Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” мыйзамга жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирүүдө. Алар бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жеке мүлктөрдү тартып алууга Куралдуу Күчтөргө жол ачылат деген кооптонууларын айтышууда.
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” мыйзамдын 18-беренеси Конституцияга карама-каршы келип, атуулдардын жеке менчикке болгон укугун чектей тургандыгын “Атуулдук коом коррупцияга каршы уюмунун” жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, тынч мезгилде жарандардын мүлкүн, автоунааларын аскерлер тарабынан пайдалануусу жаңжалдарга, соттук териштирүүлөргө алып келип, коомчулукта Коргоо министрлигине ишенбөөчүлүк жаратат.
-Куралуу Күчтөрдүн ушундай позициясын биз түшүнө албай турабыз. Эгерде бюджетте каражат жетпей атса ачык эле айтышса болмок, “Бюджетте акча жетишпей жатат, ошон үчүн элдердин жеке мүлкүн алган атабыз”,-деп. Ошон үчүн 1941-жылдын алдындагыдай болуп жатат да.”Мобилизация. Эмне мүлкүңөр болсо алып келгиле. Анткени коргонуш керек”,-деп. Бул эмне деген саясат? Буга коомчулук абдан тынчсызданып жатат деп айтып атабыз. Бул баскынчылык (рейдерлик) саясат. Анткени ар бир адамдын жеке мүлкү ыйык, ага эч ким кол суна албайт, -деди Төлөйкан Исмаилова.
Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат Алишер Мамасалиевдин парламент отурумунда аталган мыйзамдын 18-беренесине кошумча жана толуктоо киргизүү сунушу “суу кечкен” жок.
Депутат КМШ мамлекеттеринин “Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө ” мыйзамдары менен тыкат таанышып чыкканын, Орусия жана Казакстанда дагы ушундай мыйзамдар бар экенин, бирок жогорудай беренеде көрсөтүлгөндөй атуулдардын мүлкүн жана автоунааларын колдонуу “Аскерий абал” же “Өзгөчө кырдаалдар” киргизилгенде гана күчкө кирерин айтты.
-Эгерде ушул беренени, ушул редакция боюнча калтырсак. Коргоо министрлигинин өкүлдөрү каалаган учурда эгерде авто унаа керек болсо алып алышат да. Ошол беренеде транспорттон сырткары имарат, курулуш жана башка адамдардын жеке мүлкү дагы киргизилип жазылган. Анан мен айттым,бул Конституцияга туура келбейт. Баш мыйзамдын 14-беренесинде жазылган “Турак жай кол тийгис. Бир гана кожоюндун макулдугу менен”,-деп жазылган дедим. Бирок көпчүлүк депутаттар колдоп кабыл алып коюшту. Менин оюмча эми президенттин администрациясында дагы бул мыйзамды шашылбай жакшылап карайт деген үмүтүм бар, -деди депутат Алишер Мамасалиев.
“Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө ” мыйзамдын 18-беренесинин 3-пунктунда “Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгиленген тартипте кийин компенсациялоо менен мамлекеттик органдардын талабы боюнча Улуттук коопсуздукту коргонууну камсыз кылуу макстында имараттарды, курулуштарды, транспорт каражаттарын жана өздөрүнүн менчигинде болгон башка мүлктөрдү беришет”,-деп көрсөтүлгөн.
Коргоо министри Бактыбек Калыев болсо аталган мыйзам Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган негизги мыйзам экендигин, анда мамлекеттик органдардын юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги менен ыйгарым укуктары так аныкталгандыгын белгиледи.
-Бул атайын катталган техникаларды колдонууга команда болгондо гана алуу каралган. Улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыз кыла турган ар бир техника аскер комиссариаттарында катталат.Ошол техника каттоодон өткөндөн кийин техникалык паспорттун артында атайын чапталган талон болот. Ошол талон чапталган транспорттор гана алынат.
Коргоо министри аталган мыйзамдагы 18-беренени айрым журналисттер менен атуулдук коомдун өкүлдөрү өздөрү жакшы түшүнүшпөй, коомчулукка туура эмес маалымат тартып жатышканын кошумчалады.
Ал эми “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму бул мыйзам боюнча билдирүү таратып, анда мыйзамдын айрым жоболору Конституция тараптан кепилденген менчиктин кол тийбестиги жөнүндө укукту бузаары белгиленип, мамлекет Куралдуу Күчтөрдү тийиштүү жабдуулар менен камсыз кыла албай, аны салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөөсү - бул басып алуучулукту мыйзамдаштыруу, деп атады.
“Коргоо жана Кыргыз республикасынын куралдуу күчтөрү жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин көпчүлүгүн тзгөн “Ак жол” фракциясы тарабынан жактырылып 69 добуш менен кабыл алынды.