Оппозицияга өткөндөрдүн жүз күндүк программасы

"Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов.

Шаршемби күнү Бишкекте “Ар-намыс” партиясы бир катар партияларды, коомдук уюмдарды чогултуп, бийликке алдыдагы жүз күн ичинде жасала турчу негизги иштер тууралуу сунуштарды жасашты.
Жыйынга чакырылган ири партиялардын айрымдары гана келсе, бийлик өкүлдөрүнөн бирөө да келген жок.

100 күндүк иш план тууралуу сунуштарды талкуулаган 14-июлдагы иш чараны “Ар-намыс” партиясы уюштурган. Алар түзгөн адистер тобу коопсуздук жана тартип, түштүктү калыбына кетирүү, экономикалык чаралар, күз жана кышка даярдык жаатында 45 пункттан турган сунушту ортого коюшту.

Ага ылайык, коопсуздук жаатында тез арада Ош жана Жалал-Абад облустарында баш аламандыктарды уюштургандарды кармоо, коогалаң боюнча эл аралык коомчулук ишене тургандай иликтөө иштерин жүргүзүү, кырдаал курчуп кетүүсүн алдын алуу чараларын уюштуруу, маселен Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун аскерий машыгуусун өткөрүү, түрдүү укук бузууларга жол бербөө сыяктуу маселелер белгиленген.

Ал эми экономикалык чаралар боюнча, жеке мүлктөрдү тартып алуу фактыларын токтотуу үчүн президенттин алдында комиссия түзүү, ишкерлерди жөнү жок текшерүүлөрдү чектөө, начарлап кеткен инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жаатында чараларды көрүү керектиги айтылган. Андан тышкары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү, кышка даярдык боюнча кечиктирилгис чаралар керектиги баса белгиленген.

Ошентсе да аталган талкууга чакырылган жыйырмадан ашык таанымал партиялардан “Эл арманы”, Комунисттер партиясынын лидерлери гана жүрдү. Жыйынга келет делген “Ата Журт”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери болгон жок. Бийлик өкүлдөрү жана 7-апрелден кийин бийликке келген партиялар аталган жыйынга катышкан жок.

Жыйындын алып баруучусу мурдагы вице-премьер-министр, “Ар-намыс” партиясына жаңы эле кирген Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер бийлик алар сунуштап аткан 100 күндүк планды кабыл алса, анда алдыдагы кризистерди болтурбоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү:
- Мурунку өкмөттө биз 13 миллард сом дефицит бар деп бекиткенбиз. Тилекке каршы Убактылуу өкмөттүн учурунда бюджеттин дефецити дагы ошончо өсүп кетти. Биздин эсептөөлөр боюнча 20 миллиард сомдун тегерегинде болуп атат. Ошонун 10 миллиард сомунун булактары жок.

Ушул коркунучтарды биз канткенде азайта алабыз? Мына биз бүгүнкү иш-чаранын негизинде сунуштап аткан 100 күндүк иш-планды өкмөт кабыл алып, аткара турган болсо, ушл сыяктуу кризистерди болтурбоого мүмкүнчүлүктөр бар.

“Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов жыйын ачылышында сөз сүйлөп
, аталган иш-чара партиянын жарнамасы же PR акциясы эместигин айтып, андан соң дароо эле “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кечээки сөздөрүнө карата жооп берүүгө үлгүрдү.

Анын айтымында, Ө.Текебаевдин Бакиевчилер беш партия аркылуу шайлоого баратышат деген сөзү жана ага “Ар намыс” партиясын да кошкону туура эмес.

“Элдерди минтип бөлүү акылдуу жүрүш эмес. Мурдагы бийлик тушунда деле көп адамдар таза иштешкен”, - дейт Ф.Кулов.

Айта кетсек, кечээ “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Ө.Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө стабилдүүлүктү бузууну каалаган күчтөр бар экенин, алар учурда беш колонна болуп бийликке келүүгө камынып атышканын, алар атап айтканда “Республика”, “Ата журт”, “Ар намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар экендигин айткан:

О.Текебаев
- Кээ бир саясий күчтөр чын эле өлкөдө кырдаалдын татаалданышын, чатактар болушун каалап атышат. Алар ошондой экстремисттик, радикалдык маанайларды пайдаланып, өздөрүнө электорат алганга аракет кылып атышат. Алар баарыбызга белгилүү.

Булар регионализмдин, реваншизмдин туусун жамынгандар. Негизинен булардын бардыгы эле “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү же аларды колдоп жүргөн адамдар. Бүгүн алар беш партияга бөлүнүп, беш колонна менен реванш алганга аракет кылып атышат.

“Эл арманы” партиясынын төрагасы Мирослав Ниязов менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдердин айтымында, алар “Ар намыс” уюштурган жыйынга жөн гана конок катары, өз пикирлерин айтуу максатында келишкен жана ушул тапта Ф.Куловдун тегерегинде биригүү маселеси турган жок.

И.Масалиев

Коммунисттердин лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип
, Коммунисттер партиясы шайлоого өз алдынча бара турганын, башка бир дагы партияга кошулбасын билдирди.

Ал эми М.Ниязовдин пикиринде, президенттик башкарууну колдоп аткан партиялар жакын арада биригип калуулары ыктымал:

Мирослав Ниязов
- Бизде президенттик бийликти колдогон бир топ партиялар бар. Аларды билесиңер, булар “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эл арманы” андан тышкары дагы майда партиялар бар. Бирок колдогондор көп болуп атат.

Мына ошол партиялардын тегерегинде биригүүлөр болушу мүмкүн. Бирок бүт баары бириге алат дегенден мен алысмын. Бирок максаттар бир болгондон кийин биригишибиз мүмкүн.


Ошентсе да жыйынга катышкандар арасында өлкөдө кырдаал абдан оор экенин, ага карабай бийлик талашмай, саясий оюндар токтобой атканын айткандар болду.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, ушул тапта саясий упай топтоо максатында өткөрүлгөн иш-чаралар көп болуп атат. Ал өз сөзүндө өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу турганын айтып, отургандарды шайлоо, папке талашуу оюндарына берилбөөгө, мамлекетти сактап калууга чакырды.

Ал эми “Ар-намыс” партиясынын демилгеси менен сунушталып аткан 100 күндүк иш план президент Роза Отунбаевага жана ал жетектеген өкмөткө айрым оңдоп-түзөтүүлөр кирген соң жөнөтүлмөй болду.