Медицинадагы Нобел сыйлыгы АКШга кетти

АКШлык 3 илимпозго медицина боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылды. Нобель комитетинин сайтынан. 5-октябрь, 2009-ж.

Элизабет Блэкберн, Кэрол Грейдер жана Жек Шостак кишинин организминдеги хромосомдорду коргоо механизмин табышкан.
Андан сырткары алар клеткалар бөлүнүү малында кайра кантип өндүрүлөөрүн жана аларды эскирип жок болуудан кантип коргоо керек экенин изилдеп чыгышкан. Биология илиминдеги алардын ачылышы картаюунун клеткалык механизмдерин жана рак дартынын өнүгүшүнө салым кошкон ферменттерди изилдөөгө жол ачты. 1 миллион 400 миң долларлык сыйлык 3 окумуштууга Стокгольмдогу салтанатта 10-декабрь күнү тапшырылат.

Америкалык 3 илимпоздун ачылышы медицина илимине кандай жаңылык алып келгенин Нобель комитетинин мүчөсү, Швециядагы Каролинска институтунун профессору Руне Тофтгард төмөнкүдөй чечмелей кетти:

- Элизабет Блэкберн, Кэрол Грейдер жана Джек Шостак изилдеп тапкан теломераза, адамдын ДНКсынын теломерин узарткан фермент, ал хромосомдорду кыскарып, туруксуз болуудан сактайт. Бул фундаменталдык механизмдин табылышы медицинада 3 тармакта – рак дарты, генетикалык оорулар жана организмдеги картаюу жараянын изилдөөгө чоң салым кошту.

Теломеразаны кээ бир окумуштуулар “клеткалык түбөлүк жашоонун ачкычы”, “же түбөлүк жаштыктын ачкычы” деп да атап жүрүшөт. Эгерде клеткада теломераза иштеп турса, андагы өзүн өзү жок кылуу жараяны эч убакта башталбайт экен. Теломераза иштебей калганда гана клеткадагы бөлүнүү жараяны адамдын картайышына алып келип, бара-бара клеткалар өзүн өзү жок кылат.

Блэкберн менен Грейдер теломеразаны 1985-жылы ачышкан. Андан бери ал аркылуу рак клеткаларындагы керектүү ферменттерди өлтүрүп, дарттын өнүгүшүн токтотуу жолдору изилденди. Шостак болсо генетикалык инженер. Ал медицинада алгачкы ирет ачыткыдагы жасалма хромосоманы даярдаган.

Илимпоздорго берилчү 1 млн 400 миң долларлык сыйлыктын эми физика, химия, адабият, экономика жана тынчтык жаатындагы лауреаттары ушул аптада биринин артынан бири жарыялана берет. Швециядагы комитет ар дайым дүйнөлүк сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлер тизмесин жашыруун сактайт. Айрым маалымат каражаттары тынчтык жаатындагы сыйлыкка быйыл 205 талапкер көргөзүлгөнүн, алардын арасында АКШ менен Франциянын президенттери бар экенин кабарлашты.

Нобел сыйлыгы 1901-жылы швециялык илимпоз, динамитти ойлоп тапкан Алфред Нобел тарабынан негизделген. Ал бул сыйлык жыл сайын “адамзаттын өнүгүүсүнө зор пайда алып келген, эртеңки келечегине салым кошкон инсандарга берилсин” деген тилегин айткан экен.