«Илмияновдун доору» бүттү
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликте турганда эң таасирлүү адамга айланган Икрамжан Илмиянов жети жылга соттолду. Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров мурдагы президенттин коомчулукка «Шоопур» деген каймана ат менен таанымал кеңешчисин Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Башкы прокуратура Илмияновго былтыр сентябрда кылмыш ишин козгогон жана ага алдамчылык боюнча айып коюлган. Бир айга жетип-жетпей УКМК ал Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин билдирген эле.
Сотто Илмияновго акыркы сөз берилгенде ал өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун угары менен Москвадан Бишкекке өзү эле учуп келгенин, түз эле тергөөгө барганын, ошондон бери камакта отурганын айтты. Ал күнөөсүн мойнуна алган жок:
- «Күбөнүн көрсөтмөсү, банк кагаздары, телефондор» деп айтылды. Бүгүнкү күндө «Илмиянов» деп жазылган бир да кагазды, бир да банктын кагазын көргөн жокпуз. Мага коюлуп жаткан күнөө, айып эч бир чындыкка дал келбейт. Фактысы жок.
Икрамжан Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев алар райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышарын билдирди.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, Икрамжан Илмияновго каршы президенттик аппараттын кызматкери Чыныбек Анарбек уулу көрсөтмө берген. Анда Анарбек уулу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабында иштеп жүргөн кезинде Эмил Арстанбек уулу деген тургун «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы «Дизел комплект» ишканасынын жүгү боюнча жардам берүүнү өтүнгөн.
Тараптар «кызмат акыны» 150 миң долларга баалашып, шерттешкен. Чыныбек Анарбек уулу андан 15 таңгактан турган 100 долларлык купюраларды алаары менен ал акчаны кайра Илмияновго тапшырганын айткан.
Илмияновдун адвокаттары бул бир эле адамдын көрсөтмөсү экенин айтып, Анарбек уулунун өз жоопкерчилиги каралашы керек экенин билдиришкен. Чыныбек Анарбек уулу иштин жагдайы тууралуу «Азаттыкка» комментарий берүүдөн баш тарткан.
Дагы караңыз Икрамжан Илмияновго өкүм чыкты (видео)Башкы жабырлануучу катары сөз болгон, «Дизел комплект» ишканасынын жетекчиси, беларус жараны Николай Грамович сотко келген эмес, сот жараянында тергөө маалында тартылып алынган видеосу көрсөтүлгөн. Анда аталган ишкана жүк ташуу менен алектенерин, 2017-жылы документтеринен маселе чыгып, Өзбекстанга багытталган жүгү Кыргызстанда кармалып калганын айткан.
Николай Грамович Кыргызстандын Финансы полициясы менен Мамлекеттик салык кызматында болгонун жана козголгон иштин алкагында бюджетке баш-аягы 16 миллион сом айып төлөгөнүн кошумчалаган. Аны быйыл жыл башында Минскиде Беларустун Коопсуздук кызматынын тергөөчүсү сурап, ага УКМКнын өкүлү катышкан.
Икрамжан Илмияновдун соттолгону түрдүү пикир жаратты. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда ал тууралуу түрдүү аңыз кептер айтылчу. Бирок Атамбаев Илмиянов тууралуу дооматтардын баарын четке кагып келген. Өзүнүн кызмат мөөнөтү аяктап баратканда Илмияновду «Манас» ордени менен сыйлаган жана анда ириде кызмат үчүн жулунбаган кулк-мүнөзүн мактап да өткөн:
- Икрам Илмиянов депутат болуудан да, кайсы бир мамлекеттик кызматка баруудан да баш тарткан жападан-жалгыз кыргыз болсо керек. Кудай ушундай адамдарды көп жаратсын. Баары эле кызмат деп жулунат. Ал менде 18 жашынан бери иштеп жүрөт. Мени менен чогуу иштегенине 25 жыл болду. Мени менен кошо эмнелерди гана көргөн жок!
Илмиянов кармалганда айрым байкоочулар бул ириде азыркы бийликке, президент Сооронбай Жээнбековго жакын чөйрөсүндөгүлөргө сабак болушу керек экенин айтып чыгышкан. Мындай пикирин депутат Жанарбек Акаев да билдирген:
- Бул - биринчиден, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. «Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың мүмкүн, бизнести кармашың мүмкүн, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Президентке чындыкты жеткирип, аны туура жолдон адаштырбай, аны жакшы жакка багыттоо - анын жанындагылардын иши. Азыр сен бардык маселени чечишиң мүмкүн, бирок канча бир жылдан кийин качып кеткен жериңден кармап келип, ордуң түрмөдө болушу мүмкүн» деп, мындан кийинки өлкөнү башкара тургандарга сабак болушу керек.
Атамбаевдин убагында кайдагы бир жансакчынын кабылдамасында интеллигенция өкүлү жалдырап отурган учурга кептелдик. Ошону коом кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, керек болсо кайсы жерде болбосун, жакшылык-жамандыкта, мамлекеттик иш-чараларда түшүнүгү жок, билими тайкы, бирок президент менен жакшы мамиледеги жансакчылар төрдө отурган, аларды периштедей бөпөлөгөн учурларга чейин келип калдык. Ошол эле айрым депутаттар Икрамжан Илмияновго кирип чыкканына, кофе ичип 15 мүнөт отурганына төбөсү көккө жеткенче сүйүнүп, жетине албай бизге айтып берип, жакшы кабыл алганын айтып мактанып, ал тургай чала-була «жууп» да жиберген учурлар болчу. Азыр эми ошол эле депутаттар «Ак үйдүн» бурч-бурчунда «Илмиянов ушуну көрмөк» деп табалап отурушат. Карапайым эл болобу, депутат болобу, айтор өкмөт мүчөлөрүнө, премьер-министрлерге чейин Илмияновдун кабылдамасында турушчу.
Деген менен «Илмияновдун камалып, соттолгонунун саясий өңүтү бар» деген дооматтарды жокко чыгаргандар бар. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров убагында Икрамжан Илмияновдун камалышын коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырып, коомчулукту саясатташтырбоого чакырган эле:
- Азыр эми бизде кандай гана маселе болбосун дайыма сын-пикирлер айтылган мезгил да. Негизинен мыйзам иштеп, укук коргоо органдары так аныктап, сот акыйкат чечим чыгарып берсе жакшы болот. Ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Икрам Илмияновдун өтө таасирлүү болгону баарына эле белгилүү болчу. Атамбаевдин тушунда өтө таасири күчтүү адам болгон. Ошондуктан ызы-чуу, уу-дуу, талаш-талкуунун баары эле ушуга байланыштуу. Кандай таасири болбосун, кандай адам болбосун азыр коррупцияга каршы аракеттер башталды. «Партиялашым, тууганым» деген нерселер туура эмес болуп калат экен. Илмияновдун бөгөт чарасы башкача болуп калса дагы башка сөздөр чыкмак. Мен ал кишиге жамандык каалаганым жок. Соттон акталып кетишин каалайм. Бирок ошого карабай мыйзам иштеши керек. Бул бир жагынан ар бир аткаминерге, депутатка сабак болуп калып жатат. Азыр ар бирибиз «кандай таасириң болсо да мыйзам алдында жооп бере турган учуруң келип калышы мүмкүн» деп ойлонушубуз керек. Бул өтө жакшы нерсе.
Сапар Исаков сотто сес көрсөттү
Бүл аптада Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланды. 28-октябрдагы соттук жараянга экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон жоопкер тарап жеткирилди. Бирок алар алгач соттун имаратындагы конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай коюшту.
Адвокат Нурбек Токтакунов буга негизги күбөлөрдүн сотко келиши камсыздалбай жатканы себеп болгонун айтты:
- Айыпталуучулардын көбү азыр сот залына чыкпай жатышат. Анткени алар «бул иш боюнча маанилүү көрсөтмөлөрдү берүүчү эки негизги экспертти жана иште айыпкер катары өткөн ТВЕА компаниясынын өкүлү Макелекти сотко алып келгиле» деген талап кылып жатышат. Бирок алар өздөрү сотко көрсөтмө бергенден баш тартышпайт. Эмне үчүн сот аларды мажбурлап сотко алып келүү боюнча токтом чыгарганы менен анысы аткарылбай жатат? Ошол эле кезде Сапар Исаковду УКМК кызматкерлери күч менен сотко алып келишти. Эмнеге бардыгына бирдей мамиле болбой жатат? 110 млн. доллар каяктан алынганын билиш үчүн биз эксперттерди чакырып, аларга суроо беришибиз керек.
30-октябрдагы соттук процессте күбөлөр суралып бүтүп, айыпталуучулар көрсөтмө бере башташты. Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев айыптоо корутундусундагы тартип боюнча биринчилерден болуп суралды.
- Сапар Исаков сотто «ЖЭБди «150 миллион долларга модернизация кылса болот» деген бир да документ жок» деп айтты, - деди ал. - Айыптоочу тарап «Дүйнөлүк Банк «150 миллион долларга модернизация кылса болот» деген» деп жатат. Бирок бул жөн гана курулай сөз да. Дүйнөлүк Банктын өкүлү сотко келип «2010-жылы бул тууралуу кеп болгон. Бирок эч кандай эсептөөлөр жок» деп айтты. Сапар Исаков андан тышкары «мен эч кимге басым жасаган эмесмин. 2013-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга Кытайдын башчысы келмек. Мен президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси катары өзүмдүн кызматтык милдетимди аткарып, кол коюлчу документтер боюнча отурумдарды өткөргөм» деди.
Сапар Исаков 31-октябрдагы соттук жараянда да дагы суралды. Мурдагы премьер мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулардын суроолоруна жооп берди. Анда Исаковго ТВЕА компаниясы менен кыргыз өкмөтү качан кызматташа баштаганы, ал Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) иштеп жүргөн кезинде бул долбоор жөнүндө кандай маалыматы болгондугу боюнча суроолор берилди.
Сапар Исаковду суроо маалында анын адвокаты менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокаттары талашып-тартышты. Осмонбек Артыкбаев Исаковго: «ЖЭБди оңдоо боюнча келишимди ратификация кылууда президентке «депутаттар келишимди колдобой коюшу мүмкүн» деген мааниде эмнеге кайрылдыңыз?» деп суроо берди. Исаков андай каттар президентке дайым эле жазылып жүргөнүн айтып, «бул басым көрсөтүү эмес» экенин билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча Бишкек ЖЭБин жаңылоо алдында ал кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, долбоор боюнча маалымат берген. Исаков бул катты жазууда эч кандай жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып келет.
Сапар Исаков соттук жараян ТВЕА компаниясынын өкүлү жок өтүп жатканы туура эмес экенин билдирди.
Былтыр жыл башында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Дагы караңыз ЖЭБ иши: айыпталуучулар сотко кыр көрсөттүБуга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.
ИМ Багдадинин өлгөнүн бышыктады
«Ислам мамлекети» террордук тобу уюмдун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул тууралуу жоочулар менен байланышы бар «Amaq» маалымат агенттиги жазып чыкты. Анын алдында Пентагон Аль-Багдадини жок кылган атайын операциянын видеосун жарыялаган болчу.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын жетекчиси, генерал Кеннет Маккензи Аль-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелге кептелип калганын, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жибергенин айтып берди. Аны менен кошо эки баласы да мүрт кеткен. Ошондой эле жанкечтинин курун тагынган төрт аял жана бир эркек киши да өздөрүн жардырган.
Деген менен генерал бул операцияда канча согушкер жок кылынганын тактаган жок. Ал ошондой эле буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп сүрөттөгөн Багдадинин өмүрүнүн акыркы секундаларындагы абалын да ырастаган жок. Трамп жекшембидеги билдирүүсүндө террордук топтун лидери өзүн жардырардын алдында «иттей үрүп, ыйлап, кыйкырганын» сүрөттөп баяндаган болчу. Ал аль-Багдадинин ордун басышы ыктымал деген жоочу да Сирияда жок кылынганын жарыялаган. Бирок анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес жана анын өлүмү менен аяктаган операция тууралуу да айткан жок.
Трамп Аль-Багдади өлтүрүлгөн тууралуу 27-октябрда жарыялаган. Ал бул операцияга катышкан америкалык аскерлердин баары аман-эсен экенин белгилеп, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидерин «коркок», «жолу болбогон адам» деп мүнөздөгөн.
- Ал дүйнөдөгү эң ырайымсыз жана эң мыкаачы террордук уюмдун негиздөөчүсү жана лидери болгон. Динди мажбурлап кабыл алдыруу, көптөгөн адамдарга башын алардан мурда саргылт кемсел кийгизүү, ушунун баары дүйнөгө ачык көрсөтүлүп турган. Мунун баарын Абу Бакр аль-Багдади каалаган. Ал ушуну менен сыймыктанып келген. Ал оорулуу, адеп-ахлаксыз адам болчу. Эми ал жок, - деген Трамп.
Аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлгөнү маалым болду.
Ал 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган.
Аль-Багдади 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган. Аль-Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу кабар 2014-жылдан бери бир нече жолу тараганы менен ал маалыматтар тастыкталган эмес.
Кезинде ашкере ырайымсыздыгы менен дүйнө коомчулугунун үрөйүн учурган «Ислам мамлекети» тобунун лидери кийинки убакта Сирия менен Ирактын чек арасына жакын аймакта из жашырып жүргөнү кабарланып келген.
Бирок Кошмо Штаттардын Багдадини жок кылуу боюнча соңку операциясы Ирактын чек арасына жакын жерде эмес, Сириянын түндүк-батышындагы, Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында болду.