Кыргызстанда спорт федерацияларына министрлер,чиновниктер президент болуп келет. Маселен, башкы прокурор Э.Сатыбалдиев жакында эле волейбол федерациясына президент болду. Өлкө башчысынын уулдары, инилери да федерацияларга президент.
Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону спорт федерациялар президенттерин бир нече ирет жаңыртканга үлгүрдү.
Бокс федерациясын эле мисалга алып көрөлү. Алгач Апас Жумагулов премьер-министр болуп турганда ушул федерациянын башында турган.
Андан кийин өлкөнүн бокс федерациясын маркум Медет Садыркулов жетектеген. Биринчи май районунун мурдакы акими Октябрь Мусулманкулов да ушул бокс федерациясына президент болгон.
Өлкөнүн дене тарбия, спорт боюнча комитетинин төрагасынын мурдакы орун басары Үмбөт Кадыралиев дагы бокс федерациясына жетекчи болуп туруп, бул федерация башына экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди алып келген.
Айдар Акаев боксчуларга жардам берүүнүн ордуна бул кызматты Улуттук олимпиада комитетинин президентигине баруу үчүн тепкич катары гана пайдаланган.
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Айдар Акаев ата-энеси менен Москвага кеткенде өлкөнүн бокс федерациясына ичи иштер министринин мурдагы орун басары, учурдагы Нарын губернатору Өмүрбек Субаналиев президент болуп шайланган.
Ал дагы бул спорттун жүгүн тарта албагандыктан ошол учурда Жогорку Кенештин депутаты, учурдагы чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевге ишеним артылып, бокс федерациясына президент болгон.
Ал колдон келген жардамын боксчуларга берүүгө аракет кылды. Бирок кыргызстандык боксчулар эл аралык аренада көрүнүктүү ийгилик жарата алган жок.
Учурда бокс федерациясын бир жылдан бери бокс ардагери, СССР спортунун чебери, өлкөнүн транспорт прокурору Абдубакыт Халмурзаев жетектеп келүүдө. Он жети жылда 8 ирет президенттин жаңырткан бокс федерациясынын учкай баяны мына ушундай.
Ал эми өлкөдөгү башка спорт федерацияларына бир нече ирет министрлер, чиновниктер “шапке” сыяктуу жетекчи болгонун айта берсе узун сабак аңгеме болоор...
Ошондой эле жакында эле бир топ федерациялар жаңы жетекчилүү болушту.
Оор атлетика федерациясына бажы комитетинин мурдагы жетекчиси Салайдин Айдаров президент болгону менен балбандарга алгылыктуу жардам бере албады. Акыры оор атлетчилер - салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековду көндүрүп, эл намысын коргоп жүргөн чоюн билек балбандарга колдоо көрсөтүп, жардам берем деген ишеним менен федерацияга президент кылып шайлашты.
Бул федерацияга учурунда экс-министрТемирбек Акматалиев да президент болгон. Оор атлетика боюнча олимпиада, дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев да ушул федерациянын түйшүгүн аркалай албай, акыры чиновниктерге жол бошотууга аргасыз болгон.
Ошондой эле өлкөнүн социалдык фондунун төрайымы Тажикан Калимбетова да спорттук жана көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланды.
Бул федерацияны Өкмөтбек Алмакүчүков жетектеп, кыз-келиндер көйгөйүн чече албай койгон эле.
Жакында эле өлкөнүн волейбол федерациясын көп жылдар жетектеген экс-депутат, волейбол боюнча спорт чебери Камчыбек Жолдошбаевдин ордуна башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев президент болуп шайланды.
Өлкөнүн футбол федерациясын көп жылдар жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевди быйыл кызматтан алып түшүп, анын оруна өлкөнүн сот департаментинин жетекчиси Айбек Алыбаев футбол федерациясына президент болуп шайланды. Мындай мисалдарды айта берсе тизме улана берет.
Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Кадыр Эргешовдун пикиринде, чиновниктердин көбү спорт тармагын колго алып, бир федерациянын жүгүн көтөрүп, жардам берели дегени деле жакшы жөрөлгө.
- Мындай демилгелер болбосо, спорт агенттиги же федерация өз алдынча спортчуларга шарт түзүүгө чама-чаркы деле жетпейт. Өкмөт мүчөлөрүнүн жардамы менен спортту көтүрүү керек.
Ал эми Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында, өлкөдө министрлер, жетекчилер тез-тез алмашкандыктан федерациялардын президенти катары ишин толук кандуу алып барбай, ишеним акталбай калып жатат.
Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин пикиринде, спорт федерацияларын жүгүн тартып, спортчуларга жардам берип, каражат табуу оңой иш эмес.
-Федерацияларга президент болуу өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү иш. Спортчуларга каражат таап жардам берип, шарт түзүү зарыл. Эл аралык федерациялар менен тыгыз байланышта иштеп, мүчөлүк акыларды дагы төлөш керек. Бардык маселе-каражатка барып такалат. Спортчулар каражат жагынан кыйналгандыктан аргасыз чиновниктерге күнү түшүп, көзүн карап жатпайбы?!
Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, жаңы шайлаган жетекчилерге мөөнөт берип, кыргыз спортун эл аралык аренага таанытууга мүмкүнчүлүк бериш керек.
Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин эки уулу, бир туугандары, жакшы санаалаштары бир нече спорт федерацияларына президент болуп саналат.
Маселен, улуу уулу Марат Бакиев өлкөнүн дзю-до жана ок атуу федерацияларын жетектесе, кичүү уулу Максим Бакиев –жалпы күрөш федерациясынын президенти.
Иниси Адыл Бакиев-каратэ-до федерациясын башкарат.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өлкөнүн таэквондо федерациясынын ардактуу президенти.
Президенттин чарбалык- иш башкаруу башчысы Курманбек Темирбеков өлкөнүн бильярд федерациясын жетектейт.
Экономика министри Акылбек Жапаров бир топ жылдан бери шахмат федерациясынын башында турганы менен шахматчылар жакшы, толук кандуу жардам алалбаганына нааразы болуп жүрүшөт.
Ошондой эле эл аралык шахмат федерациясына Кыргызстан мүчөлүк акысын учурунда төлөбөгөндүктөн Ташкенттеги аймактык мелдешке кыргызстандыктарды катыштырбай тургандыгы тууралуу кат келген. Май айында Филиппин өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатына да каражат жоктугунан шахматчылар катышпай калышты.