Сингапурдан кыргызстандыктар жеңиштүү келишти

Сингапурдагы олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн Бишкекте чоң салтанат менен тосуп алышты. Жаштардын 1-олимпидасында грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло медаль жеңип алышты.

Кыргызстандын делегациясы 29-августта Сингапурдан Биринчи жаштардын олимпиадалык оюндарынан Бишкекке жеңиштүү кайтып келди.
Сингапур-Стамбул-Бишкек багытындагы учак эки саат кечигип келгение карабай, жаш олимпиадачыларды спорт коомчулугу, күйөрмандар зор салтанат менен тосуп алышты. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Манас” аэропортунда жолугушуу өткөрүлдү.

Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык сегиз спортчудан үчөө байгелүү орундарга жетип, бир алтын жана эки коло медалы менен Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун билдиргенине караганда Кыргызстандын жетишкен көрсөткүчтөрүн башка өлкөлөргө салыштырганда зор ийгилик деп айтса жарашат:

- Коңшу Казакстандан 50 спортчу барып, 6 медаль жеңсе, алар 2 алтын. 2 күмүш, 2 коло байгелүү болушту. Өзбекстан менен Тажикстандан барган кырктан ашуун жаш спортчулар алтын байге утуп алышкан жок. Кыргызстан үчүн эгемендүү өлкө болгону биринчи олимпиадалык алтын медалды Сингапурдан Урматбек Аматов жеңип, ак жолтой болсо, олимпиадалык таймашууларда Шадыбек Сулайманов менен Болотбек Токтогонов коло байге утуп, ийгиликтүү жыйынтыктады,-деди Мурат Саралинов.

Грек-рим күрөшү боюнча биринчи жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов:

-Финалдык таймашуу курч мүнөздө өттү. Украиналык атаандашымды утуп алдым. Жаштар олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын медаль тагындым. Сингапурдагы бул жеңишимди Кыргызстанга, эли-журтума арнадым. Мен быйыл 11-класстан окуймун. Күрөш менен 3-класстан бери машыгып жүрөм. Алгачкы устатым-Петр Яломага, ата-энеме, устаттарыма терең ыраазымын. Мен үчүн Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев агай ар дайым үлгү болуп келет.

Шадыбек Сулайманов, грек-рим күрөшүнөн коло байгенин ээси:

-Күрөш менен 5 жылдан бери машыгып жүрөм. Биринчи устатым Жаныбек Тургунбаев ал азыр Жалал-Абадда. Мектепте окуйм быйыл 11-класска көчтүм. Өзүбүздүн Жалал-Абаддагы 10-мектепте. Эң негизги максатым ушул Сингапур олимпиадасын утуш эле, олимпиада болгон күч аракетимди жумшап, коло байгелүү болдум. Таймашуулар өтө курч мүнөздө болду. Мен биздин балбандардан маркум Раатбек Санатбаев агайыбыздай болсом дейм.

Болотбек Токтогонов, Дзю-до күрөшү боюнча коло байгенин ээси:

-Кыргызстандыктар жана президент Роза Отунбаева бизге ишеним артып жаткандан кийин, аракет кыладык. Менин даярдыгым дурус эле. Кыргызстандын туусун бийик көтөрүүгө болгон аракет, күч-кубатымды жумшадым. Бирок атаандаштарым дагы абдан күчтүү спортчулар болгондуктан коло медаль утуп алууга жетишип, Кыргыз туусун обого бийик көтөрдүм.

Байгелүү орундарга жеткен кыргызстандык спортчулар үчүн өлкөнүн күрөш федерациясы, Улуттук олимпиада комитети 29-августта Бишкек шаарында жеңиш салтанатынын урматына автокербен уюштурушту.

Сингапурда эки жүз төрт өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 531 жаш олимпиадачы спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып, достук байланышта болушту.

Экинчи жаштар олимпиадасынын эстафетасын Кытайдын Нанкин шаары алып, 2014-жылы өткөрмөк болушту.

Жаштардын арасындагы биринчи кышкы олимпиада оюндары 2012-жылы Австрия өлкөсүнүн Инсбрук шаарында 13-январдан 22-январга чейин өткөрүлөт.