Домендик зона талашы уланууда

Kyrgyzstan -- Ulan Melisbek, Head of Kyrgyzpatent agency, undated

Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.
Улан Мелисбек бул чыр маселе Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн автоматташтыруудан улам чыкканын айтты. Адистердин жардамы менен Кыргызпатенттеги кагаз иштерин автоматташтырууга 150 миң доллар жумшалары аныкталып, акча табуу аракети көрүлө баштаган. Бул ишке патенттик ишенимдүү өкүлдөр да кызыкдар экендигин билдирип, каражаттын 25 миң долларын мойнуна алуу сунушун өздөрү билдиришкен.

Улан Мелисбектин айтымында, эгер бул система ишке кирсе патенттик ишенимдүү өкүлдөр кагаз ташыбай, өз кеңселеринен эле тийешелүү документтерди интернеттен салып турушмак:

- Бир маселелерди чечели десек, бир акмак чыга калып кымындай жерден чуу салып жатат. Интернетти ачсам, ошол 25 миң доллар интернетте 150 миң доллар делип, анын баарын Улан Мелисбек доолап, өз чөнтөгүнө салганы жатыптыр деп жазылып жүрөт. Мунун баары обу жок, апыртма кептер. Тилекке каршы домендик зонаны Кыргызпатенттин көзөмөлүнө өткөрүү демилгесине каршы чыккандар мындай нерселерди колдонуп жатышат. Алар укук коргоочуларды да бул ишке илештиришти.

Дүйнөдө ар бир өлкөнүн ICAAN аттуу эл аралык уюм тарабынан ыйгарылган домендик зонасы болот. Мындай зоналардын саны 200дөн ашуун. Маселен Казакстандыкы – “kz”, Өзбекстандыкы – “uz”, Кыргызстандыкы – “kg”.

Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек “KG” доменинде ат бөлүштүрүү функциясын аркалап келген “Азияинфо” өлкө аймагында жападан жалгыз провайдер болуп, атаандаштыкка жол берилбегендиктен интернеттин өнүгүшүнө тосколдук кылып жатат деген. Андан көп өтпөй эле 7-апрелде президент Кыргызпатентти “KG” домендик атын көзөмөлдөө органы катары дайындоо жарлыгына кол койгон.
Айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү мунун артында Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сөз эркиндигин ооздуктоо максаты турганын айтып чыгышкан. Байланыш операторлор жамаатташтыгынын аткаруучу деректири Олег Жеребко домендик көзөмөлдөөнү бир колдон экинчи колго өткөрүү жеңил желпи жумуш эмес экендигин жана мындай демилгенин ишке ашуусу күмөн экендигин билдирген эле:

- Биринчиден, мындай демилге көптөгөн каражатты, техника жана адистерди талап кылат. Экинчинден ICAAN уюму да “ме” деп эле бере салбайт. Бул жараян көпкө созулуп, буга бир нече жылдар кетиши мүмкүн.

Улан Мелисбектин пикиринде, бүгүнкү күндөгү ага коюлуп жаткан куру айыптоолор - домендик зонаны көзөмөлдөө маселесине байланыштуу болуп жатат. Ал муну кыргыз интернетин жаратууга карата болгон тоскоолдуктардын дагы бири катары бааларын билдирди.

- Азыр кыргыз адистеринин профессионалдык деңгээли, мээси жетип, улуттук мейкиндикти колго алып, кыргыз маданиятын чагылдырган кыргыз интернетин жараталы десек, ушул жерден кыргыздар бирин-бири жеп жатышат. Ал жакта чоң коммерциялык структуралар жатат. Мен алар менен канчадан бери күрөшүп келе жатам. Канча жолу провакацияларды жасап жатышат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова анын колунда бул маселе тууралуу аудио, видео материалдар бар экендигин, Улан Мелисбектин “куугунтугуна кабылдым” деген адамдар менен баарлашканын билдирди. Алардын айткандарына жана айрым фактыларга караганда, бул жерде кандайдыр бир туура эмес иштер бардай. Ошондуктан укук коргоочу бул маселени укук коргоо органдары караса жүйөлүү болмоктугун белгилейт:

- Мамлекеттик кызматкерлер менен иштеген башкы прокуратура, каржы полициясы, коррупцияга каршы агенттик деген кызматтар бар. Негизи бул алар үчүн жакшы сигнал болуш керек. Колунда патенти барларга тиешелүү документтерди 3 айдан бери бербестен, качан акча которгондо документтерди беребиз дептир. Ар биринен 7 жарым миң доллар сураганын айтып жатышат. Алардын сөзүнө ишенсек, жагдай ушундай.

25-августта Улан Мелисбек Акыйкатчы аркылуу жолугушуу уюштурганы жатканын Азиза Абдирасулова маалымдады. Бул кунү укук коргоочулар айыптоочу тараптын гана эмес, Улан Мелисбектин да негиздерин укканы жатышат.