Голландияда мусулмандарга каршы партия шайлоодо ийгиликке жетишти

Ашынган оңчулдардын партия лидери Гирт Вилдерс жергиликтүү шайлоодо добуш берип жатат, Гаага, 3-март, 2010-жыл

Голландиянын эки ири шаарында жергиликтүү шайлоодо антиисламчыл саясатчынын партиясы ийгиликке жетишти. "Эркиндик үчүн" партиянын лидери Гирт Вилдерс жайында парламенттик шайлоодо жеңээрине ишенет.
Байкоочулардын баамында, "Эркиндик үчүн" партиясынын 3-март күнкү шайлоодогу жеңиши буга чейинки тенденцияны далилдеди. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, партия Голландия өкмөтү жайгашкан Гаагада марага экинчи болуп келди, калкы 200 миң чакты адамды түзгөн Алмер шаарында болсо добуштардын 21 процентиндейин чогултуп, "Жумушчу" партиядан озуп чыкты.

Ашынган улутчулдардын лидери Гирт Вилдерс бул ийгилигин жалпы элдик шайлоого даярдык катары баалоодо. Бир нече күн мурун бийликтеги коалиция ыдырагандан кийин жайында эрте шайлоо өткөрүлөөрү жарыяланган. 3-мартта добуш берүүчүлөр арасында өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, "Эркиндик" партиясы ал шайлоодо жеңип чыгышы ыктымал. Алар 150 орундуу парламентте болжолу менен 27 мандат алууга кудуреттүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин Вилдерс Гаага жана Алмердеги ийгиликти өлкө аймагы боюнча кайталай алабыз деп, колдоочуларына кайрылды.

"Эркиндик үчүн" партиясы 2006-жылы “өлкөнүн исламдашуусун токтотуу” урааны менен түзүлгөн.

Жогоруда айтылгандай, февралда бийликтеги борборчул-солчул коалиция ыдырап кеткен. Атап айтканда, "Жумушчу" партия Христиан демократтар менен Ооганстан миссиясы боюнча мунасага келе албай коюшкан.

Христиан демократтардын лидери, премьер-министр Ян Петер Балкененденин айтымында, эми голландиялык контингент мурда пландалгандай эле августта мекенине кайтып келмекчи. Жумушчулар болсо Ооганстан боюнча талаштын аркасы менен турумдарын бекемдеп алгансыйт. Бирок ашынган солчулдар Вилдерс менен кызматташпай турганын ырасташууда. Баса, "Эркиндик" партиясы былтыр Европарламентке болгон шайлоодо экинчи орунду ээлеген.

Амстердамдагы Врийе университетинин профессору Андре Кроуэл Вилдерс иммиграция маселесин гана эмес экономикалык кризистен келип чыккан нааразылыктан да жакшы пайдалана алды:

- Гаага, Алмер жана башка чоң шаарларда жумушсуздук, кылмыштуулук маселелери өтө курч турат. Вилдерс проблемалардын бардыгын мусулмандардын көбөйүшү менен байланыштырат.

Голландияда мусулмандар калктын 6 процентиндейин түзүшөт. Вилдерс алар голландиялыктардын жашоо жолоюна коркунуч туудурушат деп эсептейт.

Саясатчы 2008-жылы “Фитна” деген талаштуу фильмин Интернетке чыгарып, дүйнөгө таанылган. Исламчыл террористтердин кол салуулары, жихадга үндөгөн динаятчыларды көргөзгөн тасманы Иран, Индонезия жана Пакистан айыпташкан. Былтыр Вилдерс Британияга барып, анын сапары ар кандай тополоңдорго алып келиши ыктымал деген чочулоолордон улам, Лондон аэропортунан мекенине кайтарылган.

Ага ошондой эле расалык жек көрүүчүлүккө тукуруу деген айып тагылышы ыктымал. Айрым маалыматтарга караганда, ал Куранды жана исламды нацизмдин идеологиясы жана Гитлердин “Майн кампф” китеби менен салыштырган. Саясатчы болсо ал “сөз эркиндигине коюлган чабуулдун” курмандыгына айланганын айтат.