Өлкөнүн 2008-жылдагы мыкты спортчулары аныкталды

21-январда өлкөнүн спорт коомчулугу өткөн 2008-жылдын 10 мыкты спортчусунун ысымдарын расмий түрдө жарыялады. Мындан сырткары олимпиадалык түргө кирбеген спортчулардын мыктылары да аныкталды.
Өлкөдөгү 10 мыкты спортчунун алтоо грек-рим күрөшүнүн балбандары болду. Себеби өткөн жылы алар олимпиадалык оюндарда, Азия, дүйнө чемпионаттарында ийгилик жаратып, өлкөнү таанытышкан.

Алатоолук алтоонун ысымдарын атай кетсек, алар жаштар арасында Азия чемпиону Калыбек Жолчубеков, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Арсен Эралиев, Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов, уландар арасында Азия чемпиону Алексей Ялома жана Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло медалын уткан Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев жылдын мыкты спортчулары аталды.

2008-жылы жылдызы жанып, Азия чемпиону аталып, Бээжин олимпиадасында коло байге уткан Руслан Түмөнбаев алдыда дагы зор максаттар, сыноолор турганын «Азаттыкка» билдирди.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде, мурда жылдын мыктылары спорт коомчулугунун, журналисттердин сурамжылоосунун жыйынтыгы менен аныкталып келсе, бул ирет Азия, дүйнө чемпионаттарындагы ийгиликтерине жараша баа коюу менен мыктылар анык болду.

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дагы оор атлетчи Улан Молдодосов, эркин күрөштөн Базар Базаргуриев, велоспортчу Евгений Ваккер жана жеңил атлетчи Татьяна Ефименко 10 мыктынын катарын толуктады.

Жылдын мыкты машыктыруучулары деп балбандарды таптаган Мейрамбек Ахметов, Раатбек Мамбетов, Петр Ялома, Амиркул Молдобаев, Анарбек Үсөнканов , башкы машыктыруучулар Эмиль Алыкулов, Игорь Паклин жана Үсөнкан Майназаров табылды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, олимпиадалык түргө кирбеген спорт тармагы боюнча да мыктылардын аты аталып, расмий жарыяланды.

Алар самбо күрөш чебери Түгөлбай Арапбай уулу, бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Нияз Курманкулов, Азамат Эркинбаев, Курал Ордобаев, Асылбек Бөдөшев, тай бокстан дүйнөнүн 8 жолку чемпиону Валентина Шевченко, спорттун улуттук түрлөрүнөн тогуз коргоолчу Мирлан Кудайбергенов менен ордочу Кыяс Сейталиев, майып спортчулардан Аран Акопян 2008-жылдын мыктылары деп таанылды.

Аты аталган мыкты деп таанылган спортчуларга сый-урмат көрсөтүү аземи феварль айынын орто ченинде болоорун, учурда күнү тактала электигин спорт жетекчилери билдирди.