Тасма каракчылыгы менен күрөштө бийликтин ролу зор

Орусияда уюшкан кылмыштуу топтор тасма түшүрүлгөн ДВД дисктеринин көмүскө соодасынан зор пайда табышат. Фильм каракчылыгы деп аталган бул кылмыштуу ишинде алар тартип коргоочуларга пара берип, зарыл болсо, зордуктан жана коркутуп-үркүтүүдөн да кайра тартпайт. Бул жааттагы жаңы изилдөөдө Орусияда айрым жылыштар бар экендиги айтылат.

"Фильм каракчылыгы, уюшкан кылмыштуулук жана терроризм" деп аталган изилдөөнү АКШдагы РАНД копрорациясы жүргүзгөн. Изилдөөнүн авторлорунун бири Грегори Тревертон эмне үчүн Орусияда баңги аткезчилиги, арам акчаны адалдоо, адам соодасы менен катар, фильм каракчылыгына да уюшкан кылмыштуулуктун кеңири тартылганын мындайча түшүндүрдү:

Фильм каракчылыгында кирешенин көлөмү баңги аткезчилигининкинен да жогору экендигин биз так билебиз. Кылмыш чөйрөсүнүн бул тармакка кызыгышынын дагы бир себеби – мындай каракчылык үчүн мисалы баңги аткезчилигине караганда жеңил жаза каралган.

Изилдөөдө Орусиядагы фильм каракчылыгы менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы кеңири байланыштын 14 учуру териштирилет, ошондой эле аларга "корголгон чөйрөнүн" болушундагы өкмөт өкүлдөрүнүн катышы талдоого алынат.

Изилдөөгө ылайык, Орусиядагы айрыкча мыйзамдуулукту сактоо тармагында кеңири тамыр жайган коррупция мындай кылмышка жагымдуу шарт түзөт. Мисалга кылмышкерлер тартип коргоочулар тинтүүгө келээри тууралуу алдын ала эскерткен өкмөт өкүлүнө бир бергенде 30 миң доллар пара беришет. 2005-жылы эле өлкөдө 4269 тартип коргоочуга коррупциялык айып тагылган.

Марк Эспер АКШнын Соода палатасынын глобалдык менчик борборунун вице-президенти. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, интеллектуалдык менчик укуктарынын бузгандардын тизмесинде Орусия менен Кытай биринчи орундарда турат.Ошол эле убакта мындан 10 жыл мурдагыга караганда айрым жылыштар жок эмес:

Орусияда интеллектуалдык менчик укуктары төртүнчү бөлүмүндө коргоого алынган атуулдук кодекс 1-январда күчүнө кирди. Башкача айтканда, айрым мыйзамдык жылыштар бар. Бирок ал мыйзамдардын ишке ашышын камсыздоодо жылыш болгон болбогонун айтуу кыйын.

Ушул жаатта РАНД корпорациясынын изилдөөсүндө Александр Таранцевдин мисалы бар. Орусиянын уюшкан кылмыш менен күрөшкөн агенттигинин маалыматы боюнча, Таранцев Москвадагы пират базарларын көзөмөлдөп, коррупциялашкан өкмөт өкүлдөрүнө пара берип турган. Ал таасирлүү кызматтардагы расмий кызматкерлер менен тыгыз байланыш түзө алган.

РАНДдын өкүлү Тревертон Кытайда да жылыштар бар экендигин белгилейт:

Орусия сыяктуу эле, (бул өлкөдө да) бийлик өкүлдөрүнүн мамилеси өзгөрдү. Мындан 10 жыл мурда алат "Байманасы ташыган Голивуд студиясы менен биздин эмне ишибиз бар" деп айтышчу. Азыр мындай сөздөр азайды.

Тревертон бирок жергиликтүү бийлик деңгээлинде мыйзамды коргоодо бул маселеге дээрлик көңүл бурулбай тургандыгын белгилейт.

Америкалык Соода палатасынын өкүлү Марк Эспердин баасында, РАНД корпорациясынын изилдөөсүнөн фильм каракчылыгы менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы байланышты жок кылууда өкмөттөрдүн саясий чечкиндүүлүгү башкы ролду ойной тургандыгын айгине болду.