Обама: Чалгындоо кызматы чабуулду токтото албады

Президент Барак Обама (төрдө) Ак Үйдө улуттук коопсуздук кызматтарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө. 5-январь, 2010

АКШнын чалгындоо кызматтарында нигериялык жанкечтини Кристмас күнү америкалык авиалайнерге түшүрбөй кармаганга жетерлик маалымат болгон.
Бирок, президент Барак Обаманын сөзүнчө, чалгындоо кызматтары колдогу маалыматты туура баалап, пайдалана алган эмес. АКШ президенти мындай билдирүүнү 5-январда Ак Үйдө коопсуздук маселесине арналган жыйында жасады.

Маалымат чогултууда айып жок, айып - аны туура баалабаганда

Президент Обама 5-январда кышкы дем алыштан чыгар замат Ак Үйдүн Курч кырдаалдарды талдоо бөлмөсүндө АКШнын чалгындоо кызматтарынын башчылары менен чогуу 25-декабрда ишке ашпай калган террордук чабуулга байланыштуу жыйын өткөрдү.
Барак Обама улуттук коопсуздук боюнча командасы менен Ак Үйдө өткөн жыйындан кийин, 5-январь 2010
Барак Обама АКШлык учакты жардырмак болгон террорчуну учакка жеткирбей кармаганга зарыл маалыматтарга чалгындоо кызматтары маани бербегенин көзгө сайып айтты:

– Маселенин маңызы бул: АКШ өкмөтүндө Кристмас күнкү чабуулдун бетин ачып, аны болтурбаганга жетерлик маалыматы болгон. Бирок биздин чалгындоо жамаатыбыз шектүү немени учурбай койчу маалыматтарды бириктире алган эмес. Башкача айтканда, маалымат чогултууда айып жок, кемчилик - бизде бар маалыматарды туура баалай албаганында.

Нигериялык Умар Фарук Абдулмуталлаб Детройтко бараткан учакты жарылмакчы болуп жатканда, жүргүнчүлөр тарабынан токтотулган. Авиалайнерде 300гө жакын адам болгон.

Абдулмуталлаб атасына эмес, "ал-Каидага" жетеленген

23 жаштагы Абдулмуталлабдын ысмы АКШнын террорчулукка каршы күрөшүү боюнча борборунун маалымат банкындагы ишенимсиз деп шектелген 550 миңдей адамдын тизмесинде болсо да, ал АКШга бараткан учакка эркин койо берилген. Уулунун ислам экстремисттери менен жакындашып, Йеменге кеткенин атасы Нигериянын коопсуздук кызматтарына жана АКШнын элчилигине былтыр кабарлаганы 25-декабрдагы ишке ашпаган чабуулдан кийин ачыкка чыкты.

Президент Обама чалгындоо кызматтарынын мындай жаңылыштыгына ынана албасын баса белгиледи:

- Мен маалыматта табиятынан кемчилиги бар деп билем. Бирок бар маалымат толук талдоого алынбаганы же алардын толук пайдаланылбаганы айкын болууда. Бул жарабайт, мен буга жөн карай албайм.

Кристмас күнкү опурталдуу окуядан соң Обама аба каттамдарындагы текшерүүлөрдү күчөттүрүп, террорчулукка каршы күрөшүү кызматтарынын ишин кылдат териштирүүнү буйруган эле.
Обама шейшемби күнү өлкөнүн коопсуздугуна жооптуу 20дан ондон ашуун агенттиктердин жетекчилерине алардын болочокку милдеттерин да эскерте кетти:

- Мен бул жетекчилерди Ак Үйгө чакырдым. Себеби биздин алдыбызда өтө зарыл иштер турат. “Ал-Каида” жана анын экстремистчил өнөктөштөрү америкалыктарды өлтүрүү аракетин токтотушпаганын Кристмаста көрбөдүкпү. Биз мындай пландарды болтурбай тим болбостон, алардын түйүндөрүнүн тамырын кыйып, биротоло жок кылышыбыз керек.

Абдумуталлабды жанкечтиликке Йеменде жайгашкан жана өзүн Арабия жарым аралынын “ал-Каидасы” деп атаган мурда белгисиз топ даярдаганын билдирген.

Барак Обаманын тапшырмасына ылайык, чалгындоо жана күч органдарынын жетекчилери кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча берилген көрсөтмөгө жараша өз сунуштарын ушул жумада беришет. Анын негизинде чукул арада жаңы чаралар иштелип, улутка жарыяланат.