Түркия өлкөсүнүн Анкара шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты өтүп, элүүдөн ашуун мамлекеттин балбандары күч сынашты. Анда грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын намысын алты балбан коргоду. Алардын катарында былтыр уландар арасында 50 кг. салмакта дүйнө чемпиону болгон Калыбек Жолчубеков быйыл 55 кг. салмакта мөрөй талашты.
Натыйжада биринчи беттешүүдө румыниялык Лауренти Макарейди утуп, чейрек финалда грузиялык Кемал Харабадзени да Калыбек артыкчылык менен жеңип алды. Андан кийин Калыбек Жолчубеков жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда аз упай менен азербайжандык атаандашы Орхан Ахмадовго алдырып койду.
Ошондой болсо дагы намыска бекем Калыбек Жолчубеков үчүнчү орун үчүн күрөштө казакстандык Мади Зарболовду жеңип алуу менен дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду.
Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Анкарадагы дүйнөлүк биринчиликте кыргызстандык калган беш балбан дагы тажрыйба топтоп келишти.
- Оор салмакта Мурат Романов, 74 кг. салмакта Темирлан Салабат уулу жана орто салмакта Алексей Ялома биздин ишеничти актай алышпады. Жеңил салмакта дүйнөлүк таймашууга биринчи ирет барган Хасан Сулайманов эки атаандашын утуп, бешинчи орунга илинди.
Мурда уландар арасында Уран Калилов, Канат Бегалиев, Калыбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев дүйнө чемпиону болуп, өлкөнү тааныткан.
Ал эми кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Анкарадагы дүйнөлүк таймашуусуна Кыргызстандан жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Махриницо Нурматова менен 55 кг. салмакта Анара Эстебесова күч сынашты. Тилекке каршы экөө тең алгачкы күч сынашууларда эле орусиялык жана түштүк кореялык атаандаштарына утулуп калуу менен мелдештен чыгып калышты.
Ал эми кечээ кечинде Анкарада жаштар арасында эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык алты балбан мөрөй талашууга чыгып, күч сынашты.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, эркин күрөш боюнча балбандардан дагы үмүт кылып, байгелүү орундарга ээ болушат деген ишенич бар. Тилекке каршы эркин күрөштөн алатоолук алты балбандын бирөө дагы байгелүү орунга илинбей калды.
-Эркин күрөштөн жеңил салмакта Тимур Жуманазаров, 55 кг. салмакта Сатумкулов, 60 кг. салмакта Бекзат Дөңбаев, 66 кг. салмакта Азат Дөңбаев, 74 кг. салмакта Ильгиз Жакыпбеков жана 84 кг. салмактагы Могамед Далаевден үмүт кылып, байгелүү орундарды ээлейт деп ишенип тураган элек. Бирок балбандар үмүттү актай алышпады. Кыздардан былтыр Азия биринчилигинде коло байгелүү болгон Махриницо Нурматова да ийгилик жарата албады.
Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпиондугун кыргызстандык Сүймөнкул Табылды уулу жана Могамед Будунов уткан. Кыргыз балбандарынан Ильяс Өзүмбеков, Уларбек Тууганбай уулу, Самат Толубаев, Мирлан Молдалиев Азия чемпионаттарында күмүш байгелүү болушкан.
Ал эми уландар арасында Турарбек уулу Нурлан, Ноорузбек Белеков, Алмаз Эргешов, Азат Дөңбаев жана башка жаш балбандар Азия биринчилигинде коло байгелүү болуп, мөрөй алышкан. Уландар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Улан Надырбек уулу гана жеңип алган.
Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын ардактуу президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Абилдаевдин пикиринде, Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев мөрөй алып, күмүш жана коло байге уткандан кийин өлкөдөгү жаштардын көбү күрөшкө дилгир болушуп, таланттуу жаш балбандар жетилип келатат.
- Ошондуктан алардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл. Келечекте Канат менен Русландын ордун басып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу жаштар арбын.
Ошондой эле бул күндөрү Жапониянын борбору Токиодо сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары өтүүдө. Кыргызстандын намысын алты суучул жигит коргоп жатышат.
Сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү 14-августта аныкталат.
Анкарадагы жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбандарынан Калыбек Жолчубеков коло байгелүү болду.