Кыргызстан: 12-июндагы кырдаал

Ошто коменданттык саатка карабастан атышуулар жана адам курмандыктары токтой элек. Тополоңдо каза тапкандардын саны улам көбөйүүдө. Шаарда көп үйлөргө өрт коюлду. Окуу жайлар ишин токтотту, базарлар, дүкөндөр жабык.Кыргыз өкмөтү Оштогу курчуган кырдаалды жөнгө салуу үчүн Орусиядан аскердик жардам сурарын билдирди.

22:30 Саламаттык сактоо министрлигинин 22:30 дагы маалыматы боюнча Ош областында жабыркагандар – 974, анын ичинен 71 адам каза тапты. 557 адам ооруканада. Жалал-Абадда 50 адам жабыркап, алтоо кайтыш болду. Жалпысынан түштүктө 11-12-июнда каза тапкандар 77 адам болду. Жабыркагандар - 1024

21:30
Жалал-Абад шаарынын ар кайсы аймагында атышуулар болуп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө. Айрым кабарларга караганда, уюшкан күчтөр аскер бөлүгүн жана МАИ постун ээлеп алып, куралданып, БТР айдап чыгышты. К. Батыров атындагы Элдердин достугу университетинин имаратынан өрт чыгып жатат.

20:30
Саламаттык сактоо министрлигинин штабы билдирген соңку маалымат боюнча түштүк облустарындагы кагылышуулардан каза тапкандар 75 адам болду. Ош областында тополоң окуядан 945 адам акат алып, анын 69 каза тапты. 532 адам ооруканада, 444 адам амбулатордук жардам алышты. Жалал-Абад областындагы кагылышуулардан 32 адам жабыркап, анын алтоо көз жумду.

20:18
Убактылуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча орун басары Эльмира Ибраимова тополоң окуяда жабыркагандарга гуманитардык, медициналык жардам көрсөтүү, азык-түлүк менен камсыз кылуу жана социалдык мекемелердин ишин координациялоо үчүн Ошко учуп жатканын Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

19:56 Убактылуу өкмөтүн төрайымы Роза Отунбаеванын Буйругу менен Байболов Кубатбек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

19:30 Ошко Бишкектен атайын даярдыктагы 300 аскер келип түштү.

19:00 Саламаттык сактоо министрлигинин штабы билдирген соңку маалымат боюнча кечки саат 18:30 га карата тополоң окуядан 908 адам жабыркап, анын 65 каза тапты. Беш жүздөн ашык адам ооруканада.

18:46 Убактылуу өкмөт Кыргызстандын бардык аймагында ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүү жөнүндө Декрет чыгарды.

18:40 Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна коменданттык саат киргизилди.

18:35
Ош областында тополоңдон каза тапкандардын саны 63 кө жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын соңку маалыматы боюнча Оштогу тополоң окуядан жаракат алгандар 835, алардын ичинен каза тапканы 63, ооруканада жатканы – 431. Жаракат алгандарга жардам көрсөтүп жатканда тез жардам кызматынын кызматкерлери дагы сабалып жабыр тартышты.

18:33
Ошто жүргөн акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыкка" Оштогу кырдаалды кыйын деп мүнөздөдү. Т. Акун мурдаарак өзүн мекенчилмин деген саясатчы, мурдагы депутат, укук коргоочу, коомдук ишмерлерди жыйнап, Ошто тирешип жаткан эки топтун өкүлдөрүн тегерек үстөлгө чогулуп, дипломатиялык жолду пайдалануу демилгеси менен чыгып жатат.

18:20 ИИМ академиясынын, ички иштер аскерлеринин, Нарын жана Таластын милиция башкармалыктарынын кызматкерлеринен түзүлгөн отряд Ошко төрт учак менен жеткирилди.

18:15
Ош шаарында кыргыз качкындардын тобу пайда болгонун Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикиров “Азаттыкка” билдирди. Алар Оштун өзбек улуту жыш жайгашкан аймактарында жашаган кыргыздар. Маалыматка караганда, алардын көбүнүн үйлөрү талкаланып, өрттөлгөн. 11-июнда 150 качкын кыргыздар тууган-уруктарына жана коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Бүгүн да жүзгө чукул качкын облусттук администрация имаратына жайгыштырылды, бирок аларды багуу чоң түйшүктү жаратууда.

18:12
Убактылуу өкмөт Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча элдик кошуундарды уюштуруу маселесин талкуулады. Декретке ылайык, элдик ыктыярдуу кошуундар өздөрүнүн ишин укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүүгө тийиш. Элдик кошуундарды курамы ар улуттан курулууга тийиш. Анын катарына 18 ге толгон, мурда соттолбогон Кыргызстандын жарандары кабыл алынат.

17:37
Таластыктар Ошко гумжардам жөнөтүштү. Атайын демилгечи топтун жардамы менен үч КамАз унаасы менен азык-түлүк продуктулары, ун, макарон, кум шекерден турган гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

17:11 Оштогу тополоңдон улам Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү Европа Биримдигине, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу менен чыгышты. Алар Убактылуу өкмөт кырдаалды жөнгө сала албай калганын белгилешип, аталган уюмдарды жардам берүүгө чакырышты. Жарандык коомдун өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн топтолгон адамдар Кыргызстанды көздөй келе жатат деген маалымат бар экенин айтышууда. «Бул окуяга өз мандатыңардын алкагында чукул арада жардам берүүлөрүн суранабыз», - деп жазылат билдирүүдө.

17:01
Оштогу баткендик студенттерге жардам берилүүдө. "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын билдирүүсү боюнча, облус жетекчилигине 400дөн ашуун ата-эне кайрылган. Алар Ош шаарында окуган балдарын алып келүүгө жардам сурашкан. Облустук администрациянын басма сөз кызматы Оштогу студенттерди алып келүүгө 15 кичи автобус жиберилгенин билдирди. Ушул тапта 100гө чукул студент Баткенге алынып келди.

15:23 Кыргыз-өзбек чек арасынан Өзбекстанга коридор ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков кабарлады. Анын айтымында, Ош шаарына жакын жайгашкан "Ак-Буура" бекетинин оң жана сол тарабындагы өтүүчү жерлерден өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандары коопсуздугуна байланыштуу Өзбекстанга өткөрүлүп жатат.

15:18 Ошто каза болгондордун саны 62ге чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Соңку маалыматка караганда, Оштогу ооруканаларга 790 адам кайрылып, 403 ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. Каза болгондор 70 жаштан ылдыйкы курактагылар экени айтылууда.

14:39 Кыргыз өкмөтү Орусиядан жардам сурап кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алды. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштогу кырдаал жөнүндө расмий билдирүү жасап, Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Орусиядан жардам сурап кайрылганын жарыя кылды.

12:50 Оштогу тополоңду басуу үчүн колдо болгон бардык чаралар көрүлүп жатканын Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришти. Ош шаарынын четиндеги Шейит-Дөбө айылында бир милиция кызматкеринин каза болгондугу тууралуу маалымат такталып жатканы айтылды.


12:42 Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, каза болгондордун саны азыр 51 адамга жетти. Ал эми жарадар болгондордун саны 695, алардын 326сы ооруканага жаткырылды.

12:39 Ош обусунун губернаторунун милдетин аткаруучу С.Жээнбеков Ошто абал дээрлик турукташып калды деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Араван районунун айрым жерлеринде топтошкон адамдар улут-улут болуп бөлүнүп, тирешкенге чейин барып, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилди. Ошондой эле Ош шаарынын кире беришиндеги Фуркат айылында кечээтен бери турган Алай районунун жүздөгөн тургундарын артка кайтаруу аракети көрүлүүдө.

12:32 Мудагы премьер-министр, партия лидери Феликс Кулов Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү чукул арада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Бириккен Улуттар уюмуна кайрылып, тынчтык күчтөрүн киргизүүнү сураныш керектигин белгиледи Ал аталган уюмдун келишиминде буга байланыштуу берене да бар экенин айтат.

11:27 Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров улуттук биринчи каналдан чыгып сүйлөп, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкерлерин, ооганчы аскерлерди Оштогу кырдаалды турукташтырууга биргелешип иштешүүгө чакырды.

11:15 ЕККУнун Кыргызстандагы абалга карата билдирүүсү жарыяланды. Азыр аталган уюмга төрагалык кылып жаткан Канат Саудабаев адам курмандыгына алып келген Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан башаламандыкка тынчсыздануусун билдирип, баардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана көйгөйлөрдү диалог, өз ара түшүнүшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

11:11 Ошто каза болгондордун саны 50гө жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 663 адам жаарат алып, 429у ооруканага жаткырылган.

11:01 Акыйкатчы Турсунбек Акун Ошко аттанып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзүн мекенчилмин деген саясатчы, мурдагы дептутат, укук коргоочу, коомдук ишмерлердин баары оштогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн учуп кетиши керек.

09:55 Ошто Геологдор шаарчасында атышуу болуп жатканы жөнүндө кабар келди. Аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев шаар башчынын биринчи орун басары Тимур Камчыбековго таянып кабарлашынча, учурда Геологдор шаарчасында атышуу болуп жатат. Маалыматка караганда, номуру жок унаа минип, бет кап кийген белгисиз адамдар шаардын ар кайсы бурчуна барып ок чыгарып, бүлүк салуу менен элди бири-бирине кайраштырууда.

09:34 Саламаттык сактоо министрлигинин штабы: Ошто тополоңдо өлгөндөрдүн саны 49га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабы билдирди. Тополоңдо жарадар болгондордун саны 650дөн ашты. Аталган министрлик Ошко баш-аягы 7 миң тонна дары-дармек жөнөткөнү жатат.

09:27 Ошто Макаренко мектебинин жанында жардыруу болду. Жардыруу болгон жерге күч органдарынын атайын тобу жөнөп кетти, жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат түшө элек. Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Тимур Камчыбеков “Азаттыкка” Ош шаарында кырдаал оор бойдон калып жатканын кабарлады. Анын айтымында, ок атышуу токтой элек. Айрым жерлерде талап-тономой башталды.

08:21 Өзбекстан менен болгон чек ара бекеттеринде кырдаал түн ичинде тынч болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Ч. Турусбеков билдирди.

07:45 Бишкекте түнкү тополоңдон жаракат алган 26 адам ооруканага жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабы билдирди. Түнкү тополоңдордо жарадар болгондордун көпчүлүгүнүн мээси чайкалып, кабыргалары сынган. Алардын баары Улуттук госпиталь менен Травматология жана ортопедиа илимий борборуна жеткирилди.

07:35 Ош тополоңунда жаракат алган 40-50дөй адамдын абалы оор экенин “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэринин орун басары Тимур Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, кээ бир куралчан адамдар кырдаал жөнгө салына баштаганда, кайрадан ок чыгарганга аракет кылышууда. Укук коргоо органдары ок чыгарган адамдары кармоого аракеттенгенде, алар айыл аралап из жайгарып кетишти.

07:27 Өзгөн шаары, Кара-Суу жана Араван райондорунда түн тынч өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусттук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдылда Капаров билдирди. Анын айтымында, аймакты түнү менен милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар күзөтүп чыкты. Талап-тоноо, атышуу жана киши өлтүрүү боюнча бир да факты катталган жок. Кечээ Араван районун айрым жерлеринде жаатташкан топтор топтолуп, тирешкен тараптар сүйлөшүү аркылуу таркатылган болчу.

06:35 Оштогу тополоңдо 46 адам каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин штабынан билдиришти. Маалыматка караганда жаракат алгандардын саны 632 адам, алардын 400дөн ашууну ооруканага жаткырылган. Араван, Өзгөн, Ноокат райондорунан жаракат алган үчтөн, төрттөн адам катталган. Бишкекте да түндө ар кандай себептер менен жаракат алган жыйырмадан ашуун адам тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

06:48 Бишкекте түн ичинде бирин-экин талап-тоноочулук фактылары катталды. “Патриот” элдик кошуунунун өкүлдөрү “Азаттыкка” түндө Бишкекте бирин-экин морадерлук фактылары катталганын, талап-тоногусу келген үч-төрт адамды кармап милиция өткөрүп беришкенин кабарлашты.