“Муштум кесебеген" мусулмандарга АКШ кол сунганга даяр

Президент Барак Обама Дубайдагы "Ал-Арабия" телеканалынын суроолоруна жооп берүүдө.26-январь 2009-жыл.

АКШ президенти Барак Обама “Ал-Арабия” телеканалында мусулман дүйнөсүн Вашингтон администрациясынын жылуу жана достук медилине ишендирди. Жакынкы Чыгыштагы абалга, Иран маселесине кайрылып, Обама бул проблемалардын чечилишине анын өкмөтү жаңыча мамиле жасарын белгиледи.
“Ал-Арабия” телеканалындагы интервюсунда Барак Обама адаттагыдай эле агынан жарылды. “АКШ буга чейин көп иштерди өмгөккө салып жасап келген, - деп айтты ал. - Эми бул өзгөрөт, мусулмандарга урмат менен мамиле жасалат”.

Обама өзү бир кезде мусулман өлкөсүндө жашаганын, үй-бүлөсүндө да мусулман динин туткандар бар экенин эске салып, Жакынкы Чыгыш проблемасын чечүү үчүн убактысын аянбай турганына ишендирди.

Бул максатта регионго өзүнүн жаңы өкүлү Жорж Митчеллди жөнөткөнүн маалымдап, Обама аны аброй-аптарыйкаты, эл аралык арачылык иштерде чоң тажрыйбасы бар ишмер катары мүнөздөдү.

“Мен ага тараптарды кулак төшөп, уга билүүнү табыштадым. Анткени АКШ көп маселелерди адатта баса көктөөдөн баштап келген, ошондон улам жагдайга тиешеси бар бардык эле факторлорду биле алган эмеспиз”,-деп айтты Обама.

Обама “израил-палестин жаңжалын гана ойлоп,ал эми Сирияда, Иранда же Ливан менен Ооганстанда болуп жаткан иштерди капардан чыгарып салууга да болбой турганын” эскертти. Буга ар тараптуу, комплекстүү мамиле керек.

Обама иран темасына да кайрылды.“Ортодогу карама-каршылыктар эмнеде, ал эми прогресс үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар, муну так-таасын айтуу үчүн Иран менен сүйлөшүүлөргө даяр болууну” Обама АКШга “абдан маанилүү” иш деп атады.

“Ант берген соң сүйлөгөн сөзүмдө айтканымдай, эгер Иран өңдүү өлкөлөр муштумун жазгысы келсе, аларга биз кол суна алабыз”,- деп тактады Обама.

Обаманын сөздөрүнө мамилесин билдирип,Сириянын президенти Башар Асад Вашингтон эч кандай шарт койбосо, Дамаск да ушундай эле шартта АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастады. Жаңы президент катары Обаманын алгачкы аракеттеринен арап дүйнөсү “дурус белгилерди көрүп жатканын” белгилеп, ошол эле учурда Ассад мындай белгилерге бекем ишенич артыш али эртелик кыларын, этиет болуу керектигин да эскертти.

Ал эми Иран жудуругун жумган бойдон калабы же кантсе да алаканын жазабы,муну азырынча Тегеран өкүлдөрү айтыша элек.