Өтүп бараткан жыл кыргызстандыктар үчүн эмнеси менен эсте калды? Жеке турмушта, жамаат, коом турмушунда аны ким кандайча кабылдайт?Жадырап тийген жылуу күн нуруна чагылышкан майрамдык жасалгалар жыл жаңырышына саналуу сааттар калганын көрсөтүүдө.
Кел, жаңы жыл!
Өтүп бараткан жыл саясий окуяларга өтөле бай болду окшойт. Алардын көпчүлүгү түздөн-түз же кыйыр түрдө жай саратанда өткөн президенттик шайлоого байланышып кетет. Шайлоонун маалынан бир жыл эрте өткөрүлүшүнө өз салымын кошкон илимпоз З. Курманов ушу азыр Жогорку Кеңеш төрагасынын үстөлүн ээлеп отуру. Атаандаштыкка чыккандардын баарысы күтүлгөндөй эле жеңилүү ызасын тартышып, буга чейин болуп келгендей иштеп аткан президент оголе көп добуштар менен жеңишке жетишти. Албетте, эл аралык уюмдар Кыргызстандагы шайлоо толгон-токой мыйзам бузулар менен өткөнүн белгилешти, а бирок чөлкөмдүк шериктешке кирген коңшу өлкөлөрдөн андай калыс сын айтылган жок.
Шайлоонун кам-чому
Шайлоо камылгасы кыйла эрте башталган. А бирок анын каржылык кам-чому президент К.Бакиевдин февраль айынын башындагы Москвага иш сапары учурунда чечилди окшойт. Кыргызстан президенти Орусиянын кулак кычуусун кандырчу чоң жаңылыкты ошол жерде айтып, “Манас” аба майданындагы АКШ аскер базасын чыгара турушкандыктарын жарыя кылган. Кыйла эле уу-дуу кепке арзыган өкмөт чечими көбүнесе каржылык маселеге байланышканын парламент депутаттарынын алдында Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев минтип ачыкка чыгарган.
- 2006-жылкы сүйлөшүүлөрдөн соң Кыргызстан бюджетине 17 миллион 400 миң АКШ долларын жыл сайын төлөп туруу боюнча макулдашууга жетишкен.
Айтса кийинки АКШ менен Кыргызстандын ошол эле “Манас” абамайданында Транзиттик борбор түзүү жөнүндөгү келишимдерде ижара акысы 60 миллионго көтөрүлүп, буга кошумча Өнүктүрүү коруна 20 миллион доллар чегерүү белгиленген.
Анткен менен АКШнын аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечими оголе көп акчаны артынан ээрчите келиши керек эле. Орус өкмөтү “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна 1 миллиард 700 миллион доллар кредит бөлүп, бюджетти колдоого, экономиканы өнүктүрүүгө баш-аягы 450 миллион доллар карыз акча берүүгө кайыл болгон. Ал акчалардын кыйласы Кыргызстанга келди, бир гана “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна берилчү кредиттин дарек-дайны азырынча белгисиз.
Экономикалык кризис шартында Орусиядан Кыргызстанга агылган ири акчалардын аркасы менен шайлоо даярдыгы башталып кетти. 2005-жылкы элдик козголуштун деми менен бийликке келген президент К.Бакиев деле конституциялык төртүнчү жылында иштеп жатканын колко кылбай, парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат А.Жээнбековдун өтүнүчүн караган Конституциялык сот чечимине макул болуп, жаңы шайланууга макулдук берди.
Жыйынтыгы
Буга чейинки шайлоолордун айныксыз тажрыйбалары ырастагандай, мөрөй дагыле иштеп аткан президентте калары көпчүлүк үчүн жаңылык деле эмес эле. Жаңылыгы бул ирет шайлоо күнү кармалган Балыкчы шаарындагы үркөрдөй топ оппозиция жактоочуларына конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасады күнөөсү коюлганы болду. Жыйынтыгы төрт адам төрт жыл эркинен ажыратылып, 14 адамга эки-үч жылдан шарттуу кесилишти. Андан да үлкөн жаңылыгы оппозиция өкүлдөрү сот чечими туура эместигин ырастап, өйдөңкү сот бийликтерине кайрылышпай тургандыктарын, иштин акыйкат чечилишине ишенишпей тургандыгын билдирүүсүнөн чыгууда. Мындай өнөгө Кыргызстанда мурда-кийин болбоду эле. Арыз алып барчу жерине ишеними биротоло өчүп, алардын калыстыгына ынабаган бийлик өкүмзордугу күчтүү жерде ушинтип арыз-арманын Жаратканга айтып, алакан жайып тим болот.
Кыргызстан адам укугу, демократия жаатында кедеринен кете баштаганы көп айтылып, биртоп журналситтер, саясий ишмерлер чет өлкөлөрдөн башпаанек издеп кетип жатышы көнүмүшкө айланган чакта Балыкчыдагы соттук териштирүүлөрдүн демилгечилери жасап жаткан ишинин жыйынтыгы жаамы дүйнө алдындагы осол иш катары бүтөрүн ойлошпосо деле керек.
Мына эми Балыкчынын артынан жыл жаңырса эле Бишкек гарнизондук аскер соту И.Исаковго өкүмүн чыгарганы турат. Республиканын аскер прокуратурасы анын аскердик белгисин, үй мүлкүн тартып алып, 8 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда.
Бишкектин Биринчи Май районундагы сотундагы Аликбек Жекшенкуловдун өкмөттөн белекке алган тапанчасына байланышкан кылмыш иштин териштирилиши улам артка жылдырылууда. Бул жылдагы дагы бир чуулгандуу иш Петровкадагы соттук териштирүүлөрдү жыйынтыгы да эмдиги жылга калтырылат окшоп калды. Антип кийинкиге калтырылган, ага чейин эле өкүмү чыгып жаткан соттук териштирүүлөрдү И.Исаковдун өзү азыркы бийликтин саясий кысымы, куугунтуктоосу катары баалайт.
- Менин өзүмдүн арызды жазып, ушул азыркы кадр, ички-тышкы саясатка каршылыгымды билдирип басып кеткеним. Бул биринчиси. Экинчиси, бүгүн болуп жаткан кемчиликтердин бардыгын президенттин ошол 2005-жылкы элдик революциянын актиивдүү катышуучусу, жетекчисинин бири катары ошол кезде элге берген убадалардын аткарылбагандыгын ачык айткандыгым. Үчүнчү, мен ойлойм, армияны реформа жасап, мыйзамга так жазганбыз. Жогорку Кеңеш колдоп өткөргөн. Бирок президент кол койгон жок. Мыйзамда саясий акцияларга, митингдерге аскерлер катышпайт, деп ачык-айкын жазып койгонбуз.
Табышмактуу жол кырсык
Соттук териштирүүлөрдүн бардык тепкичтеринен өтүп, Жогорку сот тарабынан соңку чекити коюлган президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнө байланышкан кылмыштуу иште биртоп маселелер бүдөмүк бойдон калганын адвокат Л.Лужанский белгилейт.
- Мисалы, анчалык катуу эмес кагылышуудан соң үч адамдын машинеден чыга албай калышы. Дагы бир топ учурлар бар. Аларды комплекстүү экспертиза гана аныктай алат. Аркыл кесиптеги адистер чогулуп, иликтөө материалдарын аныктап чыгышы керек. Мен бул жерде башкача болуш керек дебейм. Башка кылмыш деп айта албайм. Менин жекем пикиримде алдын-ала тергөөдө бөксө калган жерлер бар.
М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнүн айланасындагы божомол кептердин күнү тууп турган чакта 14-апрелде парламент депутаты, «Акжол» фракциясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев атып өлтүрүлдү.
Журналисттерге чабуул
Өтүп бараткан жылдын кабатыр барагына катталчу окуялардын катарына журналисттер Алмаз Ташиев менен Геннадий Павлюктун киши колдуу болушу, кагаз менен калемден башкага зыяны аз “төртүнчү бийлик” өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүүлөрдүн коркунучтуу түргө өтүп баратканы да кирет окшоп калды. Өкүнүчтүүсү, журналисттерге ыдык көрсөткөндөр жазасыз калышууда.
Башкаруу реформасынын баасы
2005-жылы эл алдында үй-бүлөлүк башкарууну жок кылуу убадасын улам-улам берген азыркы бийлик башчысы жооптуу кызматтардын кыйласына өз жакындарын коюп алганын, өлкөдө түзүлгөн жагдайга кечээки революциячылар кабатырланып жатышканын парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле моминтип айтты.
- Каганатка келип калдык го. Азыр жогорку бийликте Бакиевдерден бешөө отурат. Ак үйдүн бардык кабаттарын ээлеген туган-уруктарын айтпай эле коеюн. Жакын тууганы Акүйдө кадрлар маселесин чечүүдө.
Парламент жыйынында Р.Отунбаева өзгөчө басым жасаган Бакиевдердин эң кичүүсү Максим Бакиев Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигин жетектеп, атасы быйыл сентябрдын башында жарыя кылган башкаруу системасын реформалоону жүзөгө ашырууда. Узун үстөл башындагы президенттин сүйгүнчүк уулунун жанын мурунку-кийинки өкмөт башчыларынын отуруп калышын айрым маалымдоо каражаттары өлкөдө кимдин-кимдигин көрсөтчү белги катары сыпатташууда.
Жаңы агенттик түзүлөрү менен парламент спикери Баткен облус жетекчилигине дайындалып, анын ордун “Акжол” партиясына кошулуп кеткен мурдагы “Менин өлкөм” партиясынын өкүлү З.Курманов ээледи. Табышмактуу өлүмгө дуушар болгон М.Садыркулов башында турган ал партияга президенттик катчылыктын жетекчиси О.Малеваная да мүчө болчу.
Жыл жыйынтыгы тууралуу кеп-сөздүн баары эле президенттик шайлоого, президенттик бийликке, башкаруу көшөгөсүнүн артындагы билинип-билинбеген күрөштөргө такалат. Анын баары артта калып, качандыр бир кезде мамлекеттик каада-салты кабелтең түргө жете элек бозумтүлөк өлкөбүз деле демократиялык мамлекеттер катарынан өз ордун табат го, деген тилек менен жыл жыйынтыгына арналган кеп-сөзгө чекит койсок!