

Ө. Текебаев: -
Өлкө боюнча эмес, анын алтымыштай мүчөсү бар. Көптөн бери, тилекке каршы жыйын чакырылбай келүүдө. Канча мүчөсү калган калбаганын тактап туруп декабрь айынын он бештерине чейин жыйынды чакырабыз.

«Азаттык»: -
Кыргыз өкмөтү жаңы энергетикалык тарифти тааныштыргандан кийин элдин нааразылыгы күчөп, митингдер болсо анын катышуучуларын колдой турганыңарды билдирдиңер эле. Бул оюңар дагы деле бекемби?

Ө. Текебаев: -
Биз өкмөттүн тариф саясатын элге каршы, элдин кызыкчылыгына каршы саясат деп эсептейбиз. Ошондуктан биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бул тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз. Ага каршы чыгуунун формалары ар кандай болушу мүмкүн. Ал акцияларга катышуучулар, убактысы, өтө турган жери ар кандай формада болушу мүмкүн. Муну жергиликтүү эл, шаарлардын жашоочулары өздөрү аныкташы керек.


Мурункулардан айырмаланып, биздин партия же башка саясий уюм демилгечи болуп чыгып, качан, кайсыл жерде, кандай формада болоорун биз аныктайбыз деп айтканыбыз жок. Биз эмгекчил элди активдүү болууга, өз кызыкчылыгын коргоого чакырдык. Зарыл болгон учурда биз кеп-кеңешибизди жана уюштуруу иштеринде жардам берүүгө даяр экенибизди, андан баш тартпай турганыбызды билдирдик. Мына азыр Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде жаңы тарифтер кызуу талкууланып жатат.

Биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бул тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз.


Бишкекте бир-эки чакан, ачык нааразычылык акциялары болуп, эл өзү нааразычылыгын билдирди. Мына ушуга окшогон элдин күтүүсүз, өз алдынча чыккан акциялары Таласта, Нарында, Баткенде жана башка жерлерде байкалып жатат. Ушинтип коом бул саясатка каршы. Биз өтө турган иш-чараларды саясий эмес, биринчи кезекте социалдык, экономикалык талаптар менен өтчү акциялар болот деп турабыз.

«Азаттык»: -
Энергетикалык жаңы тарифти оппозициялык күчтөр, саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланууда, же болбосо ошого максат кылып жатат деген ойго кошуласызбы?

Ө. Текебаев: -
Кандайдыр бир даражада кошулса болот. Биз бул саясатка каршы экенибиздин он жылдан ашуун айтып келе жатабыз. Бул бийликке ийгилик, жаңы колдоо алып келбей турган кадам. Анткени, мына баа көтөрүлүп, көтөрүлбөй жатып эле өкмөт декабрь айынын аягында энергокомпанияларды сатуу боюнча тендер жарыя кылынганын айтты. Мунун максаты элден акча жыйнап, бул тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү. Мына ушундай аракеттери менен өкмөттүн, бүгүнкү бийликтин максаты ачык көрүндү.

...элден акча жыйнап, бул тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү...


«Азаттык»: -
Нааразылыкка чыкчуларга колдоо көрсөтүү, алар менен бирге болуу, балким, кийинки ыңкылап дейбизби, төңкөрүш дейбизби, айтор туруксуздукка алып келчү кадам эмеспи?

Ө. Текебаев: -
Элдин нааразылыгынын күчөшү жана алардын активдешүүсү биринчи кезекте оппозициянын иш-аракетинен эмес, бийликтин жасап жаткан саясатынан, алардын кетирген кемчиликтеринен, адам укуктарын көзгө илбей тебелегендиктен келип чыгат. Эгерде ошондой абал түзүлсө, буга биринчи кезекте бийлик, анын жүргүзүп жаткан саясаты себепчи болот.

«Азаттык»: -
Сиздин партия, өзүңүз ушундай агымдын алдында болуу максатыңар айкынбы?

Ө. Текебаев: -
Биз, Бириккен элдик оппозиция бүгүн оппозициялык маанайдагы кыймылдарды координациялап, бир багытка бурганга даяр. Ал боюнча экономикалык планда, саясий планда да даяр документтери, көз караштары бар.

«Азаттык»: - Бирок ошол эле учурда чоң кооптонуу бар да, саясий куугунтуктоо, саясий лидерлердин жеке коопсуздугу деген. Бул жагын кандай баалайсыз?

Ө. Текебаев: -
Ооба. Абал курчуган сайын бул коркунуч реалдуу болоорун биз билебиз. “Эми корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт” дейт. Этият болуш керек... Бешенеге жазганды көрөбүз деген ишеним менен өзүбүздүн идея, принциптер үчүн күрөшүүбүз керек. Биздин социалисттердин негизги принциби – биз көрбөсөк, балдарыбыз көрөт. Биз ушул принцип менен аянбастан күрөшүүгө даярбыз.