Бишкекте 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызмат көрсөткөн бир катар министрликтер менен мекемелердин жетекчилерин сынга алды.
Жыйында өлкөнү санариптик жактан өнүктүрүү, жарандарга кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү маселеси талкууланды жана 2019-2023-жылдарга белгиленген концепция тууралуу маалымат берилди.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланды.
Ал өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге министр Жамшитбек Калиловду кызматынан убактылуу четтеттүүнү тапшырды:
- “500 миң доллар пара алат” деп дүйнөгө шерменде болдук. Өкмөт мүчөлөрү, премьер-министр! Калилов, ордуңуздан туруңуз. Мен болгондо арыз жазып, тергөө бүткүчө убактылуу иштен четтеп турмакмын. Жок дегенде “четтеп турайын” деп да арыз жазбайсың! Урматтуу премьер-министр, 500 миң доллар пара боюнча талкуу болуп жатат. Мына, мен аймактарды кыдырып жүргөндө майып балдардын ата-энелери оору бакканы үчүн иштей албай жатканын айтып, "бизге айлык төлөп бергилечи" деп суранышчу. Ушул маселе кечээ чечилди. Азыр алар жарыбаган акчага сүйүнүп жатышат. 500 миң доллар эмне деген пара? Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек. Урматтуу премьер-министр, министрди убактылуу иштен четтетип туруңуз. Азыр ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында отурат. Бул эмне деген шермендечилик?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жыйында электрондук өкмөт, санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү, жарандардын түйшүгүн жеңилдетүү боюнча бир катар аткаминерлер президенттен тил укту.
Маселен, Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге коррупциялык схемалар боюнча дооматын айтты:
- Мен “Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочуларды каттоо департаментинде "бирдиктүү терезе" ачкыла, эл ошол жерде кезекте турбасын, кызмат көрсөтүү автоматташтырылсын” деп айткам. Ошону жасабай коюшту. Ал жерде ар кандай схемалар бар. Кечээ Бишкекте департаменттин башчысынын кармалганын көрдүңөр да. Кечке иш кылбайт, ошол схемадан түшкөн акчаны топтоп коюп отурат. Ал буга жетекчилер, укук коргоо органдары аралаш майынча муну өзү жалгыз кыла албайт. “Ошол схеманы жок кыл” десең, "эртең, бүрсүгүнү" деп жылдар өтүп жатат. Ушуга чейин жетип калышты. Мамлекеттик каттоо кызматында каражат, шарт, бардык мүмкүнчүлүк бар. Силер ошол схемаларды мыйзамсыз акча тапканы үчүн кармап турасыңар. УКМК департаменттин башчысын 2-ноябрда кармады, силер болсо аны кечээ гана иштен алып жатасыңар. Ыкчам чара көрүлүшү керек да! Ким колго түшсө, ага жетекчилери жооп бериши керек, алар эмнеге жооп бербеши керек? Тартип болушу керек. Алина Кабылбековна, сизге кыска убакыт берилет. Баарын билесиңер, көрүп турасыңар, бирок жасабай жатасыңар. Космосбек Сариевич, бул системаны тездетип киргизүүнүн ордуна силер эң артта калыпсыңар. Саламаттык сактоо тармагына эл нааразы болуп жатат. Мамлекеттик ооруканалар менен менчик ооруканаларды салыштырып жатышат. Бул жерде реформа болушу керек. Өткөндө баштадыңар, Бишкек боюнча туура кылдыңар, мен кыскартууну колдойм. Бирок менчик ооруканалардай эле мамлекеттик ооруканаларда да акча жүгүрүп жатат да? Менчик жайларда акча кассага түшсө, мамлекеттик ооруканаларда ошол жердегилердин чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Муну легалдаштырыш керек да! Муну легалдаштырсак, электрондоштурууну киргизсек ошол акча өзү эле чыгат, мамлекеттен көп каражат кетпейт. Жарандар ооруканага киргенден чыкканга чейин төлөйт. Бирок акча кассага түшпөйт, баары коррупцияга баткан. Сиз “жаңы келдим” деп эле отура бербеңиз, биз эми жаңы-эски экениңерге карабайбыз, мөөнөт чектейбиз, ошол убакыт аралыгында ишти аткаргыла. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунда электрондоштуруу боюнча эң чоң мүмкүнчүлүк, каражат бар. Алар атайылап кылбай жатышат.
Президенттин каарына Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров да кабылды.
Сооронбай Жээнбеков жарандарга кызмат көрсөткөн мекемелер менен министрликтер керек болсо түштөнбөстөн иштеши зарыл деген пикирин билдирди:
Кээ бир жерге барсаң жаап коюп, тойго кетип калышат, кээ бир жерде эки саат түштөнүшөт. Айрыкча облустарда, райондордо ошондой болуп жатат.
- Абдыкадыров, иштегениңе алты ай болдубу? Жылыш жок! Мен баарын тең байкап турам. Мурда кандай болсо, ошол боюнча жылыш жок. Сага караганда мурун кичине жылыш болгон. Дагы эле баягы схема. Эмнеге "бирдиктүү терезе" түзбөйсүңөр, жарандар өздөрүнө керектүү нерселерди бир жерден алып кетпейт? “Кагаздарга кол коюп берип койгула” деп артыңардан ээрчип жүрөт. Мына, жылдын жыйынтыгы менен силерге да келебиз, силерден да сурайбыз. Мына, 27 мамлекеттик орган 126 ар кандай маалымдама берет, ал эми 23 мамлекеттик орган болсо 168 маалымдама сурайт. Эгер бул кагаздарды бербесе такыр иш жүрбөйт, кызмат көрсөтүлбөйт. Кээде таптакыр эле кереги жок кагаз алыш үчүн керелден кечке кезекте турат, чуркап жүрүшөт. Канча убактысы, канча нерви кетип жатат? Төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейин маалымдама сурап жатышпайбы? Эмне үчүн мамлекеттик органдар элди ара-бери чуркатпай, "Түндүк" долбооруна кирип, башка мамлекеттик органдардан өзүнө керектүү маалыматтарды өздөрү ала албайт? "Өлдү" деген маалымдама алыш үчүн да кезекте турат! Мамлекеттик органдар керек болсо түштөнүү учурунда да элге кызмат кылышы керек. Ал силердин милдетиңер! Ошон үчүн айлык алып, бала-чакаңарды багып отурасыңар. Кээ бир жерге барсаң жаап коюп, тойго кетип калышат, кээ бир жерде эки саат түштөнүшөт. Айрыкча облустарда, райондордо ошондой болуп жатат. Кээ бир министрлер, жетекчилер, келген элди кабыл албайсыңар. Мына, мага каттар келип жатат, мага келген каттар үч эсе көбөйдү.
Жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунда “Бирдиктүү терезе” системасына өткөнү үчүн алкышка татыды. Бул система эки ай мурун ишке кирген. ИИМ жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы, автоунаа, курал-жарак, жардыруучу заттар боюнча ар кандай уруксат кагаздарын берет.
"Азаттык" жеме уккан айрым жетекчилердин пикирине да кызыкты.
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров сынды моюнга алганы менен анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар экенин айтты:
- Бул жерде энергетиктер эле жалгыз эмес, техникалык шарттарынан баштап, келишим түзгөнгө чейин жети баскыч бар. “Ошол жарандар кайрылгандан баштап келишим түзгөнгө чейинки баскычтын баарын бизге бергиле, бир колдо болсун” деп сунуш киргизгенбиз. Негизи сын туура эле айтылып жатат. Бирок бул маселелер бир күндө эле жаралган эмес, бюрократия, энергетикалык чарбалардын мамилеси чаржайыт, мекемелердин бири-бири менен байланышы жок.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында санариптик өнүктүрүү боюнча концепция тууралуу президенттин кеңешчиси Дастан Догоев маалымат берди. Ал "Азаттыкка" документтин максат-маанисин учкай түшүндүрдү:
- Концепциянын эң негизги максаты - биздин жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү болобу, сатып алуу болобу, түйшүгүн жеңилдетүү, инфраструктураны жакшыртуу. Санариптик кызматты ишке киргизиш үчүн аймактарда сапаттуу Интернет байланышы болушу керек. Андан сырткары, мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташуу, бири-бирине маалымат берүү жана алуу жакшырышы зарыл. Азыр болсо жарандар бир маалыматты экинчи органга ташып жатышат.
Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, келаткан жылдын аягына чейин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 190дой түрү электрондук форматка өтүшү керек. Концепцияны ишке ашырыш үчүн өкмөткө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жол картасын кабыл алуу, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.