Сингапурда эки кыргыз балбан финалга чыкты

Сингапурда өтүп жаткан биринчи жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык эки балбан финалга чыгышты.
14-августта Сингапурдагы жаштар олимпиадасынын ачылыш аземине кыргызстандык сегиз жаш олимпиадачы жана алардын алты устаты катышты. Өлкөнүн олимпиадалык командасын олимпиадалык баштоочу Саламат Эргешов алып чыкты.

Шадыбек Сулайманов
Аматов Урмат
15-августта Сингапурда биринчи таймашуулар башталды. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар олимпиадасына катышып жаткан эки кыргызстандык балбан Урмат Аматов менен Шадыбек Сулайманов бир алтын медалга, экинчиси коло байгеге талапкер болуп, атаандаштарын утуп, финалга чыгышты.

Жазында Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен телефон аркылуу байланышканда, ал Сингапурдагы балбандардын таймашуулары тууралуу мындай деди:

-58 кг салмакта Азия чемпиону Урмат Аматов биринчи беттешүүдө венгриялык атаандашын бир мүнөткө жеткирбей жеңип, далысын килемге таза тийгизди. Экиничи атаандашы намибиялык жаш балбанды дагы арбын упай менен утуп, финалга чыкты. Урмат I жаштар олимпиада оюндарынын чемпиондугу, алтын медаль үчүн украиналык жигит менен финалда беттешет.
Ал эми Шадыбек Сулайманов биринчи беттешүүдө Азия чемпиону, өзбекстандык атаандашына аз упай менен жеңилип калды. Бирок экинчи таймашууда алжирдик атаандашын утуп алды. Үчүнчү айлампада анын атаандашы норвегиялык жигит болуп, аны дагы Шадыбек жеңип, коло байге үчүн жолу ачылды. Сингапурга барган эки балбаныбыз тең финалга чыкты. Урмат- алтын медаль үчүн күрөшөт, Шадыбек болсо коло байге үчүн килемге чыгат.

Сингапурдагы биринчи жаштар олимпиадасына бараткан жаш кыргыз спортчуларын президент Р. Отунбаева кабыл алып, ак жол каалаган
Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачылардын ысымдарын атап кетели Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Шадыбек Сулайманов жана Урматбек Аматов, боксчу Исломжан Далибаев, спорттук азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышып жатышат.

Кыргыз өкмөтү Сингапурдан жаштар олимпиадасында алтын медаль утуп, биринчи орунду ээлеп келген спортчуга 10 миң АКШ долларынан сыйлык белгилеген эле. Экинчи орун үчүн 7 миң доллар берилмек болсо, байгелүү үчүнчү орунга да 5 миң АКШ доллары берилет.

Президент Роза Отунбаева эгерде жаштар Сингапурдан жеңиш менен келишсе, мындан сырткары дагы баалуу сыйлыктар берилээрин убада кылган эле.

Сингапурда олимпиадалык таймашуулар 15-авугустта башталды. Мөрөй талашуулар 26-августка чейин созулат.

Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун жаш атлетчилер катышууда. Мелдештер спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча өткөрүлүп жатат.