Айыл чарбасындагы “Жашыл ынкылаптын” атасы - Норман Борлоуг 12-сентябрда 95 жашында о дүйнө кетти.
Тарыхта Норман Борлоугтон көп адам өмүрүн сактап калган инсан жок.
Жозетт Ширан
Көпчүлүк эксперттердин эсебинче, Норман Борлоуг XX-кылымдын экинчи жарымында дүйнөнү ачкачылыктан сактап калды жана кеминде миллиард адамды өлүмдөн куткарган. Ошон үчүн, Борлоугтун өмүр таржымалы жөнүндө 2006-жылы чыккан эмгек “Дүйнөнү азыктандырган адам” деп бекеринен аталбаса керек!
Окумуштуу-патолог дан азыктарынын, анын ичинде буудайдын жана күрүчтүн түшүмдүү бир нече түрүн чыгарган. Жаңы ыкмаларды Борлоуг 1944-жылы дан азыктары тартыш Мексикага жөнөтүлүп, 12 жыл иштеп жүргөндө оболу колдонгон. Атап айтканда, ал жергиликтүү буудайды япон буудайы менен кайчылаштырып, Мексиканын шартында мол түшүм берчү, даны ооруп кургап кетпеген жана жер семирткичке таасирлүү түрүн өстүрөт. 1950-жылга Мексикада буудайдын түшүмдүүлүгү өсүп, өзүн өзү дан менен толук камсыздоого жетишет. Ал эми Яки өрөөнүнүн дыйкандары буудайды Азияга сата баштайт.
1960-жылдардын башында Индия менен Пакистан эли ылдам көбөйгөнгө байланыштуу өзүн дан азыктары менен камсыздай албай калганда Борлоугдун идеялары жардамга келет. 1970- жана 80-жылдардагы Азиянын айыл чарбасындагы дүркүрөп өсүү региондун экономикалык кубаттануусуна алып барат. Борлоугга “Азык түлүк тартыштыгын чечүүгө кошкон салымы” жана “Жашыл ыңкылапты” жүзөгө ашырганы үчүн” 1970-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылат.
Норман Борлоугдун эмгеги мекенинде да жогору бааланган. Илимпоз АКШ Конгрессинин Алтын медалы, Президент берчү Эркиндик медалы менен сыйланган саналуу америкалктардын бири.
Борлоугдун ыкмасы мурдакы СССРде да колдонулган. Тажикстандын совет жылдарындагы Айыл чарба министри Вахоб Вахидов алдыңкы ыкманы колдонуу түшүмдүүлүктү көбөйткөнүн айтат:
- Тажикстанда буудайдын Норман Борлоуг деп аталган тукумун колдонуп, гектарынан 5 тоннадан көп буудай алганбыз.
Бирок Борлоугдун технологиясын пайдалануу Түркмөнстанда ийгиликсиз болгон.
Норман Борлоугдун идеялары дыйкандарга дан азыктарынын түшүмдүлүүгүн көбөйтүүгө, Азия, Африка, Латын Америкада азык түлүк каатчылыгын жеңүүгө жардамдашканы менен, окумуштууну сындагандар да арбын. Экологдор Борлоугду данды көп аянтка эгүүдөн, химикаттарды жана жер семирткичтерди колдонуудан кыртыш жана айлана чөйрө зыян тартты деп сындашат. Экономисттер болсо дандын түшүмдүү тукумун пайдалануу-айыл чарбасын каржылоону кыскартты, анын кесепетинен тармак өнүкпөй калды, илимий ыкманын үзүрүн ири компаниялар көрүүдө дешет.