Мындан беш жыл мурда, 22-июнга караган түнү, чечендик мурдагы талаа командири Шамил Басаевдин жоочулар тобу Ингушетия борбору Назранга кирип, жумурияттын Ички иштер министирлигинин штабын басып алган. Ал эми мындан он күн мурда Назранда Ингушетия Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Аза Газгиреева атып өлтүрүлдү. Жоромолдорго караганда, бул окуянын да Басаевдин чабуулун иликтөө аракетине байланышы бар.
Беш жыл мурда, 22-июнга караган түнү, Ингушетиянын ордо калаасы жикчил чечендердин жоочулар кошуунунун башчысы Шамил Басаевдин тобунун кол салуусуна дуушар болгон.
Жоочулар милиция жетекчилеринин бири полковник Абубакар Костоевди баш кылып, бери дегенде 80 кишини атып кетишкен.
Ошол жолку кол салуудан жикчилер үчүн жаңы багыт жаралганын «Эркин Европа» / «Азаттык» үналгысынын серепчиси Лиз Фуллер (Liz Fuller) жазат.
Назран окуясына дейре жикчил чечендердин гана күрөшү уланып аткан. Ал күрөштүн бүткүл кавказдык мейкиндикке таркашы жана анын исламчыл кыймылга айланышы ошол жолку Назранга кол салуудан башталганын серепчи белгилейт.
Түндүк Кавказда жаштар милициянын жана коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн кысымын катуу тартышат. Ага чыдабаган жаштар колуна курал алып жеп-ичкендерге жана шалаакы жетекчиликке каршы күрөшүүгө мажбур.
2004-жылы май айында Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын өз атын жашырган бир өкүлү Ingushetia.ru сайты аркылуу Башкы прокурор Владимир Устиновго багышталган маалымат таркаткан. Ал өзүнүн 2003-жылдан тарта жазалоо батальонунда кантип иштеп атканын жазат. Ал мойнуна тагылган милдет боюнча өзү айыптуу деп эсептеген беш кишини апта сайын аңдып жүрүп карматышы керек экен. Натыйжада, ал кат жазып аткан учурга дейре баш-аягы 50дөн ашуун кишини карматканын жана алардын 35тейинин «көзү тазаланганын» айткан.
Аймактын Чеченстандан башка бөлүгүн алсак, автономиясы чала бучук эске алынган Түндүк Кавказ элдеринин биримдигин түзүүгө умтулуу күч. Дагы бир маанай – Москванын үстөмдүгүн жеригендерге таандык. Алар удулу келгенде борбордун башкаруусуна каршы күрөш ачууну эңсейт. Ошондой көрүнүштүн бири – Ингушетияда байкалат. Ал жумуриятта Кремль бийлиги дайындаган жетекчиликти аттан оодара тартуу амалы болууда.
Москва кызматка койгон мурдагы Ингушетия лидери Мурат Зязиков бийликтен четтетилгенден соң саал басаңдаган кол салуулар жаңы президент Юнусбек Евкуровдун тушунда кайра күчөдү.
Маселен, 10-июнда Ингушетия Жогорку сотунун орун басары Аза Газгирееваны белгисиз бирөөлөр Назран шаарында атып өлтүрүп кетишти.
Бул кылмыштуу окуяны президент Юнус-бек Евкуров 2004-жылы 22-июнда Назранга кол салган Басаевдин ишин иликтөө менен түздөн түз байланышта деп сыпаттады.
Бул тууралуу «Азаттыктын» Кавказ аймагы боюнча кабарчысы Олег Ксусов мындай дейт:
«Бул кол салуунун, балким, 2004-жылы Шамил Басаевдин бандасынын Ингушетияга кол салышын изилдөөгө тийиштиги бардыр деди ал».
Кремлге каршылык көрсөтүүнү Бүткүл Кавказ аймагы боюнча уюштурууну 2005-жылы Чеченстандын (Ичкериянын) жикчилдеринин мурдагы президенти Абдулхалим Садуллаев жардык чыгарып сунуштаган.
Ошол кыймыл кулач жайып баратканы туурасында 2006-жылы Доку Умаров айткан. Ал Түндүк Кавказ майданында күрөшүп аткан топтордун жетекчилери катары ингуш Ахмед Евлоев, балкар Анзор Астемиров, ошондой эле ысымдарын атабаган «Даргин» майданынын дагстандык өкүлдөрү, Перси булуңундагы өлкөлөрдөн келген арабдар, азербайжандык атуулдар, орусиялык бойго жеткен кыз тууралуу мисал ирээтинде келтирген.
Кавказда учурдагы жагдай абдан курч экенин айтылуу орусиялык адис Алексей Малашенко мындайча баяндайт:
«Ар апта, а кээде дээрлик күн сайын ал жакта (Түндүк Кавказда) кимдир бирөөнү өлтүрүп кетип жатышат. Министр орун басарлары, полковниктер, муфтийлер жана алардын орун басарларын эсепке албаганда эле алардын үч министрин атып кетишти», - деп мунун акыры жакшылыкка алып келбесин белгилейт Малашенко мырза.
Видео тасма:
Жоочу Шамил Басаев Назранда (архив)
2004-жылдын 21-22-июнунда чечен жикчилери Назранга жүрүш жасаган соң, бул видео тасма жикчилердин интернет барагында пайда болгон. Анда колбашчы Шамил Басаевдин жоочулары Ингуш ички иштер министрлигинин кеңсесинде турганы баяндалган. kavkazcenter.com

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.