Түндүк Корея шаршемби күнү эрте менен кезектеги ракетасын сынады. Андан мурдараак АКШ жетектеген массалык кыргын куралдарын таркатпоо демилгесине кошулган Түштүк Кореянын чечимине жооп катары 1953-жылдагы жарашуу келишиминен чыгарын эскертти.
Шаршемби күнү таңга маал Япон деңизин көздөй атылган ракета эсеби жагынан үчүнчү сынамык болду. Андан бир күн мурда орто аралыкка жете турган эки ракета сыналган болчу. Ал эми дүйшөмбү күнү таңкы үрүң-бараңда аскери полигондо ядролук дүрмөт жардырылган эле.
Мындан тышкары Пхенян өзүнүн Йонбендеги атомдук борборун кайра ишке киргизгени маалым болду. Бул жерде бомбага керектүү плутоний өндүрүлөт.
Түндүктөгү коңшусунун чогоолдугу ашынып баратканынан кооптонгон Түштүк Корея шейшемби күнү массалык кыргын куралдарын жайылтпоо демилгесине (PSI) кошулду. Бул программаны АКШ жетектейт жана деңиз чек араларында чет элдик бардык кемелерди текшерип,карап чыкканга укук берет.
"PSIге кошулуу кадимки милдеттенме,бу бизге кооптуу материалдарды көзөмөлдөгөнгө көмөктөшөт",-деп түшүндүрдү Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Ю Мен Хван.
Пхенян бийликтери Сэулдун бул чечимине илгиртпей жооп кайтарып, Түндүк Корея да мындан ары 1953-жылдагы жарашуу келишимине милдеткер болбой турганын эскертти. Бул келишим Корей согушу бүткөн соң түзүлүп, анын негизинде эки корей өлкөсү өз алдынча мамлекет болуп таанылган.
Пхенян ошондой эле Сэулдун PSIге кошулганын иш жүзүндө согуш жарыялоо катары кабыл алды. "Деңиздеги биздин кемелерге каршы жасалган ар кандай аракет, аларды кармоо же опус кылуу иштери өлкөнүн суверенитетине кол салуу болуп саналат, буга биз буйдалбай кубаттуу аскери сокку уруу менен жооп беребиз",-деп айтылат түндүк кореялык аскери командачылыктын мамлекеттик телеканал жарыя кылган билдирүүсүндө.
Түндүк Корея Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин да айыптап,буга чейин кабыл алган резолюцияларын жокко чыгарууну жана Пхеняндан кечирим суроону талап кылды.
"Биз үчүн опузалоо саясатын токтотуу маанилүү, мындай душмандык саясатты өзгөчө АКШ жана Япония жүргүзүп келатат.Өзүбүздү кантип коргоо керектиги тууралуу биз акыл-наасат укканга муктаж эмеспиз",-деп билдирди Түндүк Кореянын Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орунбасары Пак Ток Хун.
Токиодо япон өкмөтүнүн баш катчысы Такео Кавамура Пхеняндын бул дооматтарын "эл аралык коомчулуктун пикирине текеберленип, Түндүк Корея таптакыр туура эмес жолго түшүп алганын" бышыктаган далил деп атады.
Коопсуздук Кеңешинде бу күндөрү Пхенянга каршы жаңы санкцияларды жарыялоо боюнча жабык консултациялар уланууда.
Резолюциянын катаң талаптарына кошула турганын Россия тастыктады. Орус элчиси Чуркиндин айтымында, документ бир нече күн ичинде даяр болот.