Жаштардын аракеттери, ишке ашкан долбоорлор

Бишкектин тегерегинде 47 жаңы конуш орун алган. Алардын көпчүлүгүндө балдар үчүн борборлор орун алган эмес. Мындай мисалдар элет жергесинде да көп. Учурда жаштардын демилгеси менен социалдык жайлар оңдолууда.
Эне-Сай жаңы конушундагы жаштар социалдык имараты оңдоп калыбына келтирүү аракетин көрүшүүдө. Алар бул конушта орун алган бейтапкананын бир жак бөлүгүн алып, жаштардын борбору катары иштетүүнү көздөп турушат. Мындай максатты ишке ашырууга АКШнын эл аралык байланыштар агенттигинин каржылоосу менен “Эрэп” бейөкмөт уюму ишке ашырууда.

Учурда бул имаратты оңдоп түзөөгө конуштагы жаштар салым кошууда.

Алтынай: Биз бул имаратты оңдоп, келечекте жаштардын клубу болсо деген пикирдебиз. Ошондой эле башка жаңы конуштар менен биргелешип аялдама куруп же мелдештерди өткөрсөк деген ойлор бар. Негизи максатыбыз - саясаттан алыс болуп, жаштарды коомдук иштерге тартуу.

Гулнура: Бош убакытты текке кетирбей, бул долбоор аркылуу тренинг, семинарларга катышууну көздөп турабыз. Бул клуб ишке киришсе, социалдык проблемаларды гана көтөрбөстөн, билим жаатын да алдыңкы орунга койобуз.

АКШнын эл аралык байланыштар агенттигининин каржылоосунда ишке ашып жаткан бул долбоор жаңы конуштарда билим, социалдык имараттарды калыбына келтирүү жана келечекте өз ара достук мамилесин өркүндөтүүнү көздөйт.

Бул долбоор беш жаңы конушта жаштар менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Алардын бир демилгеси Эне-Сай жаңы конушунда уланып, жаштар өздөрүнүн келечектеги долбоорлорун ишке ашыруу үчүн клуб ачууну көздөп жатышса, 27-майда Алар-Арча конушунун жаштары футбол талаасынын дарбазасын жана күйөрмандар үчүн орундуктарды орнотушту. Эми бул жерде жашаган балдар каалаган маалда топ тээп, убактысын пайдалуу өткөрүшмөкчү. Алар алдыда башка жаңы конуштун футбол командасы менен мелдешке чыгышат.

“Эрэп” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев мындай аракеттер жаштардын туура жолго түшүшүнө жана жаңы конуштардын өнүгүшүнө өз салымын кошот деп ишенет.

- 7-апрелдеги окуялардан кийин жаштар психологиялык жактан оор абалда турат деп ушул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Курдаштар митинг, пикеттерге аралашпасын, андан көрө пайдалуу иштер менен алектенсин деген ой. Бул ишке Бишкектеги жаңы конуштар гана кирбестен, коңшу Сокулук районунун жаштары да аралашууда.

Ошол эле маалда элет жаштары да өз алдынча аракет көрүшүүдө. Чүй боорундагы Нурманбет айылынын жаштары жамаатка биригишип, айыл элинин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен спорт борбор ачышты. Эми ал жердеги жаштар эркин күрөш, дзюдо жана оор атлетика менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн ээ болушту. Уюмдун жетекчиси Мурат Садамкулов жүргүзүлгөн иштерге токтолду.

-Кышында үч-төрт бала биригип, демилге көтөрүп чыкканбыз. Каралбай калган имаратты айылдын жаштарынын күчү менен оңдоп чыктык. Дзюдо федерациясы 250 миң сомго барабар болгон татами белек кылды. Бизге айыл тургундарынан келген акчага балдар күрөшкөн мат жана оор атлетиканын жабдыктарын сатып алдык. Алдыда дагы бир нече багытта иш алып барсак деген максатыбыз бар.

“Жаш келсе ишке – кары келсе ашка” дегендей курдаштарыбыз өз аракеттери менен алдыга койгон максаттарына жетишүүдө. Демек бардык долбоорлорду ишке ашыруу алардын көргөн аракеттерине, жасаган кадамдарына көз каранды дегенге негиз бар.