Бул дүйнөлүк таймашууда Кыргызстандын намысын кимдер коргоо үчүн Алматыга барышканын өлкөнүн бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаков “Азаттыкка” айтып берди:
-Кыргызстандан бул дүйнө кубогуна өлкөнүн көп жолку чемпиондору, спорт чеберлери Кубанычбек Сагындыков, Зайлан Адамов, Нурбек Эшбаев жана тандоо турунун жеңүүчүсү жана Бишкек шаарынын чемпиону Сапар Алыкулов катышат. Жигиттердин даярдыгы дурус. Өлкөдө бильярд спорту өнүгүү-өсүү жолунда. Бирок кийинки салык, патент көлөмү бул спортко кедергисин тийгизчүдөй.
Ушул жигиттерди Алматыга баштап барып, баш-көз болуп, насаат айтып жүргөн өлкөнүн бильярд спорту боюнча башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаевдин баамында кыргызстандык жигиттер баш байгеге талапкер болушу кыйын. Себеби алардын катарында бул ирет дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев ойнобойт.
Өлкөнүн бильярд спорт федерациясынын вице-президенти Ишенбек Жакшылыковдун айтымында кийики беш жылдык ичинде өлкөдө бильярд клубдардын саны 150 гө чейин, ал эми ойногон үстөлдөрдүн саны 700-800кө чейин өскөн: “Ушундай аракеттин аркасында спорттун бул түрү боюнча Кыргызстанда орус пирамидасынан дүйнөнүн чемпиондору пайда болду. Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан орус бильярды боюнча Орусия, Украина жана Казакстандан кийинки төртүнчү орунду ээлеп турат. Эгерде жаңы салык кодексинин тарифи сакталса, анда бильярдда кыргызстандыктардын ийгиликтери жоголот”.
Акыркы маалыматтарга караганда, эл аралык уюмдардын бильярд оюнун олимпиада оюндарынын катарына кошобуз деген аракеттери жүрүп жатат. Тилекке каршы, кыргыз мамлекети тарабынан бул спорт колдоо болбой, аны кайра салык, патент акысы менен алсыратуу аракеттери көрүлө баштады. Жакында Жогорку Кеңеш ар бир бильярд столу үчүн патент көлөмүн 10 миң сомго көтөрүп койду. Мурда 2500 гана сом болчу. Мунун айынан айрым бильярд клубдары жабыла баштады.
-Маселен, ар бир бильярд клубдарында ойноо үчүн төлөм акы ар башка. Шаар ичин алганда эле орто эсеп менен кичи бильярддар саатына 100 сомдон 150 сомго чейин баада коюлган. Ал эми айыл жеринде 15 сомдон 30 сомго чейин. Элестетип көргүлө, ушул бильярд клубдары өзүн-өзү актай алабы? Жок, менимче кеткен чыгымдарын да жаба албайт. "Мустанг" деген жакшы бильярд клубу жабылды. Ошондуктан жогорку жактагылар чечим чыгарып жатып да кээ бир жагдайларды эске алып, иликтеп, тактап көрүп, анан бир бүтүмгө келишсе жакшы болмок. Кесе айтам, мамлекеттен колдоо жок, тескерисинче жок кылууга далалаттанып жаткан өлкөдөн дүйнө дүңгүрөткөн мыкты бильярд оюнчусу чыгуусу күмөн, - деп тынчсызданат бильярд спорт федерациясынын вице-президенти Ишенбек Жакшылыков.
Кыргызстандан чыккан айрым бильярд чеберлери коңшу мамлекеттердеги атаандаштарын багындырып, кыргыз бильярдынын деңгээли жогору экенин далилдеп коюшту. Алсак, Казакстандын бир нече жолку чемпиону, орус бильярдынын үч жолку дүйнө чемпиону болгон Каныбек Сагындыков өзү нарындык жигит. Учурунда ага шарт түзүлбөгөндүктөн Казакстанга кетүүгө аргасыз болгон. Ушул өлкөнүн атынан чыгып, алардын намысын коргоп жүрөт.
Ал эми андан кийин бишкектик Каныбек Сагынбаев орус бильярды боюнча бир нече турнирлерди жеңип, алдына атаандаш чыгарган жок. Ушул Каныбек Сагынбаев дагы жаштар жана чоңдор арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиондук наамын жеңип алган. Ал профессионалдык мелдештерге катышып жүргөндүктөн эми Алматыдагы спорт ышкыбоздору арасындагы дүйнө кубогуна катыша албайт.
Алматыда бүгүн башталып жаткан дүйнө кубогуна Орусия, Украина, Латвия, Беларус, Молдова, Финляндия, Германия, Түркия, Кытай, Израил баштаган 22 өлкөнүн спортчулары катышууда. Мелдештердин байге корун 25 миң АКШ доллары түзөт.
18-февралда Алматыда комбинацияланган пирамида бильярды боюнча дүйнө кубогунун таймашуулары башталат. Мында Кыргызстандын намысын төрт жигит коргойт. Буга дүйнөнүн 3 жолку чемпиону К.Сагынбаев барбады.